Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Илим: Мышык ээсине окшош болот


иллюстрация.
иллюстрация.

Чайпулдун өлчөмүнө алтын түстүү заттар оң таасир этет. Үй айбаны ээсинин пейилине жараша мамиле кылат. Кара кулак шерден да тез кыймылдаган салмоорчу-жөргөмүш. Ызы-чууну өзүнө сиңирип алган жасалма структура.

Чайпулдун өлчөмү жана алтындын касиети

Алтын кардар үчүн мартаба жана ашкере байлыкка тең дөөлөт. Муну АКШнын Дейтон университетинин доценти На Янг Ли (Na Young Lee, University of Dayton) жүргүзгөн изилдөө көрсөттү.

“Байманалуу жайда жүргөнү үчүн өз мартабасын бийик деп сезген кишилер эреже боюнча чайпулга көп акча коротушат", - дейт Ли айым.

"Алтын көбүнесе мартаба, бөтөнчөлүк (эксклюзивдүүлүк) жана мартабанын жышаанасы менен ассоциация болуп турат. Ага мисал ирети кызыктыруучу сыйлыктардын алтын жарлыгын (ярлык) жана анын аз санда чыгарылганын айтса болот”.

Алтын кардарлардын чайпул берүүсүнө оң таасир этерин мурда беш изилдөө тастыктаган. Алдагы изилдөөлөр маалында төлөмдөрүн (счёт, bills) алтын мукабалуу папкеде алган кардарлар төлөм эсебин кара мукабалуу папкеде алган кардарга караганда чайпулду көп беришкен. Изилдөө өткөрүлгөн ресторанда алтын түстөгү гүлү бар дасторкондон тамак жегендер ак тукаба дасторкондон тамак жегендерге салыштырмалуу чайпулга март экенин көрсөтүшкөн.

Төлөм эсеби мукабасы кызгылт сары папкеге салынып берилгенде чайпулдун суммасы көбөйгөн эмес. Кызгылт сары түс кардарлар үчүн мартабаны билдирбейт. Окумуштуу-маркетологдун айтымында, жогорудагы мисалдар ресторан бизнесинде дизайндын деталдары кардар үчүн маанилүү экенин күбөлөйт.

Төлөм эсебин мукабасы алтын папкеде алган кардарлар калтырган чайпул, орто эсеп менен төлөнчү сумманын 21,5% түзгөн. Төлөм эсебин сырты кара папкеде алган кардарлар берген чайпулдун орточо суммасы төлөнчү сумманын 18,9% барабар болгон.

Чайпул эреже катары, жакшы тейлөөгө кардардын ыраазы экенин билдирген ыктыярдуу төлөм. Бирок чайпулдун тарыхын изилдеген илимпоздордун айтымында, чайпул берүү дөөлөттүү жана сөөлөттүү адам экенин көрсөтүүнүн ыкмасы катары пайда болгон.

Дүкөндүн интерьеринин жасалга-дизайны да кардардын соода залында узак болушуна жана сатып алышына таасир этет. Мисалы, кардарлар ичи көк түстө жасалгаланган дүкөндө көбүрөөк кармалып, алардын товар сатып алууга кызыгуусу интерьеринин дизайны кызыл өңдөгү дүкөндөгүдөн жогору болот. Анткени көк түстөгү бөлмөдө кардар көшүлүп, сыртка шашпайт. Кызыл өң кардарды ээликтирип жиберет.

Тез тамак берчү ресторандарда кызыл, сары жана кызгылт сары түстөгү дизайн сооданы кызытып, кардарды чакырат. Ушундан улам, McDonald's, Wendy, Burger King, In-N-Out Burger, Sonic жана Carl's Jr сыяктуу тез тейлеген ресторандар өз жасалгасында жалаң кызыл жана сары өңдөрдү колдонот.

Окумуштуунун айтымында, чайпулдун өлчөмү тейлөөнүн сапатына жараша болот деген жаңылыш көз караш. Чайпул берүү изилдөөлөр тастыктагандай, кишинин ийгилиги жана мартабасы жогору бааланган өлкөлөр үчүн өзгөчө мүнөздүү көрүнүш.

(Булагы: https://link.springer.com, https://phys.org, https://www.inverse.com)

Кара кулак шерден да тез кыймылдаган салмоорчу-жөргөмүш

Салмоорчу-жөргөмүш олжосун колго түшүрүү үчүн өзүн жана салмоорун кара кулак шердин (гепард) ылдамдыгына караганда болжол менен 100 эсе тез аракетке келтирет.

Чоңдугу кенедей бул жандык (латынча аталышы Theridiosomatidae) зоологдор чөйрөсүндө «мүйүздүү жөргөмүш» деген ат менен белгилүү.

Theridiosomatidae дүйнөдө кыймылы эң ыкчам жөргөмүш экени Американын физикалык коомунун (American Physical Society) марттын алгачкы аптасында Бостондо өткөн жыйынында маалымдалды.

Жоржия технология институтунун изилдөөчүсү Саймон Александердин (Symone Alexander, Georgia Institute of Technology) билдиришинче, салмоорчу-жөргөмүштүн учуу ылдамдыгы 4 метр/секундага тете. Кыймылы 600 м/с2 ашат, атүгүл 1100 м/с2 жетет. Төрт аяктуулардын эң күлүгү делген кара кулак шердин максималдуу ылдамдыгы 13 м/с2 гана.

Мүйүздүү жөргөмүш Перунун Амазония бөлүгүн байырлайт. Ал мүйүзү менен конуска окшош желе токуйт. Желенин бир жибинин учу конустун түбүндө болот. Жөргөмүш жей турган азыгын көргөндө, конустай оролгон жипти 0,8 микросекундада жазып, жайылган желе менен кошо олжону көздөй атып жөнөйт. “Биздин жөргөмүш ушинтип тамактанат”, - деп түшүндүрдү биофизик Саймон Александр.

Александр жана анын кесиптештери мүйүздүү жөргөмүштүн кыймылын жогорку ылдамдыктагы портативдүү видеокамера менен тасмага тартып алган.

Мүйүздүү жөргөмүшкө салыштырмалуу Мароккодо жашаган флик-флик жөргөмүшү кашаң келет. Анын ылдамдыгы 2 м/с жакын.

Энтомологдор былтыр декабрда эң ыкчам кыймылдаган кумурска деп Mystrium camillae кумурскасын атаган.

Ал жаагын (мандибула) 89 метр/секунда же 320 км/саат ылдамдык менен жабат.

(Булагы: https://www.thesun.co.uk, https://blog.nationalgeographic.org, https://www.sciencenews.org)

Ызы-чууну өзүнө сиңирип алган жасалма структура

АКШдагы Бостон университетинин профессору Син Чжан (Xin Zhang, College of Engineering) жана анын аспиранты Реза Жаффаривардаваж (Reza Ghaffarivardavagh) уу-дууну сиңирип алган жасалма структураны жасоодо касиети, формасы жана структурасынын деталдары боюнча айырмаланган метаматериалды колдонушту.

Математикалык моделдөөнүн негизинде иштелип чыккан жаңы структуранын формасы кат-кат тизилген шакектерге окшош жана алардын ортосунан абанын агымы эркин өтө берет, бирок сыртка чыкпайт. Ал учурда ызы-чуу же үндү өзүнө сиңирип алат.

Бүгүнкү үндөн коргоочу изоляторлор, Р. Жаффаривардаваждын айтышынча, кадимки калың, оор дубал сыяктуу. Берегидей “дубалдар” аарыдай ызылдаган автомобилдердин чуусун кыйла азайтат же симфониялык музыканы концерттик залдын ичинен сыртка чыгарбайт. Бирок алар чоң аянтты ээлейт, колдонууга ыңгайсыз, абанын агымын тосуп калат. Мисалы, реактивдүү кыймылдаткычын түтүн чыкчу тешигин жаап салса, самолет абага көтөрүлө албайт. Ошондуктан учактын кыймылдаткычы бөлгөн үндөн коргонуу үчүн аэропорттун техниктери кулакчын кийип жүргөнгө мажбур.

Жаңы технологияны дрон, кондиционер, жел айдагыч (вентилятор), компрессор сыяктуу түрдүү техника иштегенде бөлгөн жагымсыз үндөн, анын ичинде көчөдөгү ызы-чуудан коргонуу үчүн колдонсо болот.

“Биз структураны батпаректин (лопасть) астына жайгаштыра алсак, ылдый кеткен үндү бууп, угузбай коё алабыз. Анын сырткы формасы кубикке, алты кырдуу эксогенге окшош же каалагандай болушу мүмкүн. Эгер дубал тургузуш керек болсо, алты кырдуу эксогенди пайдалансак болот. Биздин структура супер жеңил, туюк эмес жана кооз. Анын ар бир бөлүгүн кадимки черепица же кирпичтен тартып, каалагандай чоң масштабга чейин жасаса болот” дешет окумуштуулар.

(Булагы: https://phys.org, https://www.sciencedaily.com)

Үй айбаны ээсине пейилине жараша мамиле кылат

Илимий эмгектерде негизинен үй айбанаттарын туура асыроого, тамактандырууга, сейилдетүүгө жана жашаган жайына көңүл бурулуп, социалдык чөйрөнүн аларга кандай таасир эткенине жетерлик маани берилбеген.

Кишинин мышыкка болгон мамилеси айбандын жүрүм-турумуна кандай таасир эткенин Англиянын Ноттингем Трент университетинин (Nottingham Trent University) окумуштуулары изилдеп көрүштү.

“Акыркы он жылда мышыктар менен иштөө тажрыйбам - алар менен чогуу жашоо жана башкаруу, алардын жүрүм-турумуна жана жыргалчылыгына канчалык олуттуу таасир этерин көрсөттү”, - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, доктор Лорен Финка (Lauren Finka).

Финка айым жана анын кесиптештери мышыгы бар 3331 британ жаранынын инсандык (личность) өзгөчөлүгү, саламаттыгы жана мышыктарынын жүрүм-туруму, мүнөзү тууралуу сурамжылаган.

Сурамжылоо ээсинин инсандык сапаттары мышыктарынын “жыргалчылыгы жана жүрүм-турумуна” бир нече аспектте шайкеш келгенин айкын кылган.

Нерви жука кишилер көбүнесе мышыгы кайсы бир дарт менен ооруганын, салмагы нормадан жогору же ашыкча семиз болуп кеткенин, стресске чалдыкканын, жүрүм-турумдары агрессивдүү же кооптуу болуп, жакын жологондон чочулаткан учурлар көп болгонун айтышкан.

Мүнөзү жумшак кишилер көбүнчө мышыгынын салмагы нормага ылайык болгонун, агрессивдүүлүгү жана жүрүм-туруму кооптонтуп, ага жакындагандан чочулаткан учурлар сейрек кездешкенин айтышкан.

Жайдары экстраверттер айбандын маанай көтөргөн жана сырдашканга кызыкдар мүнөзү жөнүндө көп айтышкан.

Илимпоздун түшүндүрүшүнчө, кишинин кылыктары анын мышыкка жасаган мамилесинде жана жаныбарды башкаруусунда маанилүү фактор болушу мүмкүн.

“Биздин балдарыбыз сыяктуу эле мышыктар үчүн да биз менен жашоо дайыма эле оңой боло бербейт, - дейт доктор Финка.

"Ошон үчүн биздин жүрүм-турумубуз аларга позитивдүү жана негативдүү жолдор менен таасир эткенин туура түшүнгөнүбүз маанилүү”.

(Булагы: https://www.psypost.org, https://journals.plos.org)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG