Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

"Гепатиттин D түрү күчөп, боорун алмаштыргандар көбөйдү"


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Медицинада "мээримдүү жаналгыч" деген атка конгон сарыктын оор түрлөрү кантип жугат? Бул дарттын жайылып кетишине эмне себеп жана Кыргызстандагы жагдай кандай? Дартка чалдыгып, боор алмаштырууга аргасыз болгон бейтаптар кандай кыйынчылыктарга кабылат?

“Сергек жашоо” подкастында бул суроолорду дарыгер-гепатолог Дилшад Мамаджанов, "Гепатит менен күрөшүү" коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Анипа Надирова, гепатит илдетинин айынан жакында эле боорун Индиядан алмаштырып келген Мубара Шерматова менен талкуулайбыз.

"Гепатит D жана В көбөйүп кетти"

- Дилшад мырза, сөздү сизден баштайлы. Сизге күнүнө канча бейтап кайрылат, дегеле учурда гепатитке байланыштуу абал кандай?

Дилшад Мамаджанов
Дилшад Мамаджанов

Дилшад Мамаджанов: Бир күндө он чакты, бир айдын ичинде 200-300дөй киши келет. Мага эле ошончо адам кайрылат, башка дарыгерлер да бар да. Гепатиттин үч түрү В, D, С кан аркылуу жугат. Учурда бизде гепатит D жана В көбөйүп кетти. D вирусу медицинада дельта-агент деп аталат. Эң кооптуу, акырындап отуруп боордун циррозун пайда кыла турган вирус ушул. Гепатиттин В вирусун тизгиндеп турса болот, бирок ага D кошулуп кеткенде эч нерсе кыла албайбыз. Ал эми С менен ооругандар үч же алты ай ичинде сакайып кетет.

Экологиянын бузулганынан, сапатсыз тамак-аштын айынан вирустар мутация болуп жатат. Бул тууралуу вирусологияда да жазылган. Ошол себептүү гепатит D көбөйүп, Вга кошулганда боор бат эле жарабай калып жатат.

- Мубара айым, сиз гепатитке чалдыгып, жакында эле Индиядан бооруңузду алмаштырып келгениңизди айтып жатасыз. Бул илдетти кантип жугузуп алдыңыз эле?

Мубара Шерматова
Мубара Шерматова

Мубара Шерматова: Цирроз болуп калганга чейин менде гепатит бар экенин билген эмесмин. Курсагым шишип, алсырап, ооруп баштаганда гана УЗИге түшкөм. Ошол жерден боорум жарабай калганын билдим. Дарыгер “сен эми камына бер” деп ачык эле айтып койду. Ошол жерден кулап кала жаздап, катуу стресс болдум. Анан чыйралып, боорумду алмаштырууну чечтим. Индияга барганда аяктагылар "сага бул вирустун жукканына 20 жылдай болгон" дешти. Кудайга шүгүр, азыр жакшымын.

- Сизге ким донор болду?

- Бир тууган байкем.

- Индияга барып келгениңизге канча каражат кетти?

- Баш-аягы 30-32 миң доллар кетти. Бир жылдык дары-дармегимди да камдап келдим. Операциянын өзү 23 миң доллар болду.

- Дилшад мырза, гепатиттин дельта түрү, мутация тууралуу айтып өттүңүз, мен медик эмесмин, бирок эл арасында гепатиттин В түрүн жугузуп алган адам дарыланбай жүрө берсе, вирус Dга өтүп кетет деген сөздөрдү угуп калам. Бул илимий жактан ырасталган маалыматпы, канчалык чындыкка жакын? Дельта-вирус өз алдынча жугабы адамга?

Дилшад Мамаджанов: Гепатиттин В түрү Dга өтүп кетпейт. Эгерде кишинин организминде гепатиттин В түрү болсо, D вирусу (дельта- агент) кайсы бир жолдор менен кирип алат. В жок болсо, дельта өзү кире албайт, б.а. В жок болсо, D жашай албайт. Бирок D организмге кирип алган болсо, ал Вны жейт, ошонун арты менен күчтөнүп алып, боорду жарактан чыгарып, циррозду пайда кылат.

Эми дарылоо тууралуу айтсак, D вирусу активдүү болот, В активдүү болбошу мүмкүн. Мындайча айтканда, Вны алып жүргөн адамдын бир миллилитр канында вирустун өлчөмү 10, 20, 50 миң же андан да көп болуп чыга берет. Бирок ал D же С түрүндөй агрессивдүү болуп, боорду дароо талкалабайт. Бейтаптын боору таза болсо, биз B вирусуна каршы дары ичирбей, кубаттандыруучу гана терапия жүргүзүп турабыз. Ошондо организм вирус менен өзү күрөшө берет.

Эгер бейтап диета сактабай, спирт ичимдиктерин ичип, майлуу тамактарды жесе, беш-он жылдан кийин В вирусу активдүү формага өтүшү мүмкүн. Тактап айтканда, боордо май топтолуп калганда, вирус чабуул жасайт. Биз ошондо гана вируска каршы дары-дармектерди жазабыз. Азыр вируска каршы дары-дармектер аябай көп.

- Ушул жылдан баштап бейтапканаларда гепатитке каршы вирустук дарылар акысыз бериле баштаган экен. Жыйынтык кандай болуп жатат, дарыгер катары байкай алдыңызбы?

Дилшад Мамаджанов: Азыр Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында тенофовир акысыз берилип жатыптыр. Бирок тенофовир бейтаптарга мурдатан бери берилип келген таблетка. Азыркы вирустар аны тоготпой калган. Көп бейтаптар "беш-алты ай ичтик, бирок В вирусу нөлгө түшпөй жатат" деп даттанышат.

Азыр андан башка энтекавир, тенофовир-алафенамид деген күчтүү таблеткалар бар. Аларды үч ай ичкенден кийин В вирусунун кандагы көрсөткүчү нөлгө түшүшү мүмкүн. Эгер вирус нөлгө түшсө, боорго зыяны жок. Дары-дармекти туура тандоо - бейтаптын утушу.

Бирок эмканаларда догдурлар “сенин вирусуңду дагы билбейм, бооруңдун абалы кандай экенин дагы билбейм, ме, мобуну ич” деп жөнөтүп ийишет. Бейтап аны өз алдынча эле иче берет. Негизи дарыны кандай, кайсы маалда, эмне менен ичиш керектигин көзөмөл кылуу зарыл. Дары деле - химикат, туш келди иче берсе, ден соолукка зыян.

Подкастты бул жерден угуңуз:

Ошон үчүн мыкты дарыгерге келип дарылануу керек. Гепатитти гастроэнтеролог, терапевт эмес, гепатологдор дарылайт. Бирок бизде кесипкөй гепатологдор аз. Бизди окуткан мурдагы вирусолог-гепатологдордун жашы өтүп, 70-80ге келип калышты. Анүстүнө азыр дарылоо ыкмалары өзгөрдү.

Маселен, мен индиялык дарыгерлер менен кызматташам, өзүм Индияга барып-келип турам. Европага да барып, көп нерсени үйрөнүп келдик. Учурда дарылоонун жаңы усулдарын киргизүүгө аракет кылып жатабыз.

- Дагы бир кызык жагдай, эмнеге гепатиттин дарылары дарыканалардын баарында сатылбайт, бейтаптарга жеткиликтүү эмес, баасы да кымбат? Мунун себеби эмнеде?

Дилшад Мамаджанов: Анткени расмий алып келинбейт. Ишкерлер, фармкомпаниялар өз алдынча алып келет. 500дү же 1000ди алып келип, ошону дарыканаларга таратат. Аталган дарылар парацетамол же кардиомагнил сыяктуу туруктуу сатылбайт. Ишкер алып келсе сатылат, алып келбесе эч ким ичпей калат. Гепатиттин Европада өндүрүлгөн дарылары кымбат турат. Индияныкы да ошондой эле таасир берет. Тилекке каршы, азыр анын жасалмасын чыгарып, сатып жаткандар бар. Бул дагы дары-дармек соодасы көзөмөлгө алынбаганынын кесепети.

Европа же Түркияда рецептсиз эч нерсе берилбейт. Бизде дарыканадан эмнени кааласаңыз ала бересиз. Ошол себептүү бизде жасалма дары-дармектер көп, алардын айынан боор оорусу өтүшүп, циррозго айланып кетип жатат.

Мубара эже азыр Индиядан дары алып келгенин айтты. Ал вируска каршы дары, ошону ичет. Ал жакта бул дарылар болгону 900 же 2 миң сомдун тегерегинде гана турат. Бажы төлөмдөрү, жол чыгымы кошулуп отуруп бизге келгенде баасы 3,5 миңден сатылат. Европадан да ошондой жол менен келгендиктен баасы 15 миңге чыгып кетет.

Анипа Надирова
Анипа Надирова

Анипа Надирова: Дилшад айтып кеткендей, бизде гепатитке каршы дарыны соодагерлер гана алып келет. Эмнеге мамлекеттик мекемелер алып келбейт? Анткени гепатит менен канча киши ооруп жатканы тууралуу статистикалык так маалымат жок. Керектөө, муктаждык болсо, ошого жараша статистика жазылып, мамлекет алып келмек. Өзүңөр билгендей, буга чейин тендер менен алчубуз. Кудай буюрса, жакындан тарта "Кыргызфармация" иштегени турат. Эгер бул ишкана дарыны өндүргөн заводдун өзү менен келишим түзүп, түз алып келе турган болсо, бейтаптарга жеңил болмок.

Мисалы, энтекавирди мен 3 миң сомдон алып жүрчүмүн, тендер аркылуу алып келгенде баасы 500 сомго түштү. "Кыргызфармация" дары чыгарган завод менен түз байланыш түзсө, бул дары 300 сомдун тегерегинде болуп калат.

Ушуга чейин коомчулук менен мамлекеттик түзүмдөрдүн чогуу иш алып барбаганы гепатиттин жайылып кетишине түрткү болду. Бир үйдө жети-сегиз кишиге чейин жугуп кеткенде, бейтаптар чогулуп, чырылдап чыктык. Өкмөткө да жардам сурап кайрылдык, бирикме түздүк. Өз тирилигибизди таштап, дербиштердей болуп митингдерде жүрдүк. Мээнетибиздин акыбети кайтып, азыр мамлекеттик түзүмдөрдүн баары кыймылдап, иштей баштады.

- Өткөн жылдан баштап гепатитке каршы эмдөө акысыз болуп, бейтапканаларда сарыктын оор түрүнө чалдыккандарга вируска каршы дары бериле баштаганын айтып жатасыз да?

Анипа Надирова: 2022-жылдын 14-декабрынан тартып калкты гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө иши башталды. Ага чейин акысыз эмдөө ымыркайларга гана жүргүзүлүп, маалыматы барлар жана каалагандар жеке клиникалардан акы төлөп алып келген. Элдин көбү гепатитке каршы вакцина алса болорун билген да эмес. Вакцина үчүн мамлекеттик казынадан акча бөлүнүп, гепатиттин оор түрүн дарылоо жана аныктоо иши республикалык СПИД борборуна өткөрүлүп берилди. Анткени ВИЧтин жана гепатиттин жугуу жолдору менен дарылоо ыкмасы окшош экен.

2023-жылдын январь айынан тарта Кыргызстанда гепатиттин В жана С түрүн аныктап, дарылоо ишин мамлекет өз колуна алды. Ага ылайык, сарыктын оор түрлөрүн жугузгандан улам боор дарты өтүшүп кеткендер, трансплантация кылдыргандар, кош бойлуулар, кант диабети сыяктуу кошумча өнөкөт дарты барлар жашаган жериндеги бейтапканалардан кеп-кеңеш жана вируска каршы дарыларды акысыз алып, анализдерди тапшырса болот.

Ал эми гепатит жугуп, бирок ден соолугу жайында болсо аларга вируска каршы дары берилбейт. Аларга Дилшад айткандай, догдурдун көзөмөлүндө болуп, иммунитетин көтөрүп, боорун күчтөндүрүп туруу жетиштүү.


- Мубара айым, сиз Индияда операция болуп келдим дедиңиз. Учурда дарыгерге айына канча жолу барып турасыз, ден соолугуңузду калыбына келтирүү үчүн эмнелерди кылып жатасыз?

Мубара Шерматова: Индиядан келгениме он беш эле күн болду. Ар эки жумада анализ тапшырып турасыңар деп айтышкан. Андай анализдер да кымбат турат экен.

- Мисалы, канча акчаңыз кетти?

Мубара Шерматова: 5 миң сом кетти. Бул мен үчүн чоң акча. Бир айда эки жолу кан тапшырып жатам. Анализдин жыйынтыгын Индияга жиберип, дарыгерлер менен тыгыз байланышып турам. Үй-бүлөлүк дарыгериме да барып көрүнүп турам. Бирок бул жактагы гепатологдорго кайрыла элекмин.

"Боор талкаланса, баары талкаланат"

- Дилшад мырза, сиз бизде гепатологдор абдан аз, болсо дагы алардын дарылоо ыкмалары эскирди, жаңы адистер керек деп айтып кеттиңиз. Башкалар мындай жаңы ыкмаларды колдонуп жатат, бизге да ушундайлар керек деп, гепатологдор өзүңөр талап коюп, тийиштүү жактарга кайрылып көрдүңөр беле?

Дилшад Мамаджанов: Гепатологдордун бирикмеси бар. Бирок бул уюмда маселени кабыргасынан коюп, маселени чече турган лидер жок. Гепатолог – бул кууш адистик. Бул үчүн атайын окуш керек.

Мисалы, мен Медициналык академиянын жугуштуу оорулар бөлүмүн бүтүрүп, Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында ординатурада билимимди өркүндөткөм. Окууну төрт эле киши бүткөнбүз. Ошонун ичинен экөө жугуштуу оорулар боюнча адис болуп калып кетти, экөөбүз гепатолог болдук. Медакадемияны жылына болгону экиден гепатолог бүтүп чыгышы мүмкүн.

Мурда гепатолог адистиги хирургдай же тиш догдурдай кадыр-барктуу эмес эле, COVID-19 пандемиясы учурунда бизге, вирусологдорго муктаждык күчөдү.

Мен он жылдан бери боор оорулары менен алектенем. Бейтапты бул жакта өзүм даярдап, өзүм Индияга алып барып, кайра алып келип, жакшы болуп кеткенге чейин көзөмөл жүргүзүп турам. Боорду алмаштыруу - бул алгачкы гана баскыч, эң кыйыны – калыбына келтирүү (реабилитациялоо). Боор өзүнө келиш керек, ал донор органга жалгашып, жанданууга тийиш. Ошондо гана калыбына келет. Ошончо каражат кетирип, ден соолуктан айрылып, гепатологго барбай жүрсөңүз, аягы жаман болушу мүмкүн.

Бизде азыр БАК (биологиялык активдүү кошулмалар) саткандар көбөйүп кетти. БАК – бул тармактык бизнес. Азыр барып саамал ичип келейин, мобу кара зирени же дагы бир БАКты иче коёюн дегендер көп. Аларды саткандардын көбү медик эмес. Ошого карабай бейтаптын сакайып кетишине кепилдик берип, ишендирип сатып атышат.

Мен гепатолог болуп туруп бейтапка ар кайсы дарыны жазып бергенден корком, бейтаптын боорун кантип сактап калам деп түйшөлөм. Алар болсо коркпой эле бир күндө 10-15тен БАКты сыркоо адамга ичиришет. Аягы цирроз менен бүтүп атат.

Боор – бул чыпка да. Жеген-ичкенибиздин баары боордон өтөт. Аны иштен чыгарып алсак, эч нерсе кыла албайбыз. Ошон үчүн гепатитти ырааттуу дарылабаса, өтө кооптуу.

- Гепатиттин мынчалык жайылып кетишине эмне себеп болууда, көбүнчө кайдан жугат?

Дилшад Мамаджанов: Биз ар алты айда тиш догдурга, маникюр-педикюрга, косметологго барабыз, бирок догдурга текшерилгени барбайбыз. Менталитетибиз ушундай экен, буттарыбыз шишип, курсагыбызга суу толуп кетмейинче дарыланбайбыз.

Гепатит бизде көбүнчө тиш догдурдан жугуп атат. Бир адамга жуктубу болду, ал өзү билбейт. Алты айга чейин инкубациялык (байкалбаган) мезгили болот. Алты ай бою сиз эч нерсе биле албайсыз, анализден да чыкпайт, бирок башкаларга жуктуруп жүрө бересиз. Күйөөңүзгө жуктурасыз, балаңызга жуктурасыз, ошентип бүт үй-бүлөңүзгө тарайт.

Мен жугуштуу ооруларды көзөмөлдөөчү болуп иштегем. Ар бир стоматологияны текшергем. Жакында эле Ош, Жалал-Абадда 120 стоматологиянын 70тен ашууну расмий катталбай иштеп жатканы тууралуу кабар чыкты. Алардын ишмердиги текшерилеби, стерилизация, утилизация деген барбы?

Ковидден эки жыл ичинде канча адам каза болсо, бизде, Борбор Азияда цирроздон күндө ошончо киши өлөт. Бул боюнча эч ким статистика жүргүзбөйт.

Мага күн сайын он киши келет, мен маалыматты кайсы жакка беришим керек? Санэпидемстанция деген бар, ошолор мага келип маалымат алып, база түзүп, алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек эле. Мага келип “Дилшад, маалымат бер” десе, көзөмөлдөгүлө, статистикага киргизгиле деп бейтаптардын тизмесин бермекмин. Бизде андай нерсе болбой жатат, бул эң чоң көйгөй.

- Анипа айым, Дилшад мырза гепатиттин оор түрлөрү стоматологиядан, маникюр-педикюрдан жугуп жатат деп айтып жатат. Билимдүү коомдо маалыматтык кампаниялар дайыма жүрүп турат экен. Бизде эмне үчүн гепатит ушундай нерселерден жугат деп, дайыма айтып турган иш-чаралар болгон эмес? Маалыматтык кампанияны күчөтүү үчүн сиздердин бирикме кандай аракеттерди кылып жатат?

Анипа Надирова: Бизде үй-бүлөлүк медициналык борборлордо бейтаптарга жакшы маалымат берген дарыгерлер өтө аз. Гепатитке каршы акысыз эмдөө тууралуу буйрук чыккандан 4,5 ай өткөндөн кийин Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова менен №3 эмканага мониторинг жүргүзүү үчүн барганбыз. Ошол жерде вирустук гепатит жөнүндө бир кагаз илинбептир, абдан капа болдук.

Медициналык мекемелер маалымат бербесе, гепатит жугуп, боордун циррозуна, ракка өтүшүп кете берет да. Бул жерде дарыгерлер жоопкерчиликтүү болушу керек. Канча киши катталды, канчасы жаңы жугузуп алды, канчасынын оорусу циррозго айланып кетти – ошолордун баарын тактап, министрликке алып келип, "мен мынча жумуш аткарып койдум, кошумча акча төлө" десе, эч ким жок дебесе керек. Себеби, Эмгек кодексинде "кишинин аткарган жумушунун акысы төлөнбөй калбашы керек" деп жазылып турат.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратууда жетишпей жатса, Маданият министрлигин жардамга чакырып, биздеги “Билайн”, “Мегаком”, “О” сыяктуу байланыш компаниялары менен кызматташса болбойбу?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистерине биздин вирусологдор "7 миллион калктын 5% вирустук гепатит менен жабыркайт" деп маалымат беришкенде, алар муну алар эпидемия катары кабыл алышты. Бул февраль айында болгон сөз, азыр жай аяктап жатат. Жети-сегиз ай ичинде эпидемияга ушунчалык шалаакы мамиле кылышканы, “өлсөңөр өлө бергиле” деген менен барабар. Мен бул сөздү айткандан корпоймун, анткени бул илдетти мага жукпайт деп, жараткандан башка эч ким айта албайт.

Мубара Шерматова: Стоматологиядан, маникюрдан, тияк-бияктан жугат деп айтып жатпайсыңарбы. Мен өзүм да ашпозчу болуп иштеп жүрдүм, идиш да жуучумун. Ошол жерден жуктубу деп ойлой берем. Өзүмдүн башыман өттү, цирроз болгондо тиш тез-тез канайт экен. Балким ашканага цирроз менен ооруган киши келип, тамак ичкен чыгаар. Вирус 300 градуста өлөт деп жатабыз, идиш анча ысык сууга жуулбайт да. Мен мурда идиш жууган гелдерди көп колдончумун. Азыр Вотсап тайпалардан "гепатит идиш жуугуч каражаттардан жугат экен" деген маалыматтар келип жатат. Бул канчалык туура экенин билбейм, бирок мен азыр гелдин ордуна белизна (хлор-ред.) колдонуп калдым.

Дилшад Мамаджанов: Бул дагы маалыматтын жоктугунан чыккан сөз. Сиз бооруңузду алмаштырып келген киши катары гепатиттин эмнеден жугарын бизден да жакшы билишиңиз керек эле.

Гепатиттин А, В, С, D, Е деген беш түрү бар. А менен Е аба, суу аркылуу, байланыш болгондо, тактап айтканда, сиз айткандай кашык ж.б.у.с. аркылуу жугат. Калган В, С, D деген үч түрү жалаң кан аркылуу жугат. Мисалы, сиздин кашыгыңыз оозуңузга кирип, тишиңиз канаса, ал кашыкка жуккан канды кармаган кишинин колунда ачык жарааты болсо, ошондо 80% жугушу мүмкүн, 20% учурда жукпашы мүмкүн. Себеби, биздин каныбыз ичке карай тартпайт, сыртка атып чыгат.

Эмне үчүн биз гепатит стоматологиядан, маникюр-педикюрдан, ийне сайгандан жугат деп айтып жатабыз. Анткени алар кан менен иштейт.

Маселен, тишиңиз канаса, тиш щеткада калып кетет. Сизден кийин ошол щетка менен балаңыз тишин жууса, ошондо жугушу ыктымал. Эгерде колуңуз канаса, тырмак алгычтан да жугушу мүмкүн. Ал эми идиш-аяктардан жукпайт.

Гепатит В жуккандан кийин дайыма биздин организмибизде жашайт. Сандык анализ тапшырып жатпайбызбы, бир миллилитр канда вирустун өлчөмү кээде 10 миң, кээде миллион болуп кетет, ошол кандагы көчүрмөлөрү анын балдары. Вируска каршы дары-дармектер ошол балдарын эле өлтүрөт, өзүн өлтүрө албайт.

Гепатиттин В түрүн алып жүргөн адам тиш догдургабы же гинекологго барабы, алдын ала эскертип айтышы зарыл. Жогоруда айтып өткөндөй, гепатиттин В түрү корунучтуу эмес, D түрү коркунучтуу. Сиз В вирусту алып жүрсөңүз, тиш догдур сизге кошумча D вирусун жуктуруп койбошу керек. D жуктубу болду, цирроз башталат. Ошон үчүн ооруну догдурдан жашырбай, ачык айтуу керек.

Мен гепатолог катары В вирусу менен күрөшкөндү билем, D менен күрөшө албайм. Гепатиттин С түрүн дарылоо азыр оңой эле, эч кандай көйгөй жаратпайт. Мен 10-15 жылдан кийин В вирусу азаят деп ойлойм. Себеби, 2001-жылдан тартып, ымыркайлардын баары эмделе баштаган. Азыр ошол жылдары туулгандарда бул вирус сейрек кездешет.

Гепатит мага жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жалгыз гана кепилдик – бул эмдөө.

- Гепатиттин В түрү ысык-суукка чыдамкай келип, оңой менен өлбөйт турбайбы? Аны кантип жок кылса болот?

Дилшад Мамаджанов: Ал вирусту автоклав деген жабдык гана өлтүрөт. Тиш догдурлар, сулуулук салондору автоклавды алып туруш керек. Утилизация кыла турган аппараттар өзүнчө, алар кымбат. Стерилдөөчү аппараттар болсо көлөмдүү, көбү ошон үчүн коюшпайт.

Тиш догдурларда качан болсо кезек, жабдыктарды ким тазалайт, кандай тазалайт - ал жагын Кудай билет.

"Бир күндө он киши келсе, ошонун тогузу - аял"

- Мубара айым, кош бойлуу кезиңизде саламаттыгыңыз кандай эле? Өзүңүздү жаман сезген, чарчап-алсыраган учурлар болду беле?

Мубара Шерматова: Менин беш балам бар. 2019-жылы төртүнчү баламды төрөп, 2020-жылы ковид күчөгөндө пневмония менен ооруп калдым. Ошондо догдур жазган беш түрдүү антибиотикти бир учурда алган элем. Индияга барганда "ошол дарылар араң турган бооруңузду катырып салыптыр, цирроз ошондо башталган" деп айтышты. Пандемия маалында боюмда бар экен, пневмония менен алышып атып төрт айдан өткөндө араң билдим. Ал баламды каттоого турбай эле төрөдүм. Анткени карантин маалында эмканага баргандан коркчубуз.

Баламды төрөп, тогуз ай эмиздим. Жылкынын чучугун муздаткычка салып жеп жүргөм. Балким, ошол да боор оорусун козгоп кеттиби деп ойлойм. Ага чейин эч нерсе сезген эмесмин. Жөн эле чарчап жатам деп ойлочумун. Жаным жер тартып жаткым эле келе берчү. Курсагым шишигенден кийин байкадым.

- Дилшад мырза, сизден сурагым келип жатат. Гепатиттин В түрүн жугузган аял балалуу болгусу келсе, эмнелерди эске алышы шарт? Же төрөбөй эле койгону оңбу? Кош бойлуу болуу вирустун күч алышына түрткү бербейби?

Дилшад Мамаджанов: Мага азыр кош бойлуу аялдар көп келип, каттоого туруп жатышат. Биздин дарылоо протоколубузда "эгерде аял кош бойлуу болсо, вируска каршы дары-дармек ичүүгө болбойт" деп жазылган. Тек боорун жакшылап кубаттандырып туруу зарыл. Гепатит вирусун алып жүргөн аялдар тобокел тобундагыларга кирет. Анткени төрөгөндө кан кетет, кесарево болушу да мүмкүн, аны тигишет. Мындайча айтканда, кан болгон жерде тобокелдик күч. Ошол себептүү да аялдар гепатит менен көп ооруйт. Мага бир күндө он киши келсе, ошонун тогузу - аял.

Эгерде сиз гепатит менен ооруп жүрүп кош бойлуу болуп калсаңыз, тогуз ай эч кандай маселе жаралбай жакшы өтсө, балага жугуу коркунучу жок десек болот. Жакшы жери, биз бала төрөлөр замат эмдеп коёбуз. Балада оору барбы-жокпу, ден соолугу чың болот. Биз эмне үчүн төрөбөгүлө дейбиз. Анткени баланын эмес, аялдын ден соолугуна кам көрөбүз. Кош бойлууларды сактап калыш үчүн "циррозуңуз болсо төрөбөгүлө" дейбиз, анткени коркунуч аябай чоң. Цирроз жок болсо, гепатиттин В түрүн алып жүргөн аял төрөсө болот. Бирок ал биринчи кезекте "мен төрөгөнү жатам" деп, гепатологго кайрылышы керек. Эгерде канында вирустун өлчөмү көп болсо, кош бойлуу болгончо, вируска каршы таблетка ичет. Вирусту болушунча ылдый түшүрөбүз. Андан кийин төрөгөнгө даярданса болот. Бирок ар үч айда келип, текшерилип турушу шарт.

- Ымыркайга вирус сүт аркылуу жукпайбы?

- Жок, сүт аркылуу жукпайт. Эмизгенде жугат дегендин себеби эмнеде? Бала тиштеп алып эмчек канап кетсе, ошондо гана жугуп калышы мүмкүн. Мындай өтө сейрек болот. Негизи сүт аркылуу жукпайт.

- Сиз гепатиттин В түрүн дарыласа деле “энеси” организмде өмүр бою каларын айттыңыз. "Боорумду алмаштырып, вирустан кутулдум" дегендерди угуп калабыз. Демек, ал сөз чындыкка коошпойт тура?

- Ал миф, вирус толук жок болуп кетпейт. Мен ошон үчүн ар дайым бооруңарды сактагыла деп айтам. Боорду алмаштырган менен вирус жашай берет. Вируска каршы дары-дармектерди ичип, боорду кубаттандырып, өмүр бою диета сактап жашоого туура келет. Учурда С гепатитинин дарылары чыкпадыбы. Биз аны 100% дарылап жатабыз. В вирусунун үстүндө да изилдөөлөр жүрүп жатат, анын дарысы да чыгып калаар.

"Анализдин жыйынтыгынан төрт үй-бүлө ажырашты"

- Анипа айым, гепатит жуктуруп алгандардын көбү аялдар, жаш келиндер деп айтылып жатпайбы. Аларга жакындарынан кодулоо болгон учурлар барбы?

Анипа Надирова: Кандайдыр бир шылтоо менен кодулоо, басынтуу-кысынтуу кыргыздын канында бар нерсе, биз кеп кылып жаткан илдеттин айынан да ажырашып кеткен үй-бүлөлөр бар. Эри аялына "Мына, акчанын баары сага кетти, сенин дарың үчүн эле иштеп жүрөм, тиякка барбай калдым, биякка барбай калдым!" деп басмырлайт. Эркеги ооруса аялы "Мен сени оору дедимби, эмне жатасың иштебей!" дейт.

Боору ооругандардын көпчүлүгү алсырап, оор жумушка жараксыз болуп калат. Басынтып-кысынтуу ушундан башталат. Ал эми көпчүлүк билип калса, той-топурга чакырбайт.

Бизде былтыртан тарта эмдөө жана текшерүү (вакцинация) СПИД борборлоруна өткөрүлүп, акысыз жүргүзүлө баштабадыбы. Ошто ошол анализдин жыйынтыгынан төрт үй-бүлө ажырашты. Бул эмнеден келип чыкты? Бирөөнүн күйөөсү "Сен эмне үчүн анализди СПИД борборуна тапшырып жүрөсүң?" деп жаңжал салды. Аялы "гепатитке анализди ушул жактан тапшырат экенбиз" деп, чый-пыйы чыгып жатса да "жок, сен СПИД борборго тапшырдың, мында бир мандем бар" деп такыр түшүнгөн жок. Мындай көрүнүш азыркыга чейин уланып келе жатат.

Эмне үчүн мен Маданият министрлигине кайрылып жатам. Анткени бул министрлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө орчундуу роль ойнойт.

Дилшад Мамаджанов: Бул жаатта тажрыйбасы бар, кесипкөй гепатолог менен эмкананын жөнөкөй догдурунун айырмасы абдан чоң. Медициналык жактан гепатит менен ВИЧ экөө бир нерсе. Экөөнүн тең жугуу жолдору окшош. Болгону ВИЧ-инфекцияны кимдир бирөөлөр жакшы жарнамалап кеткен, гепатиттин оор түрлөрүнө дүйнөдө андай көңүл бурулган эмес.

Мисалы, ВИЧ менен ооруш үчүн 1 миллилитр кан жетиштүү. Ал эми гепатит менен ооруп калыш үчүн 000,1 миллилитр кан жетиштүү. Муну "суперинфекция", "супер контактный" деп коёт. Азыр ВИЧ кыйла азайды, гепатит тескерисинче көбөйүп жатат. Адис катары мага бир жылда ВИЧ жуктурган эки адам кайрылса, гепатит болгондор толтура келет.

ВИЧ жуккандар бир күндө бир таблетка ичип жүрө берет. Иммунитетти көтөрүп турса эчтеке болбойт. Гепатитте боор жарабай калса эч нерсе кыла албайбыз.

ВИЧ жыныстык катнаштан жугары айтылат. Болгону 5% гана ошол жол менен жугат. Калганы орусча айтканда "гемотаконтактный", б.а. ошол эле баңгиликтен, стоматологиядан ж.б.у.с. нерселерден жугат.

Азыр бир ВИЧ чыгып калса болду, санэпидемстанция дүрбөлөң кылып, ал кишинин үйүн тытып жиберет. Гепатит да ошондой эле кооптуу илдет, бирок көңүл бурушпайт.

- Эгерде адамдын боору начар болсо – гепатиттин В же В+D түрлөрүн алып жүрсө, башка органдарына да таасир этиши мүмкүнбү?

Дилшад Мамаджанов: Киши гепатиттин В, айрыкча В+D түрүн жуктуруп алып, дарыланбай жүрө берсе, боордун рак оорусу пайда болушу 50% ыктымал. Цирроз дагы онкологиялык илдеттей эле оор.

Боор менен өттүн, ашказан менен өттүн, көк боордун кызматы - эриш-аркак. Эң башкысы, боор канды чыпкалап, тазалап турат. Эмне үчүн биз шалдырап, эч нерсе кылгыбыз келбей калат? Анткени каныбыз коюлуп кетет. Тактап айтканда, каныбыз чыпкаланбай, токсиндер же кандагы уулар мээбизге келет. Ошондо биздин маанайыбыз чөгөт, нервибиз жукарат. Ачуубуз тез келип, урушкубуз эле келе берет. Көздөрүбүз, денебиз саргарып же карарып кетет. Атүгүл ажатканага барганыбыз да алмашат. Жүрөк ооруса инфаркт болосуз, бөйрөк катуу ооруса иштебей калат, ал эми боор ооруса бүт организм ууланып, жарактан чыгат. Кишинин негизги органы жүрөк дейбиз, жок, жүрөк эмес - боор. Боор иштебей калдыбы болду, шишип, организм сууга толуп кетет.

Азыр жүрөктү операция кылып айыктырса болот жана анын операциясы анча деле кымбат эмес. Ал эми боор - биздин кыймылдаткычыбыз, биздин каныбызды чыпкалап турган нерсе, ошон үчүн боорду сакташ керек.

- Бейтаптарыңызга Индиядан алынып келинген дарыларды дайындайм деп жатасыз. Аларды кайдан алышат?

Дилшад Мамаджанов: Ошол эле ишкерлер алып келет. Ошолордон барып ал деп айтам. Эгерде дарыканада бар болсо, дарыканадан алышат. Бир миллилитр канында вирустун көрсөткүчү миллион, миллиард болуп кеткен бейтаптар келет. Мен аларга вирусту нөлгө түшүрчү бир-эки дары бар, ошолорду сатып ал дейм. Бирок алар эң арзанын, 1,5 миң же 2 миң сомдугун алышат. Ал дарылар вирусту өлтүрө албайт, анан “Сиз жаман догдур экенсиз, жазган дарыларыңыз жардам бербеди” деп келишет. Гепатиттин В вирусуна каршы 2 миңден 15 миң сомго чейинки ар түрдүү дарылар бар. Жакшысын тандатып, абалын көзөмөлдөп турсаң, сөзсүз натыйжа болот. Мен Инстаграм баракчамда дарылоомдун жыйынтыгы тууралуу байма-бай маалымат берип турам.

Жогоруда эмдөө гепатит Вны жуктурбоонун жападан жалгыз таасирдүү жолу экенин айтып кеттик. Көпчүлүк молдолор эмдөөгө каршы үгүт жүргүзүшөт эмеспи. Өткөндө Таластан бир бейтап келди. Менден кичүү экен, бирок сакал коюп алыптыр. Аялы дагы оронуп алган. Эки-үч жаштын тегерегиндеги эки баласы бар экен. “Арам” деп балдарга вакцина алдырбаптыр. Ал киши өзү гепатиттин В түрү менен ооруйт экен, вирус аялына, аялы балдарына жуктуруптур. Балдарынын 1 миллилитр канынан 56 миллиард вирус чыкты. Мындай өлчөмдү ушунча жыл иштеп жүрүп көргөн эмесмин. Балдарга он жашка чейин таблетка ичкенге болбойт, аларга сироп бериш керек. Андай сироп Европадан келет. Атайын буюртма менен алдырып, дарылап атып, вирустун өлчөмүн 100 миңге түшүрдүк. Бул сан дагы көп. Эгер дарылабасак, цирроз болмок.

- Гепатит Внын вирусун алып жүргөн, бирок D вирусун жуктурбаган бейтап орточо канча жыл өмүр сүрөт?

Дилшад Мамаджанов: Кудайым канча өмүр берсе, ошончо жашайт. Айрым В вирусу бар бейтаптарды он жылдан бери дарылап жүрөм, боору таза, сонун иштейт. Туура тамактанат, ичимдик ичпейт, ачуу, майлуу жебей, диетаны сактайт. Оорунун күчөп кетишине өзүбүз себепкер болобуз. Боорубузга кам көрбөй оозубузга келгенди жеп-ичебиз, оор нерсе көтөрө коёбуз же кошумча вирус илештирип, иммунитетибизди түшүрүп алабыз.

Организм алсыраганда вирус күчтөнүп, көбөйөт да, боорду циррозго жеткирет. Цирроз болгондон кийин бүттү – боорду алмаштыруу керек. Боорду алмаштыргандан кийин калыбына келгенге чейин жана андан кийин да өтө этият болуп жүрүш керек.

Гепатит тууралуу кошумча маалыматтар:

  • Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, Жер шарында гепатиттин С жана В түрү жылына 1 миллиондон ашуун адамдын өлүмүнө себепкер болот. Күн сайын вирусту 3 миллиондой адам жугузуп алса, 3 миң адам андан көз жумат. 350 миллион адам өнөкөт гепатит дарты менен жашайт. Дүйнө жүзү боюнча 28-июль гепатитке каршы күрөшүү күнү катары белгиленет.
  • Кыргызстандын вирустук гепатиттерди көзөмөлдөөчү борборунун июнь айында берген маалыматында, 2023-жылдын төрт айында 7537 адам гепатиттин С жана В түрү менен каттоого алынган. Өлкөдө болжол менен 150 миңдей адам вирустун бул түрлөрүн алып жүрөт. Бирок адистер реалдуу сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет. Себеби, көпчүлүк бейтаптар бул илдетти жугузуп алганын байкабайт.
  • Гепатиттин В түрүн 1964-жылы америкалык врач, вирусолог Барух Самуэль Бламберг ачкан. Бул үчүн ага 1976-жылы Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Гепатиттин D түрү 1977-жылы гепатиттин В түрүнө чалдыккандарды изилдөө маалында табылган. Дельта-агент деп аталган бул вирус гепатиттин В түрү болбосо өз алдынча жашай албайт.
  • Гепатиттин С түрү 1989-жылы америкалык вируслогдор Харви Олтер, Чарльз Райс жана британиялык вирусолог Майкл Хотон тарабынан табылган. Бул медицинада гепатитти дарылоону жеңилдетип, өлүмдү азайтууга чоң салым кошкон. 2020-жылы, туура 31 жылдан кийин гепатит Сны тапкан үч вирусологго медицинада ачылыш жасаганы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган.
  • Кыргызстанда гепатитке каршы акысыз эмдөө 2022-жылы жүргүзүлө баштаган. Быйыл, 2023-жылдан тарта гепатитти дарылоону мамлекет өз колуна алып, көзөмөл жүргүзүү иши СПИД борборуна өткөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG