Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

АКШнын түндүк-чыгышы бороон менен алышууда


АКШда "Сэнди" бороону
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Океандан келген катуу бороондон жана суу ташкындан азырга чейин кеминде 14 адамдын өмүрү кыйылганы кабарланууда.

Шамалдын ылдамдыгы саатына 135 чакырымга чейин жеткен “Сэнди” ураганы Бишкек убактысы боюнча бүгүн таңкы саат алтыларда Нью-Жерси штатындагы Антлантик шаарына сокку ургандан кийин тропикалык бороон баскычына түшүрүлдү.

Анткен менен анын талкалоочу кубаты сакталууда. Жалпысынан АКШнын түштүк-чыгышында, бир жарым миллиондой турак үй же алты миллиондой адам электр кубатысыз калды.

Океандан келген катуу бороондон жана суу ташкындан улам АКШ менен Канадада азыркыга чейин кеминде 14 адамдын өмүрү кыйылганы кабарланууда.

Катуу шамал бак-дарактарды омкоруп, электр зымдарын үстү. Кеминде эки АЭСтин ишин үзгүлтүккө учуратты.

Нью-Жерси штатынын бийликтери Атомдук электр станциялардын биринде чукул абал жарыялашты. Алардын айтымында, суу ташкындын күчөшү АЭСтин реакторун муздатуу үчүн башка булактан суу колдонууга мажбуралашы мүмкүн.

Ал эми Нью-Йоркто бийликтер АЭСтин бир бөлүгүн жабышты. Бирок андан коомчулукка кандайдыр бир коркунуч жок.

Мындан сырткары Нью-Йорк бийликтери шаардык мэтронун кеминде жети туннелин, алты автобустук паркты суу басканын билдиришти.

Кеминде бир ооруканадан бейтаптар эвакуацияланды.

Өзгөчө абал Нью-Йорктон тышкары Мэрилендде, Пенсильванияда, Виржинияда, Колумбия федералдык округунда, Түндүк Каролинанын жээк райондорунда да жарыяланган.

Бороондун толук зыяны азырынча белгисиз, ал алдыдагы күндөрү гана чыгарылат.

АКШнын федералдык өкмөтүнүн мекемелери, Нью-Йорк биржасы бүгүн да иштебейт.

Жаратылыш кырсыгы АКШдагы президенттик шайлоонун бир апта алдына туура келди. Мындан улам президенттикке талапкерлер да шайлоонун соңку күндөрдөгү пландарын өзгөртүүгө аргасыз болушту.

Маселен президент Барак Обаманын шайлоонун жалпы жыйынтыгына олуттуу таасир берүүчү Флорида штатындагы үгүт өнөктүгүнө барбай калды. Обаманын ордуна бул штатка Демократиялык партиянын башка өкүлү, мурдагы президент Билл Клинтон жөнөдү.

Республикалык партиянын талапкери Митт Ромни жана шайлоо алдындагы бир нече митингдерин токтотту.

Байкоочулардын баамында, “Сэнди” бороону көптөгөн шайлоочуларга алдын ала добуш берүүсүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Сурамжылоолорго караганда, азыркыга чейин Обама жактоочуларынын 15%, Ромнинин жактоочуларынын 17% эртелеп добуш берген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG