Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Үмүт арттырбаган Алматы сүйлөшүүсү


Ирандын ядролук маселелер боюнча негизги өкүлү Саид Жалили менен Казакстандын тышкы иштер министри Эрлан Ыдырысов сүйлөшүүнүн алдында. Алматы, 26-февраль, 2013.
Ирандын ядролук маселелер боюнча негизги өкүлү Саид Жалили менен Казакстандын тышкы иштер министри Эрлан Ыдырысов сүйлөшүүнүн алдында. Алматы, 26-февраль, 2013.

Казакстанда Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн алты ири державасынын кезектеги сүйлөшүүлөрү өтүп жатат.

Аналитиктер бирок Алматыдагы жолугушуу 10 жылдан бери уланып келаткан талкууларга өзгөчө бир жаңылык деле алып келбейт деген ишенимде.

Дүйнөнүн алты эңгезер өлкөсү – АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германия – Ирандын ядролук маселелер боюнча өкүлдөрү менен былтыр июнда Москвада көрүшкөндөн бери эми биринчи ирет жолугушууда. Былтыркы сүйлөшүүдө тараптар “ортодогу түшүнбөстүктүн деңгээли жогору” экенин гана билдире алышкан, сүйлөшүү ийгиликсиз аяктаган болчу.

Бүгүн эми Алматыдагы жолугушууда өзгөрүү болот дегенге ишенбегендер көп. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Кубанычбек Кари жолугушууну чагылдырып жүргөн журналисттердин тобунда жүрөт.

- Биз журналисттер жайгаштырылган маалымат борборунда чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен сүйлөшкөндө байкадык, бул сүйлөшүүлөрдөн натыйжа болооруна эч ким деле ишенбейт. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жолугушууну чагылдырыш үчүн чет мамлекеттерден 200дөй журналист келген. Казакстандык кабарчылар менен биригип, азыр баарыбыз 500дөй журналист иштеп жатабыз, бирок талкуунун жүрүшү жөнүндө бизге жетиштүү маалымат бериле элек. Коноктор кечээтен бери келе башташкандыктан, шаарда коопсуздук күчтөрүнүн күчөтүлгөн режими кечээ эле башталган, бир топ көчөлөр жабык. Катардагы жарандар эмес, журналисттерди да тыкыр текшерип жатышат. Муну коопсуздук күчтөрү коноктордун амандыгы үчүн жасалып жаткан аракет деп түшүндүрүштү, - деди “Азаттыктын” Алматыдагы кабарчысы Кубанычбек Кари.

Анын айтканын өткөн аптада “Азаттыкка” сүйлөгөн Британиянын Тегерандагы мурдагы элчиси Ричард Делтон да бышыктаган.

- Акыркы ийгиликсиз сүйлөшүүдөн бери дүйнөлүк державалар Иранды бул талкууга катышууга кызыктырыш үчүн позициясын өзгөртүшкөн деле жок. Иран дагы бул алты өлкө менен натыйжалуу сүйлөшүүгө макул экенин айгинелеген бир да аракет жасабады. Анын ордуна эки тарап тең бири-бирине талаптарын гана кайталап келатышат. Ошондуктан Алматыдагы сүйлөшүүдөн начар натыйжаны да, ийгилик да күтпөйм.

Иран уран байытканын токтотуш үчүн Алматыдагы сүйлөшүүдө дүйнөлүк күчтөр Тегеранга “жаңы сунуштарды” айтышаары күтүлүп жатат.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги өткөн аптада анын четин чыгарып, “өтө жагымдуу сунуштар” болоорун кыйыткан болчу. Айрым маалымат каражаттары заматта мунун маанисин өз алдынча чечмелеп, сөз Ирандын алтын жана башка баалуу металлдарды экспорттошуна киргизилген санкцияны алып салуу жөнүндө болсо керек деп жаза башташты. Бул үчүн Тегеран өзүндөгү уран байыткан негизги ишкананы жабышы керектигин айтышты.

Эгер чындап эле санкцияны алып салуу сунуш катары айтыла турган болсо, биринчи эле логикага сыярлык Тегеранды кызыктырчу сунуш анын мунай экспортуна киргизилген жазана алынышы болоору бышык. Анткени өзүнүн мунайын сата албай калышы Иран үчүн олуттуу жоготууга туруп жатат.

Ирандын мунай министри санкциялардын кесепети олуттуу болгонун өткөн айда алгач ирет мойнуна алып, кара майды экспорттоо, сатуу акыркы бир жылда 40 пайызга азайганын кабарлаган. Ошол эле учурда улуттук валюта - риалдын дүйнөлүк негизги валюталарга карата курсу кескин түшүп кетти.

Бирок Иран экономикалык өтө талылуу, алсыз позицияда калганын моюнга албай келатат. Алматыга сүйлөшүүгө жөнөп жатып, Тегерандын ядролук маселелер боюнча негизги өкүлү Саид Жалили “өз өлкөсүнүн укугун коргой турганын” билдирди. Тегеран көптөн бери эле өзүндө уран байытууга толук укуктуу экенин кайталап, санкциялар алынышын талап кылып жүрөт.

Иши кылып азыр сүйлөшүүнүн эки тарабындагы катышуучулар позицияларындагы мынчалык айырмага карабай, баары проблеманы дипломатиялык жол менен чечкенге дилгир экенин айтышууда.

Дүйшөмбүдө Лондондогу сөзүндө АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри “Дипломатиялык жол үчүн мүмкүнчүлүк түбөлүк карала бербей турганын” эскерткен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG