Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:26

Ажалга атаандашкысы келген миллиардер


DHL почта кызматы дрон менен жүк жана кат ташууну баштады. Америкалык ишмер Питер Тил дүйнөнү технологиялар аркылуу өзгөртүп, өлүмгө каршы даба ойлоп табуу миссиясына киришти.

Электр жабдыктардын "бригадири"

Нью-Йорктогу "Винк" компаниясы үй ичиндеги жарыкты өчүрүп-күйгүзгүчкө окшош, кичинекей экраны бар "Релай" деп аталган жаңы технологиялык үй жабдыгын сунуштады. "Релай" электр жарыгын өзү өчүрүп-күйгүзгөндөн сырткары, үй ичиндеги бардык электрондук жабдыктар менен байланышып, алардын бир борбордук нерв системасы сымал ролду аткара алат.

Эми адамдар эшикти бекитүү үчүн бир кнопкага чуркап, терезени жабуу үчүн башка кнопкага чуркап, үйдү салкындаткычтын пультун издеп отурушпай, баарын бир орундан жылбай эле башкара алышат.

"Бул жабдык жакын арада сатыкка чыгып, баасы 300 доллар болот деп жазды" Wired журналы.

Жасалма жумуртка жейсизби?

"Сан-Францискодогу тамак-аш технологиясы боюнча эң ийгиликтүү компаниялардын бири "Хемптон Крик"- эми күнүмдүк тамактарды лабораториядан жасап баштады. Компанияда иштеген изилдөөчүлөр өсүмдүктөрдөн алынган белокторду, майларды, витаминдерди өтө кылдаттык менен ченеп-өлчөп аралаштырып, кудум тооктукундай жумуртканы жаратышкан. Ал арзан жана ден соолук үчүн пайдалуу" деп жазды Wired журналы бул жумадагы санында.

Аталган компания өсүмдүк курамы боюнча маалыматтарды чогулткан. Азыр аларды пайдаланып, акыркы компьютердик технологиялардын жардамы менен табигый тамак-аштарды адамга зыян келтирбегидей, тескерисинче, ден соолукка пайдалуу кылып жасоонун үстүндө иштеп жатышат.

DHL почта кызматы дрон аркылуу жүк жана кат ташууну баштады.

Ушул жылы жайында Google компаниясы дрон деп аталган, учкучу жок, алыстан башкарылчу кичинекей тез учак менен Австралиядагы дыйкандарга таттууларды, малды эмдөөчү дарыларды жеткирип, бул кызматты демонстрациялаган болчу.

Эми азыр болсо Германиянын DHL деп аталган фирмасы мындан кийин дрон менен кичинекей жүк жана каттарды ташый турган кызматы такай иштерин жарыялап, бардык почта кызматын көрсөткөн компаниялардан алдыга озуп чыкты.

Бул кызмат азырынча Жуюист деп аталган, эки миңдей калкы бар немис аралына өтө зарыл дарыларды жана буюмдарды жеткирүү үчүн колдонулат.

Асмандагы учактарга тоскоол болбоо үчүн, дрон 50 метр бийиктикте учурулат. Буюмдарды таза жана сындырбай жеткирип берүү үчүн, аларды салганга DHL компаниясы атайын суу өтпөгөн жана аба ырайынын ар кандай абалына туруштук бере турган куту да жасады деп жазды The Guardian гезити.

Өлүмгө каршы күрөшкүсү келген миллиардер

"Америкалык ишмер Питер Тил дүйнөнү технологиялар аркылуу өзгөртүп, өлүмгө каршы даба ойлоп табуу миссиясына киришти" деп жазат Британиянын "Телеграф" басылмасы.

“Өлүмгө жасаган мамилесине карата үч түрдүү адамдар бар: өлүмдү кабыл алгандар, өлүмдү ойлогусу келбегендер жана өлүмгө каршы күрөшкөндөр. Мен болсо өлүмгө каршы күрөшкөндөрдүн катарындамын,”- деди Тил аталган басылмага берген маегинде.

Анын ишениминде кийинки 20 жылда рак ооруларын толук айыктыра ала турган дарылар чыгат, Альцгеймер оорусунун жакында дабасы табылат. Бирок түбөлүк жашоонун сырын табууга бир аз узагыраак убакыт талап кылынат. Ал англис геронтологу Аубри де Грейдин изилдөө борборуна жардам иретинде 6 миллион доллар берген. Грейдин айтуусунда, миң жашка чыга турган биринчи адам эчак эле төрөлүп, азыр жашап жатат.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG