Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

АКШ: "Сэнди" 40 адамдын өмүрүн алды


АКШда "Сэнди" бороону
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Бороон аралаш суу ташкын АКШнын түндүк-чыгышында электр зымдарын кыйратып, 6 миллиондой адам жарыксыз калды. Президент Барак Обама Нью-Йорк, Нью-Жерси штаттарында өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ылдамдыгы саатына 140 чакырымга жеткен бороон АКШ жана Канадада 40тан ашуун адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Адамдар суу ташкындан эмес, катуу шамалдын айынан бак-дарак, темирден тургузулган жол белгилери кыйрагандан улам каза болушканын батыш маалымат каражаттары жазып чыкты.

Бороон эки АЭСтин ишин үзгүлтүккө учуратып, электр зымдарын кыйратып, алты миллиондой адамды жарыксыз калтырды. Жергиликтүү бийликтер электр жабдыктарын кайра калыбына келтирүү үчүн бери дегенде бир апта убакыт талап кылынаарын билдиришүүдө.

Катуу суу ташкыны өзгөчө Нью-Йоркто тийип, кээ бир райондордо суунун деңгээли төрт метрге чейин көтөрүлүп, шаардык метрону суу каптады. "Метрополитен системасы курулган 108 жылдан бери биз мындай катаал кырсыкты баштан кечирген эмеспиз", - деп билдирди шаардык транспорт башкармалыктын жетекчиси.

Президент Барак Обама Нью-Йорк штатын "табигый кырсыктын аймагы" деп атап, жарандарды жергиликтүү бийликтердин айтканы менен болууга үндөдү. Шамалдын айынан электр зымдары кыйраган учурда бир нече өрт чыкканы катталды.

Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг жашоочуларды үйлөрүнөн чыкпай отурууга чакырды:

- Эгер сиздер үйүңөрдө же башка коопсуз жайда болсоңор, ордуңардан жылбай тургула. Көчүрүп кетүү убактысы бүттү. Көчөлөрдө кырдаал коркунучтуу абалда, жакынкы сааттарда абал мындан да курчушу мүмкүн.

Мэр Блумберг сыяктуу эле кооптуу делген 7 штаттын губернаторлору да тургундарга ушундай чакырыктар менен улам-улам кайрылып жатышат. Нью-Жерси штатынын губернатору Крис Кристи жергиликтүүлөрдү коопсуз жайлардан чыкпоого үндөп, туристтерге да мынтип кайрылды:

- Бул жакка келээрден мурун ар бириңер өзүңөргө өзүңөр суроо бергиле. Эгерде эч нерсеге карабай жолго чыксаңар, анда чоң ката кетирген болосуңар. Үйүңөрдө эле болуп турсаңар деп суранабыз.

"Сэнди" ураганынан улам Мэриленд, Пенсильвания, Виржиния, Колумбия округунда, Түндүк Каролинанын жээк райондорунда жана башка бир нече штатта өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бороон жалпысынан АКШнын 12 штатына кооптонуу жаратты, 15 миңдей авиакаттам учпай калды.

"Азаттык" Нью-Йорк шаарында жашаган кыргызстандык студент Максат Дүйшалиев менен байланышып абалды сурады:

- Сыртка байкоо салганы чыгып, 2 мүнөттө эле суу болуп келдик. Суу аралашкан шамал уруп турат. Бороон башталат дегенде эле америкалыктар азык-түлүгүн камдап, жарыктын өчүшүнө да даярданышкан. Биз да эл катары азык-түлүгүбүздү белендеп отурабыз.


Адистер бороон чапкын менен суу ташкын үч суткага чейин созулат деп болжошууда. Президент Барак Обама Нью-Йорк жана Нью-Жерси штатындагы кырдаалды «масштабдуу катастрофа» деп атап, өзүнүн шайлоочулар менен жолугушуу пландарын артка жылдырды. Анын атаандашы Митт Ромни дагы шайлоо өнөктүгүнүн графигин өзгөртүүгө мажбур болду.

АКШнын федералдык мекемелери жана Нью-Йорк биржасы да ишин токтотту. Бул 1988-жылдан бери аба ырайынан улам биржа иштебей калган биринчи көрүнүш.

Адистер "Сэнди" ураганынан АКШ экономикасы 20 млрд. доллар зыян тартышы мүмкүн деп болжошууда.

«Сэнди» ураганы буга чейин Кариб бассейниндеги өлкөлөрдө 70тей адамдын өмүрүн жалмаган.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG