Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Иран алтылыкка жообун апрелде берет


Алматы жолугушуусу. 27-февраль, 2013-жыл.
Алматы жолугушуусу. 27-февраль, 2013-жыл.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча Алматыдагы эл аралык сүйлөшүүлөр этият оптимизм менен аяктады. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын жаңы сунушуна Тегеран жообун апрелде бере турган болду.

Дипломаттар 5+1 же Е3+3 деп атап жүрүшкөн топко АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германия кирет. Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча алар менен Тегерандын акыркы сегиз айдан берки алгачкы сүйлөшүүсү Алматыда эми кандайдыр бир жыйынтык болушу мүмкүн деген ишеним менен кечээ аяктады.

Тараптар Казакстандын түштүк борборунда кайра 5-6-апрелде кездеше турган болуп тарашты, ага чейин келерки айда Стамбулда, төмөнкү дегээлде жыйын өткөрүшөт.

Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Алматы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын комментарийлеп, буларды айтты:

- Е3+3 кайра каралган сунуштарын берди. Биздин эсебибизде, ал бир топ тең салмакталган жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр үчүн адилеттүү негиз боло алат. Сунуштар эл аралык коомчулуктун Ирандын өзөктүк программасы боюнча камтамачылыктарын жана Ирандын идеяларын да камтыйт. Мен Иран тарап биз берген сунуштарды оң таризде карайт деп үмүттөнөм. Биз Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин атынан ал берген мандатка ылайык, кандайдыр бир олуттуу ийгиликке жетиш үчүн баарын таразалап, чогуу-чаран иштедик. Андыктан биз берген сунуштар кандайдыр бир ишеним жаратуу жана алдыга жылуу максатын көздөйт.

Кэтрин Эштон Иран иликтеп чыкмайынча жаңы сунуштун чоо-жайын ачыктоодон баш тартты.

Сүйлөшүүлөргө Орусия тараптан катышкан тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябаковдун мурдараак айтканына караганда, сунуштардын жаңы топтому Иран өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү зат – уранды 20% байытууну токтотуусун жана Фордо комплексин жабуусун карайт.

Фордо - Ирандын уран байытуу боюнча жер алдындагы ишканасы.

Ысымы аталбаган америкалык дипломаттын сөздөрү боюнча жаңы планда Иранга санкцияларды жумшартуу сунушу берилген. Бирок өлкөдө таасири жана кесепети олуттуу сезилген мунай эмбаргосу жана каржы санкциялары жоюлбайт.

Бул жолку сүйлөшүүлөрдү утурлай анда олуттуу бурулуш күтүлбөсү, бирок санкцияларды бир аз жумшартуу сунуш Иранды ийге келтирет деген ойлор айтылган эле.

Анткени “Нью-Йорк Таймс”, Financial Times гезиттери жазгандай, санкциялардын куну өлкөнүн Улуттук дүң өндүрүшүнүн бери дегенде 8 пайызга барабар болду, инфляция ыргагы күчөдү, улуттук акчанын куну кетти. Иран мунайды эле эмес, алтынды да мурдагыдай соодалай албай калды.

Тегерандын өзөктүк программа боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Саид Жалили болсо дүйнөнүн алты державасы менен анын өлкөсү ортосундагы ажырым жукара түшкөнүн белгиледи:

- Бүгүн берилген сунуштардын реалдуудай жана логикалуудай көрүнүп жатышынын өзү менимче, алар Иранга жасалган кысымдарга карабай көз карашты өзгөртүү керек деген бүтүмгө келишкенин белгиси.

Саид Жалили Иран уранды 20% байытуу маселесин ачык-айкын талкуулоого даярдыгын кошумчалап, бирок Фордо уран байытуу жайын жабуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды:

- Фордо - мыйзамдуу жай. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик анын акү-чүкүсүн билет жана көзөмөлгө алып, байкоо салып турат. Андагы өндүрүш толугу менен МАГАТЭнин жоболоруна ылайык жүргүзүлүүдө. Жапкыдай эч жүйө жок жана алар (алтылык) муну суранышпады.

Анткен менен МАГАТЭ уюму Ирандын өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн ишенимдүү айта албай келүүдө.

Ал Тегерандын талаштуу өзөктүк программасында аскерий өңүт бардыгын жокко чыгара албашын акыркы ирет өткөн аптада жарыяланган баяндамасында да белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG