Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Орусия коопсуздук саммитине катышпайт


Президенттер Обама менен Путин соңку айларда Сирия, Украина маселелери боюнча телефондон бир нече ирет сүйлөштү.
Президенттер Обама менен Путин соңку айларда Сирия, Украина маселелери боюнча телефондон бир нече ирет сүйлөштү.

Вашингтондо эртең өзөктүк коопсуздук боюнча саммит башталганы турат. Бирок дүйнөнүн өзөктүк куралы бар ири державаларынын бири - Орусия бул глобалдык жыйынды бойкоттоону чечти.

Өзөктүк коопсуздук боюнча глобалдык саммит ушуну менен төртүнчү ирет уюштурулуп жатат.

31-мартта ачылуучу саммитке бул ирет дүйнөнүн кеминде элүүдөй өлкөсүнүн лидерлери чогулмакчы.

Анда буга чейинки жыйындардай эле өтө кооптуу деп саналган өзөктүк материалдар террорчулар менен террорчул топтордун колуна түшүп калбоосун дагы бекемирээк кепилдөөчү чаралар талкууланып, сунуштар, чечимдер иштелип чыкмакчы.

Эксперттердин пикиринде, буга чейинки самиттер аталган маселеге көңүл бурдуруу менен ондогон мамлекеттерде коопсуздук жаатында конкреттүү чаралар көрүлүшүнө салым кошту.

Алардын бири - өзөктүк бомба жасоодо колдонула турган зат жогорку деңгээлде байытылган урандын коопсуздугу шек жараткан 12 өлкөдөн чыгарылып, анча коркунучтуу эмес формага жетүү үчүн башка зат менен аралаштырылып, Орусия сыяктуу мамлекеттерге жайгаштырылуусу.

Саммиттин уюштуруучулары ошондой эле анда кабыл алынган чечимдердин натыйжасында, дүйнө боюнча жыйырмага жакын өзөктүк реактор аз байытылган уранды колдонгондой болуп жаңыртылганын, ага катар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өзөктүк материал сакталган 32 жайда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн да белгилешет.

Бирок ага катар эксперттер өзөктүк материалдар террорчулар колуна тийбейт деген толук кепилдик али жоктугуна да көңүл бурушат.

“Өзөктүк материалдардын коопсуздугу жакшырды, бирок кээ бир террорчул уюмдардын, өзгөчө “Ислам мамлекети” тобунун кубатынын артышы жыйынтыгында өзөктүк терроризмдин тобокелдиги эки жыл мурдагыдан күчөгөнүн ишара кылууда”,- деп айтылат Гарвард университетиндеги Кеннеди мектебинин Атомду башкаруу боюнча долбоору өткөн айда жарыяланган баяндамада.

Бирок АКШ бийликтери аларда “Ислам мамлекети” тобу радиологиялык же өзөктүк курал алууга умтулуп жатканы боюнча азырынча далил жоктугун да билдирүүдө. Бул тууралуу шейшемби күнү Вашингтондон кабарчыларга, Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин өкүлү Лора Холгейт айтты.

Вашингтондогу саммитте болсо “Ислам мамлекети” тобуна каршы эл аралык аракеттердин соңку абалы да каралганы жатат:

- “Ислам мамлекети” тобу бүткүл цивилизациялуу дүйнөгө коркунуч жаратууда. Биз нукура глобалдык коалицияны мына ушундан улам жетектеп жатабыз. Вашингтонго, өзөктүк коопсуздукка көңүл бурган саммитке ондогон өлкөлөрдүн лидерлери келет. Биз дүйнө элин коргоого багытталган иште бирдиктүү бойдон калганыбызга ынануу үчүн бул мүмкүнчүлүктү “Ислам мамлекети” тобуна каршы биргелешкен аракеттерди кайра кароо үчүн да колдонобуз, - деп айткан эле президент Барак Обама апта соңундагы радио кайрылуусунда.

Дүйнө державаларынын лидерлеринен Вашингтондогу саммитке Кытай лидери Си Цзинпин дагы бара жатат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын, ракеталык сыноолорунун Азиядагы жана дүйнөдөгү коопсуздукка туудурган коркунучу талкууланат деп күтүлүүдө.

Өзөктүк кызматташтыктын таржымалы

Ал эми Орусия президенти Владимир Путиндин Вашингтон саммитин бойкоттоп жатышына Ак үй администрациясынын өкүлдөрү өкүнүч билдирүү менен муну “мүмкүнчүлүктүн текке кетиши” катары баалашты.

Талдоочулар болсо Орусиянын азыркы турумун төмөнкү жагдайлар менен байланыштырат:

- Орусиялыктар мындай аракеттерди, мындай модель кызматташтыкты уланта албайбыз, эми бул ишти өз алдынча эле жүргүзө алабыз деген бүтүмгө келишти. Менимче мындан тышкары аларды Орусиянын ичинде бул маселе боюнча иштеген америкалыктардын болушу да кыжырланткандай. Орусиянын саммитке келбей коюшу албетте тынчсыздануу жаратат. Бул Орусия өзөктүк материалдардын коопсуздугу көңүл бура турган маселе эмес деп чечти дегендикке жатпайт, бирок мындай кадам Орусиянын террорчулардын колуна радиологиялык материалдар түшүп калбасын кепилдөө үчүн башка өлкөлөр, анын ичиндө АКШ менен кызматташууга дилгирлиги боюнча суроолорду жаратууда, - дейт Куралды көзөмөлдөө боюнча АКШдагы ассоциациянын эксперти Кингстон Рейф.

Өзү буга чейинки үч саммитке катышкан Орусия мурдараак анын эми бойкоттой турганын себебин мындай жыйындар Атом энергетикасы боюнча агенттик өңдүү эл аралык уюмдардын ишине кийлигишип, аларга “чектелүү сандагы өлкөлөр тобунун көз карашын” таңуулап жатканы менен түшүндүргөн.

Орусия ошондой эле жыл башында керексиз болуп калган өзөктүк курал системаларын зыянсыздандыруу, радиологиялык материалдар катылган жайлардын коопсуздугун чыңдоо боюнча АКШ каржылаган, жыйырма жылдан бери иштеп келген программадан чыкканын жарыялаган болчу.

"Коркунучту чогуу азайтуу” программасынын куну бир нече миллиард доллар турганы менен ал Орусияда совет доорунан калган өзөктүк материалдардын коопсуздугун чыңдоого, аларды сактоонунун жол-жобосун жакшыртуудагы ийгилик катары бааланган.

Бирок ал программанын алкагында АКШнын шайланма кызматтагы адамдары жашыруун аскерий жайларга кире алмакчы. Бул жагдай Орусиянын аскерий чөйрөлөрүнүн шек саноосун жаратып келген.

Орусия буга чейин АКШ катышкан эл аралык макулдашуунун алкагында Ирандын аз байытылган уран корун өзүндө сактоого макул болгон. Вашингтон менен Москванын ортосунда өзөктүк дүрмөттөрдү кыскартуу боюнча акыркы ирет 2010-жылы кол коюлган келишим дагы бар.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG