Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Өзбек пахта талааларында өлгөндөр


Кашкадарыянын талааларында пахта терген окуучулар, 21-октябрь, 2012
Кашкадарыянын талааларында пахта терген окуучулар, 21-октябрь, 2012

Өзбекстанда быйылкы пахта терими учурунда кеминде беш студент түрдүү себептер менен көз жумганы аныкталды. Эң соңку окуя 22-октябрда Бухара облусунда болгон.

Бухарадагы Жогорку технологиялар институтунун инженердик факультетинин 3-курсунун Үмүт деген студенти дүйшөмбүдө кечинде пахта териминен кайтып келатканда жол кырсыгында өлгөнүн пахта териминдеги башка бир студент айтты. Бирок ал “Азаттыктан” үнүн жаздырбоону өтүндү.

Атын да атабоону каалаган бул кишинин билдиргенине караганда, Үмүттүн жасатын ата-энеси эртеси келип алып кетишкен.

Бухарадагы ал окуу жайдын ректоратынын өзүн тааныштырбаган өкүлү окуя чындап эле болгонун ырастады, бирок анын чоо-жайына токтолгусу келген жок.

Мындан бир аз мурдараак 8-октябрда Кашкадарыя облусунун Шахрисабз шаарында 18 жаштагы жигит милиционерлердин ур-токмогунан өлгөн болчу. Ал мугалим болуп иштеген апасынын ордуна 6-октябрда пахта тергени келген экен. Кичине иштегенден соң бала ооруп жатканын айтып, үйгө кайтканы жатканда эки милиционер "эч жакка барбайсың" деп аны сабап салышкан. Оор абалда ооруканага жеткирилген жигит ошол жерде көз жумган болчу.

Пахта тергени бараткан студенттер
Пахта тергени бараткан студенттер
30-сентябрда болсо Жиззах шаарындагы Көркөм сүрөт колледжинин 2-курсунун студенти Азиз Бахтиеров пахта терип жаткан жерде жүрөгү кармап өлгөнү кабарланды. Мында да 18 жаштагы жигиттин өлүмү жөнүндө “Азаттыктын” өзбек редакциясына атын атагысы келбеген пахта терүүчүлөрдүн бири айтып берген.

"Аны “Достук” ооруканасына алып келишти. Андан ары табытканага алпарышты. Ата-энесине кабар беришкен, бирок алар келгенче, өзүңүз билесиз да моргдо кандай экспертиза кылып текшеришет... Анын өлүмүнүн себебин булар жүрөгүнөн эле көрүп жатышат", - деди атын атагысы келбеген бул киши.

“Жүрөгү оорукчан адамды кантип пахта талаасына иштетишет?”, - деп зээни кейигенин жашырбайт биздин маектешибиз. Бирок бул аймактагы жалгыз окуя эмес экен.

"Ошол эле күнү Бахтиеров Азизден кийин “Достук” ооруканасына Ташкенден пахта тергени келген дагы бир ашарчынын өлүгүн алып келишти, - деди ал андан ары сөзүн улай. - Анын жашы улуураак болчу, фамилиясын билбейм".

Бул окуялардан сырткары, 17-сентябрда Ташкен облусунун Аккоргон районунда 55 жаштагы Игорь Ячкевский пахта терип жаткан жеринен жүрөгү кармап жан бергени, андан бир күн мурда Каракалпакстандын Мискин айылында пахта териминен качып баратып эки студент поезддин астында калып мерт болгону кабарланган.

Пахта терген мугалимдер
Пахта терген мугалимдер
Ошентип быйыл Өзбекстанда пахта терими учурунда өлгөндөрдүн саны, “Азаттыктын” өзбек редакциясынын эсебинде, жети адамга жетти.

Быйыл пахтаны терүү иштерине мектеп окуучуларын чыгарууга өкмөт тыйуу салган. Анткен менен жалпы өлкө боюнча бюджеттик жана жеке менчик сектордун бардык кызматкерлерин талаага чыгаруу боюнча кеңири аракеттер көрүлүүдө.

Өкмөттүн жеткинчектерди оор ишке тартууга каршы көрүп жаткан аракеттери тууралуу убадаларына карабай, ушул аптада өзбек адам укугун коргоочулардын альянсы Кашкадарыя облусунда пахта талааларында 11-12 жаштагы балдар иштеп жатышканын билдиришти. Алар интернетте балдардын сүрөттөрүн да жарыялады.

Кабарга караганда, алар 20-сентябрдан бери талааларда иштеп жатышат. “Жекшембиде да окуучулар ишке чыгышат”, - деп билдирген ал жердеги мугалимдердин бири.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG