Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

ИМге каршы согушкан америкалыктар


Бретт Роялес мурда АКШнын армиясында жөө аскерлер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.
Бретт Роялес мурда АКШнын армиясында жөө аскерлер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

Дүйнөнүн чар-тарабынан, анын ичинде Кыргызстандан айрым мусулмандар Ирак, Сирияга келип, "Ислам мамлекети" тобу тарапта жаңжалга катышып жатса, азыр эми америкалык согуш ветерандары Жакынкы Чыгышта "Ислам мамлекети" тобуна каршы согушуп жаткандыгы айгине болууда.

«Ислам мамлекети» радикал тобу арабча «Даеш» деп аталат. АКШнын деңиз күчтөрүнүн отставкадагы кызматкери Луис Парк «Мен Даешти өлтүргөнү келдим» дейт.

Луис Парк Ирактын түндүгүндөгү ассирий христиандарынын «Двех Навша» деп аталган согушкерлерине келип кошулган, ал улам саны өсүп жаткан уюмдагы чет элдиктердин бири. Өзүн "Ислам мамлекети" деп жарыялап алган топ менен согушуп жаткан бул уюмдун аталышы арамей тилинде «өз жанынан кечүүгө даяр адам» дегенди түшүндүрөт. "Двех Навша" Иракта "Ислам мамлекети" тобуна каршы согуш үчүн ассирий христиандары тарабынан түзүлгөн.

Луис Парт жана дагы бир америкалык согуш ветераны-Бретт Роялес "Азаттыктын" Ирак кызматына Ирактын түндүгүндөгү ассирийлер отурукташкан Батная шаарынын жанындагы азыркы турумдарынан өз башынан өткөргөндөрдү айтып беришти.

Луис Парктын айтымында, ал АКШнын куралдуу күчтөрүндө төрт жыл кызмат өтөгөн жана 2012-жылы Ооганстанда болуп, согуштук айрым тажрыйбага ээ болгон.

Ал "Азаттыкка" Ирактагы "Ислам мамлекети" тобуна каршы согушуу менен АКШны да коргоп жатам деп ишенээрин билдирди. Айтымында, жергиликтүү христиандар тарабында согушкандыгы үчүн акча албайт, тамаш-аш, курал берилгени менен, согушта күнүмдүк керектелүүчү оокат-кечекти өз чөнтөгүнөн акча чыгарып сатып алат. Тажрыйбалуу аскер катары ассирий христиандарынын согушкерлерин машыктырат.

Луис Парктын айтымында, Ирактын түндүгүндөгү Курдистан аймагында бир нече, ашып кетсе 30 америкалык бар болушу мүмкүн. Ал АКШга кайтканда чет элдик аскер бөлүктөрүндө согушканы үчүн жоопкерчиликке тартылгандан коркпойсуңбу деген суроого «Бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын, жашыра турган эч нерсем жок, мен мекенчилмин» деп жооп берди. Ал "Ислам мамлекет" радикал тобу менен согушта өз жанын кыйууга даяр экендигин кошумчалады.

Анын шериги Бретт Роялес мурда АКШнын армиясында жөө аскерлер бөлүгүндө кызмат өтөп, артиллерияны өздөштүргөн. Ал Иракта "Ислам мамлекети" тобу тарабынан салынган кыргын, сексуалдык күңчүлүккө мажбурлангандар, качкындар тууралуу угуп-билгенден кийин чыдап тура албагандыгын, Иракта америкалык армиянын катарында үйрөнгөнүн азыр эми "Ислам мамлекети" менен согушуп жаткан «агайындарына» үйрөтүүгө даяр экендигин айтты. Бретт Роялестин сөзү боюнча, ал да ассирий христиандарынын катарында согушуп жатып жанын берүүгө даяр.

Иракта ассирий христиандары аз эле, ашык кетсе 200 миңдей. Алардын көбү өткөн жылы жайда "Ислам мамлекети" тобунун кысымы астында Ирактын түндүгүндөгү үй-жайларын таштай качышкан эле. Бретт Роялестин сөзү боюнча, азыр бул аймактагы Бакофа, Алкош, Шарафия деген ассирий шаарларын ассирий согушкерлери көзөмөлдөп турушат.

XS
SM
MD
LG