Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Украина: демократияга карай татаал жол


Януковичтин колдоочулары жеңишин майрамдап жаткандагы көрүнүш, 9-февраль, Киев
Януковичтин колдоочулары жеңишин майрамдап жаткандагы көрүнүш, 9-февраль, Киев

Украинада эскичил система менен киндиктеш деп саналган саясатчынын президент болуп шайланышы бул өлкө демократиядан кайра тарттыбы деген суроону жаратууда. Көпчүлүк баяндамачылар мындай коркунуч жок экендигин белгилешүүдө. Ошол эле убакта 7-февралдагы шайлоонун кынтыксыз өткөндүгү пост-советтик мейкиндиктеги үмүттүү жылыш катары баалоого болот.

"Саргылтым ыңкылап" тамам болду, жашасын "саргылтым ыңкылап"!

Украинадагы 7-февралдагы шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгына карата көз караштарды ушундайча жыйынтыктоо мүмкүн.

2005-жылдын январындагы "саргылтым ыңкылаптын" башкы терс каарманы болгон маскөөчүл Виктор Януковичтин президент болуп шайланышын бүгүн Украина үчүн зор жылыш катары бааланууда. Орусиялык оппозиция лидери Борис Немцов 7-февралдагы добуш берүүнү пост советтик мейкиндиктеги эң демократиячыл шайлоо деп мүнөздөдү:

– Украинадагы шайлоо системасы кандай иштээрине көз артышыбыз гана мүмкүн. Биз бул өлкөдөгү сөз эркиндигине көз артабыз. Биз Орусиядагыдай Путиндин ымкасындагы бурмалоосуз, атаандаштык менен өткөн шайлоого көз аргабыз. Бул - Украина үчүн эбегейсиз жеңиш, бул "саргылтым ыңкылаптын" аркасы менен мүмкүн болду, муну эч ким талаша албайт.

Кыргызстандык саясатчы Эдил Байсалов да бул шайлоого көз артып турган чак:

- "Саргылтым ыңкылаптын" арты менен Виктор Ющенко жана Юлия Тимошенко бири президент, бири премьер болгон эле. Алар демократиялык шайлоо өткөрүп, биринчи айлампада Ющенко, экинчисинде Тимошенко жеңилип калды. Эми бийлик (оппозиция) өкүлүнө өтүп жатат. Бул демократиянын, "саргылтым ыңкылаптын" чоң жетишкендиги.

ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын президенти Жоао Соареш украин шайлоосун «демократиянын айныксыз көрүнүшү жана жеңиши» деп баалаган. Европанын парламенттик ассамблеясынын байкоочулар делегациясынын жетекчиси Матиас Еорси «Украинада демократиялык шайлоо турмуш чындыгына айланды» деп айтты.

Орусияда «саргылтым ыңкылаптын күнү бүттү» деген мааниде жарыялар жасалып жаткан менен, демократиялык шайлоо кремлдик элита үчүн стратегиялык утулуш болуп калмакчы. Евразияда аналитиктердин көпчүлүгү 17-январдагы биринчи айлампада бешинчи орунга зорго илинген президент Ющенкого «демократиялык асыл-нарктарды өзүнүн саясий кызыкчылыктарынан жогору койо алганы» үчүн баа беришүүдө.

"Роза ыңкылабынын" шарапаты менен бийликке келип, бирок кийинки кездери өзүм билемдиги күчөгөн Грузиянын президенти Михаил Саакашвили да «Украинада демократия жеңгендигин» моюнга алып, Янукович менен иштешүү нийетин билдирди.

Баяндамачылар Киевдин тышкы саясатында Маскөөнү көздөй бурулуш болоорун белгилешүүдө, ошол эле мезгилде өлкөнүн НАТОго жана Евробиримдикке кирүү аракетинде өзгөрүш болбойт деп боолголошот. Алар Украинанын НАТОго кирүү демилгесин убагында маскөөчүл президент Ленид Кучма көтөрүп чыккандыгын белгилүү.

Бирок Украинадагы "саргылтым ыңкылаптын" соңку «зор» жеңиши пост-советтик мейкиндикте, анын ичинде Кыргызстанда демократиялык өзгөрүшкө түрткү бере алабы? Эдил Байсалов буга үмүт аз деп эсептейт. Себеби Борбор Азияда демократиячыл интеллектуалдык чөйрө чабал:

– "Саргылт ыңкылапты" элдин жеңиши катары сактап калып, Ющенко, Тимошенкону да жоготпой, бийликке Янукович келип жатса да, Украинада улуттун келечегин сактай турган, өзөктүү интеллектуалдык, маданий элитасы, элдин келечегине кепил боло турган кыймыл-аракет бар.

XS
SM
MD
LG