Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Пальмирада 150 бомба жок кылынды


Байыркы шаар Пальмира бошотулду.
Байыркы шаар Пальмира бошотулду.

Сирия бийликтери байыркы Пальмира шаарында атайын адистер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери коюп кеткен 150 бомба таап, жок кылынганын билдирди. Өлкөнүн тарыхый баалуулуктар жана музейлер боюнча кызматынын башчысы Маамун Абдулкарим техникалык топ бүгүн Пальмирадагы эки күндүк иштен соң Дамаскиге кайтканын кабарлады. Анын айтуусунда, техникалык топ шаарды согушкерлер көзөмөлдөгөн он ай ичинде талкаланган тарыхый эстеликтерди сүрөткө тартышкан.

Буга чейин Пальмирадагы талкаланган тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү үчүн кеминде беш жыл керек болору айтылып жаткан.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү 27-мартта бул байыркы шаарды "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлеринен бошоткон.

ЮНЕСКО согушкерлердин тарыхый жайларды талкалоосун наадандык катары баалап, аны согуштук кылмышка теңеген. Бул шаар тарыхый-маданий комплекс катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

XS
SM
MD
LG