Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Дүйнөлүк банк: Кымбатчылык күчүндө


Ош базар, Бишкек. 19-февраль, 2013-жыл.
Ош базар, Бишкек. 19-февраль, 2013-жыл.

Дүйнөлүк Банк жаңы баяндамасында азык-түлүктүн эл аралык баасы жогорку бойдон калып жатканын белгиледи. Уюмдун баамында, мындай жагдай жакырлардын гана абалын оорлотпостон, семиздик көйгөйү күчөшүнө да түрткү берүүдө.

Дүйнөлүк банктын эсебине караганда, эл аралык базарда суроо-талап азайып, ошол эле учурда сунуш көбөйүүсүнүн натыйжасында акыркы төрт ай аралыгында буудай баасы 11%, шекердики 10%, жүгөрүнүкү 6% арзандаган.

Анткен менен бул жараян азык-түлүк баасы буга чейин багындырган рекорддук чегинен төмөндөдү, ошондой эле базардагы туруксуздук жана белгисиздик четтетилди дегенди туюндурбайт.

Банктын улук экономисти Хосе Куеста:

- Жакшы жаңылык – азык-түлүк боюнча эң соңку байкообуз алардын эл аралык соодадагы баасы акыркы алты айдан бери түшүп жатканы. Бирок жаман
жагы – баа мурдагыдай эле жогору бойдон калганы. 2012-жылдын августундагы эң жогорку чегинен болгону 9% гана ылдый түштү.


Уюм азык-түлүктүн эл аралык базарындагы белгисиздикти төмөнкү жагдайлар менен түшүндүрөт. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө дандын кампадагы кору буудай түшүмүнүн начардыгына байланыштуу төмөндөгөн эле.

АКШ, Аргентина, Түштүк Африка, Австралия сындуу ири өлкөлөрдө кургакчыл аба ырайынын азыр да уланып жатышы алдыдагы айларда күтүлгөн түшүм көлөмүнөн күмөн санатууда. Буга кошумча мунай баасы да акыркы үч айдан берүү өсүү үстүндө, башкача айтканда былтыркы жылдын февраль-апрелиндеги чектен төмөндөбөй турат.

Мындан сырткары, дан азыктарына келгенде Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия, Кытай өңдүү өлкөлөрдөн суроо-талаптын көбөйүшү эле базарга кысымды күчөтүшү мүмкүн.

Буга дейре Дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюму ушул айдын башында чыгарган баяндамада, дан эгиндери боюнча быйылкы түшүмдү божомолдоо азырынча эртелик кылары, анткен менен дүйнөдө быйыл буудай өндүрүшү былтыркы жылга салыштырмалуу төрт жарым пайызга же 700 миллион тоннага жакын көбөйөт деп күтүлүп жатканы айтылган:

Аталган уюмдун эксперти Консопсион Калпе:

- Буудай боюнча эки нерсени эске алуу керек. Биринчиден, быйыл өндүрүш жакшырары. Экинчиден, буудайды малга тоют иретинде пайдаланууга суроо-талап азайаары. Эсиңиздерде болсо,былтыр дүйнөлүк базарда жүгөрү тартыштыгынан улам көп мамлекеттер анын ордуна буудайды колдонууга барышкан. Андыктан бул эки фактор тең өзгөрсө буудайдын баасына басым азайуусуна жардам берет.

Кымбатчылыктан семиздик

Дүйнөлүк банк азык-түлүк баасы кымбат бойдон калып жатканына байланыштуу эки маселе боюнча коңгуроо кагууда. Биринчиси, бул тоё тамак ичпегендер санынын азайбай турганы. Экинчиси - ашык салмактан жана семиздиктен чапа чеккендердин санын өсүүсү.

Семиздик көйгөйүн да Дүйнөлүк банк азык-түлүк баасынын кымбаттыгы менен түздөн-түз байланыштырат.

Банктын улук экономисти Хосе Куеста:

- Кымбатчылык шартында ашыкча салмактуулук жана семиздик эпидемиясы кеңейе берерине күбө болобуз. Анткени өзгөчө жакыр үй-бүлөлөр калориясы жогору, бирок азыктандыруу касиети төмөн, арзан тамак-аш сатып алууга аргасыз. Биз семиздик эпидемиясы азаярын күтпөйбүз.

Бул эл аралык мекеменин эсебинде, 2030-жылга карата дүйнөдө ашык салмактан жапа чеккендер саны 2,1 миллиардан, семиздиктен жапа чеккендердики 1,2 миллиардан ашат.

Учурда мындай көйгөйү бар дүйнө калкынын жарымы тогуз өлкөдө: Кытай, АКШ, Германия,Индия, Орусия, Бразилия, Мексика, Индонзия, Түркияда жашашат.

Дүйнөлүк банк белгилегендей, бул проблема олуттуу экенине карабай, азырынча глобалдык деңгээлде көңүл бурулуучу маселелердин катарына кире элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG