Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Париждеги кол салуу: ислам дүйнөсүнүн үнү


Мусулман өлкөлөрүнүн маалымат каражаттарынын басымдуу көбү париждеги “Шарли Эбдо” журналына кандуу чабуулду айыптаган макалаларды чыгарышууда.

Бирок Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялоо ушундай окуяга жеткирди деген ойлор да жок эмес.

Ирандагы эскичил жана реформачыл маалымат каражаттары франциялык журналды Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдү чыгаргандыгы үчүн сындап, андай карикатуралар чындап эле сөз эркиндигин туюндурабы деген собол салышат.

Resalat деген консервативдүү гезит “Экстремист жана антиисламчыл маалымат каражаттары менен топтордун ишмердигинин артышы Европадагы коопсуздук кырдаалды ушундай коркунучтуу абалга кептеди” деп жазат.

Реформачылдардын Sharq басылмасы да Мухаммед пайгамбардын карикатураларын сындап, “Ислам мамлекети” уюмундай болгон экстремисттерге каршы турган Иран өңдүү байистүү өлкөлөр менен кызматташуу өз ара түшүнүүгө, зордук-зомбулук маанайын жоюуга алып келет эле, - деп боолголойт.

Ооганстандагы көпчүлүк гезиттер дем алыш күн болгондуктан чыккан жок. "Талибан" кыймылы учурдан пайдаланып, өз сайтына жарыялаган макалада Париждеги окуя “Исламга жана пайгамбарга акаарат келтиргендер үчүн коңгуроо болушу керек” деп жазат.

Ошол эле маалда талиптер кол салууну түздөн-түз колдоодон карманышты.

Түркиянын прессасы да Париждеги кол салууну айыпташууда. Milli гезитинин талдоочусу Али Байрамоглунун пикиринде, “Биринчи кезекте мындай окуяны айыптоо керек. Бирок эң негизгиси, саясатка ооп же маселени куралдын жардамы менен чечүү жолуна түшпөй, андай кол салууларга каршы күрөшүү зарыл”.

Араб өлкөлөрүндөгү реакцияны бир беткей деп атоо кыйын. Айрым маалымат каражаттары чабуулду айыптаган макалаларды чыгарышса, кээ бирлери журнал өзү буга жеткирди деп эсептешет. Дагы бир басылмалар терроризм феноменине Батыш жана “оторчулук саясаты” алып келди деп жазышат. Теракттын артында “Ислам мамлекети” уюму турган жокпу деген пикир да көп талкууланууда.

Алсак, Al Hayat биринчи бетине “Террорчулар суук кандуулук менен Париждин жүрөгүнө сокку урушту” деген аталыштагы макаланы басып чыгарды.

Asharq Alawsat басылмасы Сауд Арабия, Араб Лигасы жана Египеттеги Ал-Азхар университети “Шарли Эбдону” бутага алган кол салууну айыптагандардын биринчи катарында болду деп белгилейт.

Египеттеги Masr Alarabiya “Ислам мамлекети” тобу коркутуп-үркүтүүлөрүн ишке ашырып, Францияга кол салды” деп жазат.

Эсиңиздерге сала кетсек, өткөн ноябрда уюм жарыялаган видеодо франциялык согушкерлер мекениндеги мусулмандарды Францияда террордук чабуулдарды уюштурууга чакырышкан.

Ал эми Al Masry Al Youm гезити белгилүү теле алып баруучу Тамер Аминдин комментарийин келтирет. Аминдин оюнда, терактты “Ислам мамлекети” жасаган жок. Алар жөн гана учурдан пайдаланып, өзүнүн аброюн арттырууну көздөшөт. Журнал Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүн басып чыгаргандыктан, айрымдар согушкерлер исламды коргоодо деп ойлоп калышы мүмкүн”.

Оманда чыгуучу Al Watan “Дүйнөнүн өз канына боёлгон деңизге батып баратканы жүрөктү оорутат” деп жазат.

Орус тилдүү centrasia.ru сайты ар кыл комментарийлерди жарыялады. Авторлордун бири Европа бир жагынан сөз эркиндигин жайылтып, миграцияга жол берет, ошол эле маалда келгиндерге кысым көргөзүүдө. "Бул – шайтандай манипуляция” – деп сындайт.

Казакстандагы New Times маалымат агенттигинде жарыяланган комментарийинде саясат таанучу Айдос Сарым "Сирияда 300дөй казакстандык да согушуп жүргөнүн эске салып, "Шарли Эбдо" журналына жасалган чабуулдан кийин Казакстанда терроризм менен радикализмди алдын алуу чаралары көрүлүүгө тийиш" деген оюн ортого салат.

IslamNews.ru порталы Москвадагы Геосаясий маселелер академиясынын вице-президенти, Кыргызстанда туулган генерал-полковник Леонид Ивашов теракт үчүн АКШны күнөөлөйт. “Журналга жапырык жасоо ислам маданиятын, салт санааларын жок кылуу, европалыктарды исламга каршы тукуруу үчүн АКШда пландалган көрүнөт, - деген Ивашов, дүйнө "цивилизациялар кагалышуусуна" күбө болуп жатканын айтат.

XS
SM
MD
LG