Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Батыш компаниялары Петербург форумун бойкоттоду


Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык бизнес-форум.
Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык бизнес-форум.

Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык бизнес-форумду Батыштын ондогон компаниялары бойкоттошту.

Владимир Путин форумдагы сөзүндө глобалдуу экономикадагы проблемаларга жана Москванын өлкө экономикасын чыңдоо аракеттерине кайрылды.

22-майда Путин форум “өзгөрүүлөрдүн доорунда ишенимди бекемдөө” жолдорун издөөгө арналарын айткан. "Эл аралык коомчулук биргелешип бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоо менен, аракеттениши керек", - деген орус президенти.

Орусиянын Украин кризисинде ойноп жаткан ролуна каршы нааразылык иретинде эл аралык 30 чакты компаниянын жетекчилери форумга катышпоону чечкен. Буга чейин АКШ иш-чараны бойкоттоого чакырып келген.

Крымдын аннексиясы жана Кремл чыгыш Украинадагы орусиячыл жикчилдерди колдоодо деген маалыматтардан улам Европа Биримдиги менен Вашингтон Москвага каршы санкция киргизерин эскертип келишет. Андай жазалоочу чаралар өлкө экономикасына залакасын тийгизиши мүмкүн.

22-майда Донецк жана Луганск облустарында жикчилдердин колунан украиналык 14 жоокер каза тапканы кабарлангандан кийин Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк "Орусия Украинадагы кырдаалды курчутуп, ушул жекшембиге белгиленген президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет көрүүдө" деп айыптаган.

Премьердин айтымында, Москва Украина менен чек арадагы 40 миң аскерин алып чыгып жатканын ырастаганы менен, “жакшы машыккан” орусиялык жалданма согушкерлер өлкө чыгышында чагымчыл аракеттерди жана кол салууларды ишке ашырууда.

Путиндин жардамчысы Батыш бизнесмендери форумду бойкоттошту деген ырастоолорду четке кагып, иш-чарага Кошмо Штаттары жана Еврошаркеттин 400дөн ашуун өкүлү катышып жатканын белгиледи.

Ушаков кошумчалагандай, америкалык администрациянын “ачык кысымына” карабай, Санкт-Петербургга BP, E.ON, Total, Exxon Mobil, Shell, Philips, Caterpillar, жана Danone компанияларынын өкүлдөрү келүүдө.

Ошол эле маалда германиялык E.ON, Siemens ири компанияларынын
аткаруучу директорлору быйыл форумга барбоону чечишкенин тастыкташты. Алардын катарында Deutsche Bank да бар.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кеңсеси билдиргенине караганда, 19-майда өкмөт ири компаниялардын өкүлдөрү менен Берлиндин Украин кризисиндеги турумун талкуулашты. Бирок ишкерлердин Петербург форумуна катышып же катышпоосу боюнча немис өкмөтү эч кандай сунуш айткан эмес.

Жыйындын алкагында Путин АКШ, Кытай, Франция, Кытай, Италия жана башка бир катар өлкөлөрдүн инвестициялык фонддорунун жетекчилери менен жолугушууну пландоодо.

Адатта форумда орусиялык фирмалар инвестиция боюнча келишимдерге кол коюшат. Ал тапта айрым финансылык аналитиктер Батыш менен тирешүү орус капиталынын өлкөдөн агылышына алып келди дешет.

Так сумманы эч ким атай албаганы менен, болжолу менен быйылкы жылдын алгачкы чейрегинде 50-70 миллиард доллар алынып чыккан.

Лондондогу Standard Bankтын эксперти Тим Эштин пикиринде, Чыгыш менен Батыштын тирешүүсү тереңдесе, 2008-жылкы рецессия кайталанышы мүмкүн.

- Чыгарылган капиталдын көлөмү жылга эле 50-60 долларга жетчү. Орусиялыктар өз экономикасына инвестиция кылгылары келбейт. Андыктан өсүш өтө чабал болууда. Бизнес чөйрө өтө жупуну. Жеке менчикти урматтоо да күмөн жаратат. Узак мөөнөттүү туруктуу келечек үчүн орусиялыктар жана чет өлкөлүктөр ички экономикага акча салууга тийиш. Акыркы 4-5 жылда андай нерсе байкалган эмес. Ал эми Украина жана Крымга байланышкан проблемалардан кийин Орусия менен Батыштын мамилелери начарлаган кезде андай ыктымалдык андан да төмөндөйт.

XS
SM
MD
LG