Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Украина: оппозициянын жаңы кадамдары


Украина, Киев. 22-февраль.
Украина, Киев. 22-февраль.

Жогорку Раданын мүчөлөрү Виктор Янукович президенттиктен кетсин деп добуш беришти жана президенттик шайлоо 25-майда болсун деп чечти. Юлия Тимошенко абактан чыккандан кийин Майданга келип, чогулган элдин астында сүйлөдү.

Жогорку Раданын резолюциясы менен Харьковдогу абактан чыккан Юлия Тимошенко Киевге келип, Грушевск көчөсүндө нааразылардын каны төгүлгөн жайга барып, маркумдарды эскерди. Төбөлсүздүк майданына келип, нааразыларга кайрылды. Ал “Украинанын баатырларын эл эч качан унутпасын” айтып, антиөкмөтчүл демонстранттарды күрөштү токтотпоого үндөдү. Тимошенко абактан чыгаар замат президенттик шайлоого катышарын айткан.

22-февралда парламент Тимошенко абактан чыгарылсын деп добуш берген. Мындай резолюция үчүн парламенттин мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү - 322 депутат добуш берди. Тимошенко премьер-министр кезде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2011-жылы 11-октябрда жети жылга соттолгон.

Кошмо Штаттар Юлия Тимошенконун абактан чыгуусун колдоп, Украинадагы болуп жаткан окуялар “коогалаңды басууга, конституциялык өзгөрүүлөргө, коалициялык өкмөттү түзүүгө жана кезексиз шайлоону өткөрүүгө жардам бериши ыктымал” деп билдирди.




Бүгүн эле Тимошенко башындагы «Батькивщина» партиясынын мүчөлөрү Александр Турчиновду Жогорку Радага төрагасы, Арсен Аваковду Ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып бекитти. Депутаттар Башкы прокурор Виктор Пшонкага ишеним көрсөтүлбөсүн деп добуш беришти.

Александр Турчинов президенттик шайлоого чейин өлкө башчысынын милдетин аткарарын украин басылмалары жазып чыкты.

Өкмөтчүл Владимир Рыбак ден соолугуна байланыштуу төрагалыктан бошонгонун спикердин орун басары 22-февралда жарыя кылды. Жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашынча, президент Виктор Янукович башындагы башкаруучу Региондор партиясынан Жогорку Раданын 13 депутаты чыкты. Киев шаарынын мэри Владимир Макеенко ордолуу шаардагы кандуу булоондон соң Региондор партиясынын чыккан болчу.

Оппозиция Майданда (түз көрсөтүү)



Ал эми президент Виктор Янукович болсо Украинада болуп жаткан окуяларды “төңкөрүш” деп мүнөздөдү жана бийликтен кетпесин билдирди. Ал 22-февралда Харьков телеберүүсүнө берген интервьюда “мен эл шайлаган президентмин” деп, парламенттин соңку бардык чечимдерин мыйзамсыз деп сыпаттады.

Янукович антиөкмөтчү нааразылардын президенттин Киевдеги кеңсесин басып алуусуна токтолуп, анын тарапкерлери нааразылар тарабынан куугунтукталып жатканын айтты:

- Аларды (расмий адамдарды, анын жактоочуларын) үйлөрүндө, иштеген жерлеринде жана жолдордо кысымга алып жатышат. Мен жанымдагы адамдардын каны төгүлбөшү үчүн колумдан келгендин баарын жасап жатам.

Янукович өлкө чыгышындагы Харьков шаарында өтүп жаткан Украинанын түштүк-чыгыш региондорунун депутаттарынын курултайына катышканы маалым болду. Андан кийин кайсы тарапка кеткени азырынча белгисиз.

Ишемби күнкү сессияда оппозиция лидери Виталий Кличко парламентарийлерди Виктор Януковичти тез президенттиктен кетүүгө чакырган резолюция кабыл алууга үндөгөн эле.

Ал өз сунушун "Янукович Киевди калтырып кеткендиктен, “өлкөдө бирден бир мыйзамдуу бийлик - бул Жогорку Рада” деп негиздеген.

Антиөкмөтчүл нааразылардын Оң канаты оппозиция лидерлери жана президент Янукович ортосундагы кечээ кол коюлган саясий келишимди чанып, Янукович бийликтен кетпесе, өкмөткө чабуул жасалат деп коркутууда.

Дмитрий Ярош
Дмитрий Ярош
Оң сектордун лидери Дмитрий Ярош 21-февралда Төбөлсүздүк майданында: "Оң сектор биздин "Янукович отставкага кетсин!" деген негизги талап аткарылмайынча, коомдук бир да имаратты камоого алууну токтотпойт,”- деп эскерткен.

Украина парламенти 21-февралда абактагы оппозиция лидери Юлия Тимошенкону актоого жол ачкан мыйзамды бекитип, 2004-жылкы Конституция кайра кайтарылсын, камоодогу нааразыларга мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзам аткарылсын жана ички иштер министри кызматтан кетсин деп добуш берген.
Бул чечимдер тез аткарылышын 21-февралда АКШ жана Орусия президенттери телефон баарлашуусунда колдошкон.

Киевдеги антиөкмөттүк чыгуулар ноябрда Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин башталган.

Киевде антиөкмөтчүл нааразылар менен менен полиция ортосунда 18-февралдан кийин болгон кагылышууларда набыт болгондордун саны 82ге жетти. Ошондой эле Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жардам сурап кайрылган 620дан ашык адамдын 405и ооруканага жаткырылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG