Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Керри: Иран макулдашууну кабыл албады


Жон Керри Абу-Дабиде. 11-ноябрь, 2013 -жыл.
Жон Керри Абу-Дабиде. 11-ноябрь, 2013 -жыл.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча соңку сүйлөшүүлөр дүйнө державалары арасындагы пикир келишпестиктен улам майнапсыз аяктады деген ырастоолорду АКШ Мамлекеттик катчысы четке какты.

Жон Керри ошондой эле болочок макулдашуу боюнча Израилдин камтамага түшүүсү да эртелик кыларын белгиледи.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча апта соңундагы сүйлөшүүлөр Франциянын турумунан улам жыйынтыксыз аяктады деген маалыматтарды Жон Керри Абу-Дабиде жүргөн жеринен төгүндөдү.

АКШ Мамкатчысынын ырастоосунда, ири державалар сүйлөшүүдө бир фронт менен чыгышты. Бирок сунушту ирандыктар кабыл албай коюшту:

- Жумуштун оору жасалды, жылыш болду. P5+1 биримдикте. Балким ажырым документ кандай жазылышы керектиги боюнча гана бар, ал эми концепция боюнча биз бир турумдабыз. Конкреттүү учурга келгенде, конкреттүү сунушту ирандыктар кабыл албай коюшту.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия (P5+1 тобу) менен Ирандын дипломаттары өткөн апта соңунда Женевада үч күн бою жабык эшик артында ургалдуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн эле.

Женевадагы сүйлөшүүлөр. 9-ноябрь, 2013-жыл.
Женевадагы сүйлөшүүлөр. 9-ноябрь, 2013-жыл.
Узакка созулган туңгуюктан кийин мунаса табылат деп күтүлгөн сүйлөшүүлөр кайра эле натыйжасыз аяктады. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин дипломаттарга шилтеме берип жазганына караганда, Ирандын уран байытуу укугун расмий таанууну талап кылышы сүйлөшүүдөгү башкы тоскоолдук болгон.

Кийинки сүйлөшүү 20-ноябрда өтөт деп күтүлүүдө.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керринин болжолунда, мунаса бир ай ичинде табылып калышы ыктымал. Бирок, ал Вашингтон буга ашыкпай турганын да ишара кылды:

- Бул кандайдыр бир макулдашууну бүткөрө салууну көздөгөн жарыш эмес. Мен өзүм жана президент Обама да бир нече жолу айткандай, жаман макулдашууга караганда, макулдашуунун жоктугу жакшы.

Жон Керри болочок макулдашуу АКШнын союздашы Израилди да коргой турганын кошумчалады. Анткени, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран менен ыктымал макулдашууну айыптаган. Бирок Керринин айтымында, Израилдин камтамага түшүүсү эртелик кылат:

- Оюнду бүткөрүү жөнүндө эч кандай макулдашуу жетишиле элек. Бул али сүйлөшүлүп жаткан маселе. Каршылыкты макулдашуу кандай экенин көргөндөн кийин гана билдирүү керек. Мүмкүнчүлүктөрдү издөө аракеттерине каршы чыкпоо зарыл.

Бул аралыкта Атом энергетикасы боюнча эл аралык уюм - МАГАТЭ Иран өкмөтү менен кызматташтыктын негиздери боюнча макулдашуу түздү. Ага ылайык, Иран үч ай ичинде МАГАТЭнин инспекторлоруна Гачин уран шахтасына жана оор суу менен иштөөчү Арак өзөктүк реакторуна кирүүсүнө уруксат берет. МАГАТЭ башчысы Юкио Амано Тегерандагы басма сөз жыйында:

Амано жана Салехи сүйлөшүүлөрдөн кийин. Тегеран, 11-ноябрь, 2013-жыл.
Амано жана Салехи сүйлөшүүлөрдөн кийин. Тегеран, 11-ноябрь, 2013-жыл.
- Иран менен МАГАТЭ ортосундагы кызматташтык алкагында биз текшерүүлөр жаатында да иштешебиз. Ал текшерүүлөр МАГАТЭ тарабынан учурдагы жана мурдагы маселелерди чечүү үчүн жүргүзүлөт.

МАГАТЭ башчысы Юкио Амано менен Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттигин башчысы Али Ахбар Салехи сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Салехинин айтымында, бул макулдашууга өлкөнүн президенти Хасан Роухани башкарган Коопсуздук кеңеши тарабынан уруксат берилген.

МАГАТЭ менен жетишилген макулдашуу шарттары боюнча, Иран жаңы реакторлору жана болочок АЭСтер курулуучу жайлары тууралуу да маалымат берип турат.

Батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайт деп айыптаса, Тегеран мындай ырастоолорду төгүндөп келет.

Эки тараптын сүйлөшүүлөрү Иранда быйыл жайда бийлик алмашкандан тарта жанданган. Буга бир эсе БУУнун Коопсуздук кеңешинин, АКШ менен Еврошаркеттин санкцияларына кабылган өлкөдөгү экономикалык оор жагдай да түрткү бергендей.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG