Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Обама менен Нетаньяхунун Иран боюнча ача пикири


АКШ президенти Барак Обама менен Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху.
АКШ президенти Барак Обама менен Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху.

АКШ президенти Барак Обама менен Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Ирандын өзөктүк программасы боюнча өткөн жумада жетишилген макулдашуу боюнча карама-каршы пикирлерин билдиришти.

Обама Иран жана алты дүйнөлүк держава биргелешип жетишкен макулдашуунун негиздери "жакшы келишим" болгонун айтса, Нетаньяхунун пикиринде, тескерисинче бул Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукка коркунуч жараткан макулдашуу.

АКШ президенти Барак Обама Тегеран өзөктүк курал жасоо программасынан баш тартып, Жакынкы Чыгышта коопсуздук орнотууга салым кошо алат делген макулдашууну “жашоодо бир келүүчү мүмкүнчүлүк” деп сыпаттады.

Президент Обама бул тууралуу The New York Times гезитине 5-апрелде чыккан маегинде айткан.

Обама келишимдин пайдасы алдыдагы тобокелдиктерден кыйла жогору экенин кошумчалады. Ал ошондой эле Израилдин Ирандан кооптонуусун түшүнөөрүн айтты. Ошентсе да Обаманын пикиринде, Иран менен макулдашууга жетишүү Израилди коргоонун эң жакшы жолу. Обама кандай гана болбосун АКШ дайыма Израил тарапта болоорун айтып, израилдиктерди тынчтанууга чакырды.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху болсо, 5-апрелде АКШнын NBC телеканалына берген маегинде ирандын өзөктүк программасы боюнча жетишилген макулдашуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн ядролук куралдандырууга түртөөрүн белгиледи.

- Бул келишим Иранга өзөктүк бомбаларды жасоого мүмкүнчүлүк түзүп, анын үстүнө санкцияларды да алып, аванс берип жаткан сыяктуу. Мындан улам Ирандын казынасына миллиарддаган доллар түшөт. Бирок анын баары мектеп, оорукана же жолдорду курууга кетпейт. Бул каражаттарды алар дүйнөлүк террор машинесин жана Жакынкы Чыгышты басып алууга багытталган машинесин от алдырууга сарпташат. Дүйнөдөгү эң террористик өлкөгө биздин заманда өзөктүк потенциалга жетүүсүнө эч кандай жол берилбеши керек. Бул деген Израилдин коопсуздугуна, аймактын коопсуздугуна, дегеле дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирет.

Ал арада Америкалык сенатор, Конгресстин чалгын комитетинин вице-төрагасы, демократ Дайан Файнштейн СNN каналына 5-апрелде берген маегинде Иран менен жетишилген макулдашуу Израилге эч кедергисин тийгизбейт жана Нетаньяхунун “сабырдуу болуусун каалайт элем” деп айтты.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родс болсо буларга токтолду:

- Ирандыктар байытылган урандын айлануу циклин билишет. Аларда бул тууралуу маалымат бар. Алар центрифугасыз эле өзүнүн ядролук программасын кайра баштап алышы мүмкүн. Ошол себептен биз ушул центрифугалардын санын, түрлөрүн жана запастарын так аныктай алабызбы - суроо ушунда. Ушундай жол менен эгер алар курал өндөрүүнү кайра баштаса, биз дароо байкап, кандайдыр бир чараларды көрө алабыз.

Ирандын Коопсуздук күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Хасан Фирузабади Тегерандын алты дүйнөлүк держава менен жетишкен макулдашуусун мактоого арзырлык деп атады.

Өлкөнүн жогорку диний лидери Али Хаменинин жакын санаалашы деп эсептелген Фирузабадинин макулдашуу боюнча комментарийи жекшембиде Ислам революциясынын сакчыларынын сайтына жарыяланды. Фирузабади азырынча жаңы макулдашуу боюнча өз пикирин билдире элек Хаменеини куттуктап, президент Хасан Роуханиге жана тышкы иштер министри Жавад Зарифге ыраазычылыгын билдирди.

Ирандын өзүндө болсо калк эки ача пикирде. Көптөр ядролук программа боюнча келишим макулдашылганын көчөгө чыгып майрамдашты. Айрым радикал консерваторлор болсо жаңы макулдашууну сындап чыгышты. ИСНА маалымат агенттиги билдиргендей, консерваторлордун өкүлү, Иран парламентинин спикери, бул макулдашууну жакшы деп баалады.

Сегиз күнгө созулган соңку сүйлөшүү Иран менен алты дүйнөлүк держава: АКШ, Германия, Франция, Улуу Британия, Орусия, Кытайдын ортосунда Швейцариянын Лозанна шаарында өтүп, 2-апрелде макулдашууга кол коюлду.

Эми Тегеран уранды байытууну чектейт, ядролук программасы болсо такай мониторингге алынат. Макулдашуудан кийин Улуттар уюму, Евробримдик жана АКШ мурда Иранга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды жеңилдетет.

Байкоочулардын айтымында, муну менен он эки жылдан бери уланып келаткан талаш-тартыштарга чекит коюлгандай болду.

XS
SM
MD
LG