Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Сүйүүдөн жараланган жүрөктүн запкысы


"Сүйүү". Асатилла Тешебаевдин сүрөтү.
"Сүйүү". Асатилла Тешебаевдин сүрөтү.

Бирмингем университетинин окумуштуулары сүйүүдөн жараланган жүрөк адамдын ден соолугуна чындыгында залака келтирээрин далилдешти.

Махабат дартынын машакаты

Британиядагы Бирмингем университетинин окумуштуулары сүйүүдөн жараланган жүрөк адамдын ден соолугуна чындыгында залака келтирээрин далилдешкенин The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Окумуштуулардын айтканына таянсак, мына ушул себептен улам жубайынын көзү өткөндөн кийин адам тез эле өзүн таштап, ал тургай жарыкчылык менен кош айтышат. Жакын адамын жоготуу организмдеги бактериялык инфекциялар менен күрөшкөн кан клеткаларына -нейтрофилдерге түз залакасын тийгизет. Жаш курактагы адамдын нейтрофилдери эмоционалдык өзгөрүүлөргө өтө сезимтал эмес. Ал эми алтымыш беш жаштан өтүп калган адамдын нейтрофилдерин коргоо функциялары абдан алсыз болуп калат. Кайгы-капа иммундук системанын башка оорулар менен, маселен рак илдетине каршы күрөшүүсүнө жолтоо болот.

Ал эми бир нече жыл мурун окумуштуулар тобу жан дүйнөнүн жабыркашы жүрөк оорусуна тете экенин далилдешкен. Атайын өткөрүлгөн төрт жылдык изилдөөнүн жыйынтыгында адистер сүйүүдөн жабыркаган жетимиштей адамды изилдешкен. Жыйынтыгында изилдөөгө катышкандардын дээрлик бардыгында тең көкүрөгүндө оору пайда болуп, дем алуудан кыйналып жаткандыгы байкалган.

Электрондук таякча тамактын сапатын аныктайт

Кадимки тамак жей турган Кытайдын таякчалары эми электрондук түрдө чыга баштады. “Байду” деп аталган кытайлык компания чыгарган бул электрондук таякчалардын жардамы менен тамак-аш канчалык коопсуз экенин анын температурасынан, жасалган маалынан өйдө аныктап алса болот. Ал тамак кандай майды кошуп даярдалганынан өйдө текшере алат. Санитардык нормаларга жооп бербеген май Кытайдагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири эмеспи. Электрондук таякчанын ичине натрийдин анализатору да орнотулган. Ал адамга күнүмдүк колдонгон туздун өлчөмүн ченеп турууга жардам берет. Бардык маалымат wi-fi же Bluetooth аркылуу компьютерге берилет.

Таякча азырынча сатыкка чыга элек жана кардардын колуна качан тийери белгисиз.

Толук кишилерди мактап гана туруш керек

Эгер толук адамдарды сындап, аны уялтуу аракети жасалса, бул арыктоого эмес, тескерисинче кайра салмак кошууга алып келет. Бул фактыны Лондондогу коллеждин окумуштуулары далилдешти.

Алар төрт жыл катары менен эксперименттин үч миңдей ыктыярдуу катышуучуларына байкоо жүргүзүшкөн, жыйынтыгында ашыкча салмагы үчүн улам жеме уга бергендер дагы толуп кетишкен, ал эми мындай сөздөрдү укпагандардын салмагында өзгөрүү болгон эмес.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ашыкча салмагы үчүн улам жагымсыз сөздөрдү уга берген адамдар сарсанаа болуп, андан нерв клеткалары жабыркайт. Андан соң өз маанайын көтөрүш үчүн тамакты көп жей башташат. Мындан улам окумуштуулар толук адамдарды колдоп, аларга сын айтпай, тескерсинче мактап турган оң деп кеңеш беришет.

Жаңы смартфонго талап күч

Apple компаниясы жаңы iPhone 6 жана iPhone 6 Plus смартфондоруна он-лайн заказдарды кабыл ала баштады. Айрым моделдер үч-төрт жумадан кийин даяр болот. Бул тууралуу Apple Store маалымат сайтында кабарланды.

iPhone 6 жана iPhone 6 Plus смартфондорунун бет ачары 9-сентябрда өттү. Үч күндөн соң АКШ, Австралия, Канада, Франция, Германия, Гонконг, Жапония жана башка өлкөлөрдөгү кардарлар алдын-ала заказ берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми расмий түрдө жаңы айфондор аталган өлкөлөрдүн дүкөндөрүндө сентябрда пайда болот. Алгачкылардан болуп он-лайн заказ бергендер айфондордун даяр боло турган күнү дагы кийинкиге жылдырылып жаткандыгын билдиришти.

Apple компаниясынын өкүлү Труди Мюллер The Wall Street Journal басылмасына билдиргендей, жаңы айфон чыгары менен эле алдын-ала заказ бергендердин саны күтүлгөндөн да көп болду.

Кошмо Штаттарда iPhone 6нын баасы 649 доллар, iPhone 6 Plus - 749 доллар болду.

XS
SM
MD
LG