Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:38

Иран АКШ менен диалог курууга даяр


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Тегеран АКШ менен атомдук программа боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин маалымдады.

Кечээ Америка президенти Барак Обама Ирандын жетекчиси Хасан Роуханиден кат алганын кабарлаган. Маалыматтарга ылайык, эки президент Нью-Йоркто 24-сентябрда өтө турган Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясынын алкагында жолугуусу ыктымал.

АКШ менен Ирандын түз сүйлөшүүсү акыркы жолу 1977-жылы өткөн. Зариф Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг менен Нью-Йоркто жолугарын Ливандын “Ал-Майадин” телеканалы кабарлады. (BAz)

XS
SM
MD
LG