Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

Пакистанда жети чач тарачтын өлүмү иликтенүүдө


Окуя Гвадар шаарында болду.
Окуя Гвадар шаарында болду.

Пакистанда чач тарач болуп иштеген жети кишинин өмүрүн алган кол салуу иликтенүүдө. The Associated Press (AP) агенттиги жергиликтүү полициянын маалыматына таянып билдиргенине караганда, окуя бүгүн 9-майда өлкөнүн түштүк-батышындагы тынч эмес аймакта болду, кылмышкерлер үйлөрдүн бирине таң эрте кирип барып, жети кишини атып кетишти.

Кол салуу болгон аймак Белужистан провинциясындагы Гвадар порттук шаарында жайгашкан.

Каза болгон чач тарачтардын баары Пенжаб провинциясынан баргандар экени, Гвадарда чогуу жашап, иштеп жүрүшкөнү кабарланды.

Провинциянын ички иштер министри Зиаулла Лангау кол салууну айыптап, кылмышкерлерди аныктоо иши жүрүп жатканын билдирди. Чач тарачтардын өлүмү алардын жумушуна байланышы жок деген божомол айтылды. Бул аймакта адамдарга кол салуу, кармап кетип өлтүрүү сыяктуу окуялар көп катталат.

Быйыл январь айында согушкерлер Пакистандын Ооганстан менен чектеш тилкесинен анча алыс эмес жердеги мурда пакистандык талибдер жайгашкан аймакта чач тарач болуп иштеген алты кишини өлтүрүшкөн. Пакистандын аймагындагы куралчан согушкерлер эркектерге чачын жана сакалын Батыштагыдай кылып кырктырууга тыюу салышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG