Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Сууга чөкпөс, титандан бекем металл


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Космостогу туңгуч солярдык электростанция 2025-жылы ишке кирет. Титандан да бекем жана сууга чөкпөгөн “металл жыгач”. 28 тонналык дөө электроэкскаватор. Чачыңызды такай шампунь менен жуубасаңыз, жаратылышка ныпа.

Атомдор биригип, бир кесек металл болот. Металлдын бекемдиги атомдордун түзүлүшү менен аныкталат. А бүгүнкү өндүрүш бекем металлды жасай албайт. Анткени түзүлүшү идеалдуу титан азыркы өндүрүштүк титандан он эсе бекем келет.

Окумуштуулар берегидей кемчиликти нанодеңгээлде жок кылуу үчүн металлдын атомдорунун жайгашуусун архитектуралык жол менен контролдошту. Тактап айтканда, ар бир атомду мүмкүн болушунча идеалдуу жайгаштырып, металлдын салмагы менен бекемдигин шайкеш келтирди. Бул ийгилик - АКШнын Пенсильвания университети, Урбан-Шампейндеги Иллинойс университети жана Британиянын Кембриж университетинин окумуштууларынын кызматташуусунун үзүрү.

“Муну металл жыгач деп атаганыбыздын себеби, анын тыгыздыгы клетка деңгээлинде жыгачтын тыгыздыгына тете болот” - дейт доцент Жеймс Пикуль (James Pikul).

Жасалма металл жыгачтай көңдөйлүү болуп, өзү өсүп жыйналгандыктан, тешиктердин арасына кагып койгон мамыга окшош.

Ар бир металл мамынын жоондугу 10 нанометр же болжол менен никелдин 100 атомуна барабар. Же илимпоз айткандай, жыгач металлдан жасалган үлгүлөрдүн чоңдугу кадимки бүргөдөй эле. ​

“Биз бирок мындан 400 эсе чоң металл жыгачты жасай алабыз, - дейт Ж. Пикуль. - Биз металл жыгачтан чоңдугу бир чарчы см барабар фольга жасадык. Мындай өлчөмдөгү бир тилке фольгада 1 миллиард чамалуу никель мамы бар”.

Титандан да бекем "жыгач металлдын" структурасы.
Титандан да бекем "жыгач металлдын" структурасы.

Жыгач металлдын 70% тулку боштук же көңдөй болгондуктан анын тыгыздыгы суудан аз. Ошого ал сууда чөкпөйт жана бүгүнкү металл эритмелердин көбүнөн бекем да, бышык да.

Окумуштуулар азырынча металл жыгачты күч менен басканда кадимки металлдай ийилеби же айнектей быркырап кетеби, билишпейт. Бирок, доц. Пикулдун айтышынча, металл жыгачка аноддук жана катоддук материалдарды кошсо, ал өтө бышык батареяга айланат. Металл жыгачтагы боштукту тирүү организмдер же энергия топточу материалдар менен толтуруп, акылдуу протездерди жасоо мүмкүн.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.siliconrepublic.com)

Дөө электроэкскаватор үн чыгарбай иштейт

28 тонналык электроэкскаваторду Норвегиянын "Pon Equipment" компаниясы баш кеңсеси АКШда жайгашкан "Caterpillar" корпорациясы менен жарнакташып жасады. Адистер толук электр энергиясынан иштеген дөө экскаватор өндүрүшкө күтүлгөндөн эрте чыкканын белгилешет.

Норвегиялык инженерлер "Cat 323F Z-line" электроэкскаваторун гидравликалык "Cat 323" негизинде жасашкан. Дөө экскаватордун 300 киловаттык аккумулятору 5-7 саатка жетет. Аккумулятордун салмагы 3,4 тонна. Бул ACERT технологиялуу C7.1 дизель моторунан дээрлик 3,5 эсе чоң.

"Cat 323F Z" экскаватору саатына 40 киловаттан 60 киловаттка чейин электр керектейт. Бир аккумулятор Европада кеңири колдонулган 43 киловаттык үч фазалуу өндүрүштүк розеткадан бир саатта заряддалат. Анын бир заряды 1 саатка жетет.

Электроэкскаватордун дизель майын жаккан экскаваторлордон артыкчылыгы: иштеп жатканда мотордун үнү чыпайт, абага зыяндуу заттарды бөлбөйт жана анын кубаттуулугу "Tesla" компаниясы чыгарган ушул типтеги мотордон үч эсе күчтүү.

Норвегиянын "Veidekke" компаниясы 8 электрэкскаваторду ар бирине 650 миң доллардан төлөп сатып алганы кабарланды. "Veidekke" Скандинавиядагы эң чоң курулуш жана инженердик компания. Анын курулуш боюнча мүдүрү Эйвинд Ларсендин айтышынча, компания үчүн жаңы технологиянын негизинде курулуш техникасынын иш мөөнөтүн узартууга катар аны тейлеген жумушчулардын иш шартын жакшыртуу маанилүү.

Мындай бир электрэкскаватор атмосферага көмүртектин кош кычкылын (CO2) бөлүүнү 52 тоннага жуук азайтат. Эгер "Veidekke" компаниясы дизель майын жаккан 2,5 миң экскаваторун "Cat 323F Z" электрэкскаваторуна алмаштырса, Норвегия жылына 60 000 автокөлүк бөлгөн зыяндуу газды абага бөлбөй калат.

(Булагы: https://www.tek.no, https://electrek.co, https://insideevs.com)

Космосто солярдык электростанция курулат

Мындай орбиталдык станция Күндүн энергиясын Жерди булут чүмкөп турганда же Жерге караңгы түшкөндө да жыйнай берет. Себеби, Кытайдын Космостук технологиялар академиясы (ККТА) азыр үстүнөн иштеп жаткан орбиталдык станция Жерден 36 000 км бийиктен орун алгандыктан, анын фотоэлектр батареясына Жердеги аба ырайы эч таасир этпейт. Анда топтолгон энергия Жерге микротолкундардын же лазер нурунун көмөгү менен жөнөтүлүп турмакчы.

Дүйнөдөгү биринчи солярдык орбиталдык станция 2025-жылы иштей баштайт деп мерчемделүүдө.

ККТАнын изилдөөчүсү Пан Жихаонун айтышынча, космостук станция “адамзат үчүн таза энергиянын түгөнгүс булагы болот” жана электрокөлүктөр каалаган убакта жана каалаган жайда орбиталдык станциядан заряддалса болот.

Космостук солярдык электростанциянын бир концепциясы.
Космостук солярдык электростанциянын бир концепциясы.

Кытай окумуштуулары электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн 2021-2025-жылдар аралыгында стратосферага чакан жана орто солярдык электрстанцияларды учурмакчы. Ал эми 2030-жылы космосто мегаватт деңгээлдеги солярдык станция курат.

Окумуштуулар менен инженерлер солярдык электростанцияны космосто курууда өч өлчөмдүү технологияны жана роботторду пайдалануу мүмкүнчүлүгүн да изилдеп көрүшүүдө. Мындан тышкары космостук электростанция бөлгөн микротолкундардын нурлануусу атмосферага жана Жердин экологиясына ыктымал тийгизчү таасири да изилденет.

Былтыр Калифорния технологиялык институтунун окумуштуулары Күн энергиясын жеңил плиткаларды пайдаланып, космосто иштетүүнүн жана Жерге берүүнүн жолун тапканын жарыя кылган.

Ушу чакта Жапония, Индия жана Европанын илимпоздору да Күн энергиясын космосто пайдалануу идеясы менен алек.

Космостук электростанция Жерге таза энергия жөнөткөндөн башка да Аалам койнуна келечекте жиберилчү миссияларды энергия менен камсыздоо үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Пан Жихао билдиргендей, алардын алдындагы эң татаал техникалык милдет: 1000 тонналык солярдык станцияны орбитага чыгаруу. Эл аралык космостук станциянын салмагы 400 тоннадан бир аз ашыгыраак.

Бул долбоор Кытай өкмөтүнүн толукталып турчу энергияны кеңири колдонуу жана космосту өздөштүрүүдө лидерлердин катарындагы ордун бекемдөө ыкласын шарданалайт.

(Булагы: https://www.smh.com.au, https://futurism.com, https://electrek.co)

Чачыңызды шампунь менен жуубасаңыз, жаратылышка ныпа

Англиянын Саутгемптон университетинин аалымы, доктор Дениз Баден (Denise Baden, Southampton Business School, University of Southampton) чачтарачтар да жаратылышты сактоого орчун салым кошо алат деп эсептейт. Себеби, чачтарачканаларда ысык суу, электр энергиясы жана химиялык заттар көп колдонулат. Ошондой эле, турак үйлөрдө суу ысытуу үчүн энергия баарынан көп сарпталат. Киши он мүнөт чайканып алуу үчүн электр жылыткычты жакканда кадимки телевизор 20 саат иштеп турганда кеткендей энергия жумшалат. Британияда таштандылардын төрттүн бири турак үйлөрдөн чыгат жана анын басымдуу бөлүгү ысык сууга туура келет, дейт Дениз Баден.

Көпчүлүк адамдар, доктор Бадендин жазышынча, шампунду ашыкча көп пайдаланышат жана чачын тез-тез жуушат. Башты күнүнө эки мертебе жууп, чачты кургатууга жана кондиционер майлаганга, артынан душкананы желдетүүгө бир жылда 14 222 литр суу, 1252 кВт-саат энергия кетет. Бул абага 500 кг көмүр кычкыл газын бөлгөнгө тете. Ал үчүн кеткен электр кубатынын баасы 245 фунт стерлинг (314 АКШ доллар) болот.

Эгер сиз башыңызды жумасына эки жолу жууп, жуулбаган кондиционер пайдалансаңыз, жылына 613 литр суу жана 55 кВт-саат энергия керектейсиз. Натыйжада, абага 25 кг көмүр кычкыл газы чыгат. Ошондо 27 фунт стерлинг (35 доллар) үнөмдөйсүз.

Изилдөөлөр шампунду аз колдонгондо чач жакшырарын, ал эми ысык суунун жана химиялык заттардын териге тийген тескери таасирин азайтарын көрсөткөн.

Британияда акыркы жылдары шампунь аз сатыла баштаган.

Өлкөдө кийинки жылдары кургак шампунду колдонгон жана кардарга чачты ашыкча чыгымсыз жакшы кароону түшүндүргөн экологиялык чачтарачканалар пайда болгон. Типтүү экологиялык салон бир жылда 286 миң литр суу, 24150 кВт-саат энергия жана 5300 фунт стерлинг (6900 доллар) үнөмдөгөн.

Британияда тейлөө секторунун экономикагы үлүшү 80% жакын болот. Анын ичинде чачтарачканалардын үлүшү 6, 2 миллиард фунт стерлингди (7, 9 млрд доллар) түзөт.

(Булагы: https://theconversation.com, https://finance.yahoo.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG