Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Украин парламенти убактылуу президент тандады


Жогорку Рада президенттин милдетин аткарууну жүктөгөн Александр Турчинов ИИМдин алдында журналисттерге сүйлөп жатат. Киев, 10-май, 2012.
Жогорку Рада президенттин милдетин аткарууну жүктөгөн Александр Турчинов ИИМдин алдында журналисттерге сүйлөп жатат. Киев, 10-май, 2012.

23-февралда украин парламенти президенттин милдетин убактылуу аткарууну парламенттин спикери, экс-премьер Тимошенконун партиялашы Александр Турчиновго жүктөдү.

Ишембиде 450 депутаттан турган Жогорку Раданын 328 мүчөсү Виктор Януковичти өткөн аптада 80ден ашуун адамдын өмүрү кыйылган кандуу окуялар үчүн күнөөлүү деген негизде бийликтен четтеткен.

63 жаштагы Виктор Янукович Киевде туруп, “Мен Украинадан эч кайда кетпейм. Мен кызматтан кетпейм. Мен мыйзамдуу шайланган президентмин” деп, парламенттин чечимин “мыйзамсыз” кадам катары баалаган.

Александр Турчинов ким?

Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов Жогорку Рададагы парламенттик көпчүлүктөн 25-февралга чейин убактылуу өкмөт курууну өтүндү. Анын айтымында, өлкө экономикасы “кыйроонун алдында”, мамлекеттик казына бош. 50 жаштагы Турчинов экс-премьер Юлия Тимошенконун “Батькившина” партиясынын жетекчисинин орун басары. Ал президенттин милдетин 25-майга белгиленген шайлоого чейин аткарат.

Ишемби күнү Харьковдогу абактан чыгып, Киевдин Майданына келип, миңдеген демонстранттардын алдында майыптардын арабасында отуруп сүйлөгөн Тимошенко жазыксыз өлгөндөр үчүн Янукович менен анын командасы жооптуу экенин айтты.

"Мен абакта отуруп, силердин араңарда туулуп, жашоо өткөргөндөн өткөн бакыт жок экендигин ойлодум. Бирок биз эки маанилүү ишти жасообуз зарыл. Эң оболу Януковичти жана анын тегерегине чогулган көбүктөрүн ушул аянтка алып келүүбүз керек”,деген Тимошенко демонстранттарды протесттерди токтотпоого чакырды.

Оппозициялык лидер Виталий Кличко дагы украиналыктар өлкөдөгү өзгөрүүлөргө көз салып, көчөлөрдө турганы туура деген ойдо. “Башкы бийлик – элдин эрки. Бул өтө маанилүү. Украина жалпы дүйнөгө өзгөрүү жасоого болоорун көрсөттү” –деди жекшембиде УДАР партиясынын лидери Кличко.

Янукович кайда?

Ишемби күнү Киев шаарынан чыгып кеткен Виктор Януковичтин кайда экени беймаалым. Мамлекеттик чек ара кызматы ишембиде Донецк шаарынан учууга камынган чартердик учакка уруксат берилбеген соң, анын ичинен чыккан Янукович ок өтпөгөн машинеге отуруп, аэропорттон белгисиз тарапка чыгып кеткенин билдирди.




Жекшембиде депутаттар Януковичтин Киев облусундагы Межигорье резиденциясын мамлекетке өткөрүп алууга добуш беришти.

Буга чейин украин парламенти Януковичтин жакын санаалашы, тышкы иштер министри Леонид Кожараны, башкы прокурор Виктор Пшонканы, ички иштер министри Виталий Захарченкону кызматтан четтеткен. Салык кызматынын мурдагы башчысы Александр Клименко менен Виктор Пшонканы камакка алууга буйрук берилгени парламентте маалым болду.

Януковичтин «Региондор» партиясынын өкүлү Сергей Тигипко өлкөнүн борбордук райондорунда анын партиялаштырынын үстүнөн элдик соттор болуп жатканын парламентте билдирип, мындай өзүм билемдикти токтотууну суранды.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков жакынкы күндөрү Украинада башаламандык менен зордук-зомбулукту токтотуу үчүн бардык чаралар көрүлөөрүн айтты. Донецк, Луганск жана Харьков облустарында укук коргоо органдары күчтөндүрүлүп, тартип жолго салынаарын билдирип, “бийликти өз алдынча басып алууну” токтотууга чакырды.

Аваков ошондой эле Ички иштер министрлигинин 30 кызматкеринин иши иликтене баштаганын билдирди.

Киевде антиөкмөтчүл демонстранттар менен полициянын 18-февралда башталган куралдуу кагылышууларда набыт болгондордун саны 82ге жетти. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жардамга кайрылган 620дан ашык адамдын 405и ооруканага жаткырылганын жекшембиде билдирди.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG