Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Эркиндик менен жоопкерчилик достошо албай жатат


Кыргызстанда эл аралык Басма сөз эркиндигинин күнү белгиленди.

Бишкектеги Журналисттер гүлбагында сөз эркиндигине салымын кошкон журналисттер аталып, сыйлык алышты. Бул жөрөлгө Бишкекте жылдан жылга салтка айланууда.

Эл аралык "Фридом Хаус" уюму Борбор Азияда сөз эркиндиги жагынан Кыргызстанды үлгү катары атап, бирок "толук эркин эмес" деген бүтүмүн жарыялады.

Журналисттер багында жыл сайын ушул күнү кесиптештердин чогулуп, бири-бирин куттуктоосу жакшы жөрөлгөгө айланды.

“Сөз эркиндиги тууралуу ээн эркин” аттуу сынактын жеңүүчүсү болуп “Электрондук массалык маалымат каражаттарын ким жетектейт” аттуу макаласы үчүн "Азаттыктын" орусча сайтынын редактору Алмаз Исманов аталды.

Дагы бир сынак карикатура жанрын өркүндөтүүгө умтулган гезиттер арасында жүрдү. Адистер Кыргызстанда карикатураны урунган басылмалар өтө эле сейрек экенин белгилешет. Мисалы, быйыл былтыркыга салыштырмалуу бул конкурска катышкандардын саны азайган. Карикатура боюнча сынакта Ринат Мамытбеков жеңүүчү болду:



Мыктыларды тандаган жюри мүчөсү, "Медиа консалтинг" фондунун өкүлү Элмира Токтогулова быйылкы сынак тууралуу оюн мындайча билдирди.

- Бул жерден бир нече критерийлер болду: актуалдуулук, аргументтерге таянуу, тереңдик, теманын тили. Ушул критерийлер менен 30дай макала болду. Мага жаккандары аз болду. Жакшы, деталдык анализди кезиктирген жокмун, ар кандай көз караштар болду, ар кандай конкреттүү кырдаалдар чагылдырылды. Менимче, бул макалалар жалпысынан Кыргызстандагы ММКнын абалын чагылдырат. Кыргызстанда кадр жетишпестиги байкалууда, ошол массалык маалымат каражаттарында да көзгө урунат.

Аделя Лаишева
Аделя Лаишева
Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциация (IFEX) жана Internews Network уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Аделя Лаишева Кыргызстанда сөз эркиндигинен кыянатчылык менен пайдалануу өкүм сүрүп жатканына көңүл бурду.

- Мен журналисттердин сөз эркиндигин анархия менен алмаштырбоосун каалайм. Анткени бул экөө эки башка нерсе. Эркиндик бул такыр башка нерсе, журналист өз жазгандары үчүн жооп бериш керек. Эртеңки күнү кандай кабыл алынарын, кандай жыйынтыктар болорун түшүнүш керек. Менимче, бардыгыбыз акырына чейин сөз эркиндиги деген эмне экенин бааласак, ошондо бизде сөз эркиндиги болот деп эсептейм.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоевдун айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп илеп белгисин коюу менен айтууга негиз бар. Кайсы гезитти алып караба, каалаганын жазып жатат. Кээде аша чаап, адамдын кадыр баркына шек келтирген, маскаралаган фактылар да орун алып жатканын Марат Токоев белгилей кетти:

- Бул жерде жалгыз гана журналисттерди күнөөлөй берүүгө да болбойт. Себеби ошол гезиттин, ошол ЖМКнын башчыларына баш ийишет. Эгерде анын айтканын жасабаса, жумушсуз калат. Журналисттер жазгандан башка эч нерсе билбейт. Азыркы журналисттердин айлык акыларын карасак өтө көп эмес. Ошол үчүн алар жумуш ордун карманалы деп жатышат.

Жакында эл аралык "Фридом Хаус" уюму сөз эркиндигинин деңгээли боюнча баянын жарыялады. Анда Кыргызстан коңшуларына салыштырмалуу алдыга кеткени белгиленип, бирок "эркин эместер" тизмесинде кала берген. Аны кийинки кезде журналисттерге кол салууларга байланыштырып жатышат. Бирок мындай окуялардын басымдуу көбү ачылбай калып келатат.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG