Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Мормон деген кимдер?


АКШда Республикачыл партиядан президенттикке үмүткер Митт Ромнинин мормон дини тууралуу америкалыктардын өздөрү көп биле бербейт. Айрымдар "мормондор көп аял алат" деп шакаба чегишет.


please wait

No media source currently available

0:00 0:05:47 0:00
Түз линк


Америкалык мормондор Крисмасты же Иисус Христостун туулган күнүн Христосту кудай жана жол көрсөтүүчү катары даңазалаган ырлар менен шаңдуу, бирок бөлөк христиндарга аралашпай, адаттагыдай эле өз алдынча майрамдашты. Бирок мындан көп өтпөй, мормон чиркөөсү көпчүлүктүн көңүл чордонунда калды.

Январдын башында мормон чиркөөсүнүн мүчөсү Митт Ромни келерки ноябрдагы президенттик шайлоого Республикачыл партиянын өз ичинен талапкерлерди тандооонун алгачкы баскычын Айова штатында утуп алды. Ал эми 10-январда Жаңы Гэмпширдеги штаттар боюнча алдын-ала шайлоодо жеңип чыкты. Ошону менен ал 1976-жылдан бери биринчи жолу бул маанилүү эки добуш берүүнү президент болбой туруп жеңип алган алгачкы республикачы болуп калды.

Республикачыл талапкер Митт Ромни
Республикачыл талапкер Митт Ромни

Митт Ромни азыркы президент Барак Обама менен президенттик ат салышуусу мүмкүн болгондордун алдыңкы сабына чыгышынан улам америкалыктар айрыкча анын көпчүлүк түшүнө бербеген мормон динине кызыгышууда.

Дүйнөдөгү ири диндерден айырмаланып, мормонизм пайда болгонуна 200 жыл да болот элек жаңы ишеним. Анын мүчөлөрү XIX кылымда жашап өткөн америкалык диний жол башчы Жозеф Смиттин окуусун колдонушат. Эл оозунда айтылып жүргөндөй, периште Смитти диний багыттоолор жазылган алтын такталар катылган аңга ээрчитип барат. Смит кийин күбөлөрдү алып келип, өз табылгасын нотариус аркылуу күбөлөндүрөт жана тактадагы жазуулардын негизинде «Мормондордун китебин» жазат. Бул китеп кийин мормондордун «Инжили» болуп калат.

Бүгүн Кошмо Штаттарында 6 миллион мормон бар, бул өлкөнүн калкынын эки пайыздан азын түзөт. Алардын Иисус Христос чиркөөсүнүн баш кеңсеси Юта Штатындагы Солт Лейк Сити шаарында жайгашкан. Чиркөө дүйнөдө 14 миллион жолдоочубуз бар деп ырастайт, анын интернет сайтынан мормон чиркөөсү Америка, Батыш Европа, Түштүк-Чыгыш Азияда жыш экенин көрөбүз. Кийинки жылдары бул динди жолдоочулар Орусиянын түштүк аймактарында, Монголияда пайда болгон. Интерактивдүү картада бул чиркөөнү Казактандын мурдагы борбор калаасы Алматыны да таба алабыз.

АКШнын өзүндө мормондорду «христиан эмес» деп санагандар арбын. Илимий изилдөөчү Пью Форумунун жаңы жарыяланган "Дин жана коомдук турмуш" иликтөөсүндө айтылгандай, америкалыктардын жармынан көбү мормонизмди христиандык дин деп эсептебейт. Буга салыштырмалуу сурамжылоого катышкан бир миң мормондун 97 пайызы өздөрүн христиан аташкан.

Юта штатындагы Валлей университетинин профессору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Абдрисаев азыр мормон чиркөөсүнө чабуул күч алды дейт:

– Азыр евангелисттер, протестанттар «мормондор дин эмес, секта» деп чыгышууда.

Профессор Бактыбек Абдрисаев
Профессор Бактыбек Абдрисаев
Мормондорго байланышкан айрым фактылар эл арасында аңыз сөзгө айланып кеткен, чыкыйып, костюм-шым кийип алып, дүйнөнүн булуң-бурчунда ар кимди өз динине үгүттөп жүргөн жаш мормон жигиттер шылдыңдалган учурлар аз эмес. Ошондой эле мормон чиркөөсүндө алкоголдук ичимдиктер, кофе, ал тургай чайга тыюу салынганын, мормондор «сыйкырдуу» деп саналган ыйык ич кийим кийип жүрүшөөрүн да бир далай шакаба чегишет.

Бродвейдин «Мормон китеби» деп аталган музыкалык комедиясына бир учурда билет табыш кыйын эле. Мормон динин анча-мынча тамашага чалган бул мюзиклды айрым мормондор колдоп, «биз тууралуу тескери түшүнүктөрдү жоюга жардамдашат" деп айтышкан.

Бүгүнгө чейин мормонизмдин эң белгилүү жана башка америкалыктарга түшүнүүгө кыйын болгон бир өңүтү - азыр тыюу салынган көп аял алуу адаты болуп саналат. Полигамия убагында мормондордун арасында кеңири таркаган, бирок бүгүн бул адатты аз гана өтө артта калган, мындайча айтканда «караңгы» мормондор гана колдонушат.

Ошого карабастан, мормон дегенде көпчүлүк "алар көп аял алышат" деп айтканын угасыз. Үч аялы бар бүгүнкү күндүн мормону тууралуу «Чоң махабат» деп аталган телешоу америкалыктардын арасында жакшы таанымал.

Өз беделин жакшыртуу үчүн мормон чиркөөсү «Мен мормонмун» деген аталыштагы жалпы улуттук өнөктүк баштаган. Телелжарнамалар менен интернет сайттарда көрсөтүлгөн бул видео тасмаларда мормондор өздөрүн кудай деген, бала-бакырасын ойлогон катардагы камкор адам катары көрсөтүүгө аракеттенишет жана эң соңунда, «Мен мормонмун!» деп айтышат.

Президенттикке талапкерликке илинүү далалатында Митт Ромни өзү мормон экендигине басым жасабоого аракеттенет. Ак Үй үчүн мындан төрт жыл мурдагы алгачкы ат салышында ал «Мен талапкердигимди өзүмдүн диним менен аныктабайм, кайсы бир динге, кайсы бир топко, же кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгына кызмат кылбайм» деп айткан.

2006-жылдагы радио маегинде ал «Аял алууну кандай түшүнөсүз?» деген суроо берилген ыңгайсыз көз ирмемде «Нике деген бул эркек менен аялдын жана аял менен аялдын ортосундагы мамиле» деп тамаша сөзү менен кутулган.

Бирок үстүбүздөгү күндөрдө бул маселе кайрадан коомчулуктун көңүл чордонунда болууда жана дагы бир топко кала берчүдөй. Себеби ЭнБиСи жаңылыктар каналы жакында Митт Ромнинин чоң чоң атасынын беш аялы болгондугун «чукуп» чыкты. Америкада дин ар кимдин жеке иши деп саналат, бирок эгер сиз мамлекеттик кызматка ат салышсаңыз, диний ишенимиңиз жалпы коомдун ишине айланып кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG