Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

КМШда адам укугунун абалы начар


Орусиядагы саясий туткундарга боштондук сурагандардын акциясы.
Орусиядагы саясий туткундарга боштондук сурагандардын акциясы.

Өзбекстан жана Түркмөнстан дүйнөдөгү эң зулум өлкөлөрдүн тобуна кирет. 2013-жылы Орусия, Украина, Казакстан жана Азербайжанда жарандардын саясий укуктары жана эркиндиктери бир кыйла начарлады.

Жетинчи жыл удаа дүйнөдө адам укуктарынын абалы осолдоп барат. Мындай узак көрүнүш, дүйнөдөгү эркиндикти 41 жылдан бери изилдеген Freedom House уюму 23-январда жарыялаган жылдык докладына караганда, биринчи жолу байкалууда.

Баш кеңсеси АКШда орношкон бейөкмөттүк уюмдун кеңири изилдөөсүнө караганда, экс-советтик мейкиндиктеги дөө-шаа Орусияда Владимир Путин оболу президенттик орунга отургандан баштап, Кремл антидемократиялык саясатын күчөткөн.

"Фридом Хаустун" вице-президенти Арч Паддингтон “Азаттык” радиосуна курган маегинде Орусияны мындай деп сыпаттады:

- Орусия өз чөлкөмүндөгү эң албеттүү держава. 2000-жылы Путин президент болгондон бери абал начарлап, жарандык коомдор, саясий оппозиция, калган-каткан көз карандысыз медиа ырааттуу куугунтукталууда. Мунун баарын биз тескери баалайбыз жана Орусияны чынында эле дүйнөдөгү эң авторитардуу өлкө деп билебиз.

1991-жылкы август окуяларына арналып өткөн демонстрациянын катышуучулары. Эркиндик күнү. Москва, 22-август 2013
1991-жылкы август окуяларына арналып өткөн демонстрациянын катышуучулары. Эркиндик күнү. Москва, 22-август 2013
Атап айтканда, Орусияда кумса, бисексуал, транссексуалдар жана этностук азчылыктарга каршы чаралар кабыл алынып, маалымат каражаттарын көзөмөлдөө күчөтүлгөн. Украина жана Армениянын Евробиримдик менен байланышын бекемдөө аракетин көрүп, Москва ага жол бербөө амалын кылган.

"Фридом Хаустун" докладында Украинада Виктор Янукович президент болгондон кийинки төрт жылда демократия артка кетенчиктеп баратканы белгиленет. Паддингтон соңку күндөрү украин полициясы менен нааразылардын Киевде чабышканына кабатырланып, бул окуяларды батыл сындабады деп АКШны күнөөлөйт:

- Бизди Украина абдан тынчсыздандырат. Янукович бийликке отургандан тарта абал осолдоодо. Бизди Америка өкмөтүнүн украин жетекчилигинин саясатына чечкиндүү нааразылык билдирбегени да тынчсыздандырат.

Евромайдан. Киев, 23-январь 2014
Евромайдан. Киев, 23-январь 2014
Киевдеги өкмөткө каршы чыгуулар 21-ноябрда башталган. 22-январдагы полиция менен эрегиште бери дегенде үч жаран өлүп, 300дөй адам жараат алганы кабарланды.

Изилдөө Түркмөнстан жана Өзбекстанды жарандардын сөз эркиндиги, маалымат алуу жана жыйналуу укугу өңдүү демократиялык баалуулуктары аёосуз бузулган дүйнөдөгү эң жаман 10 өлкөгө кошкон. Беларус алардан бир аз эле айырмаланат.

Арч Паддингтон Батыш мамлекеттерин Борбор Азиянын адам укуктары бааланбаган өлкөлөрү менен экономикалык жана стратегиялык жактан кызматташууну токтотуп, демократиялык стандарттарды жакшыртуусу үчүн аларга катуу басым жасаганга чакырат:

Өзбекстандын бажыканасында жарандарды текшерүү
Өзбекстандын бажыканасында жарандарды текшерүү
- Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстандын да упайы аябай төмөн. Борбор Азияда энергияга бай же стратегиялык жактан маанилүү өлкөлөргө бир стандарт, калгандарга башка стандарт деген лакапты көрөбүз. Дүйнөдөгү эң репрессивдүү режимдер Борбор Азияда жана бул режимдерге Кошмо Штаттар же Европа Биримдиги тараптан көңүл бурулбайт.

Белгилей кетели, эл аралык "Хюман Райтс Уотч" уюму да апта башында чыккан жылдык изилдөөсүндө, Түркмөнстан менен Өзбекстанды дүйнөнүн адам укуктарынын абалы өтө начар мамлекеттери деп атаган. Казакстанда да жарандардын жыйналуу жана сөз эркиндиги осолдоп баратканына көңүл бурулган.

"2013-жылы Пакистанда абал жакшырып, “шайлоо демократиясы” макамына ээ болду. Ал эми Ооганстанда демократиянын абалы өткөн жылы начарлаган. Түркияда жарандардын саясий укуктары тескери кетсе, Египетте карама-каршылуу жараяндар жүрүүдө. Грузия жана Молдовада оң жылыштар байкалды", - деп айтылат бейөкмөттүк "Фридом Хаус" уюмунун дүйнөдөгү эркиндик тууралуу жылдык изилдөөсүндө.

XS
SM
MD
LG