Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Кремл Столтенбергдин кебине назар салабы?


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Германиянын канцлери Ангела Меркел
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Германиянын канцлери Ангела Меркел

НАТОнун башкы катчысы Орусияны Минск келишимин урматтоого жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоону токтотууга чакырды.

Йенс Столтенбергдин айтымында, Украинанын жакында блокторго кошулбоо статусунан баш тартуусу болочокто өлкөнүн НАТОго мүчө болууга арыз берүүсү менен аяктоочу жараяндын башталышы болушу мүмкүн.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Германия канцлери Ангела Меркел менен чогуу 14-январда Берлинде өткөргөн маалымат жыйынында оболу Москваны Чыгыш Украинадагы калабаны токтотуу үчүн жикчилдерди ок атышпоо шартын аткарууга көндүрүүгө үндөдү:

- Биз Орусияны Минск келишимин сыйлоого, жикчилдерге болгон бар таасирин пайдаланып, аларды ок атышпоо режимин аткарууга көндүрүүнү жана жикчилдерди колдоону токтотууга чакырабыз.

Донецк облусундагы блок-посттордун бири
Донецк облусундагы блок-посттордун бири

Евробиримдик жана АКШ былтыр жайдан бери Орусиянын Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоону токтотуусуна аракет кылып келет. Ошол максатта жана Москва Крымды аннексиялап алганга байланыштуу өлкөгө бир нече айлампа санкция жарыялаган.

Столтенберг ошондой эле “НАТО Орусия менен жаңжалдашпай, конструктивдүү кызматташууну каалайт, бирок ал үчүн Орусия мамилени жигердүү жүргүзүүнү каалашы керек”, - деди.

Азыр НАТО-Орусия арасында алака жок. Украин кризисинен улам 2014-жылдын 1-апрелинен тарта НАТО Москва менен кызматташууну токтоткон.

Йенс Столтенберг декабрда Украинанын блокторго кошулбоо макамынан баш тартуусу өлкөнүн НАТОго кошулуусуна ташталган биринчи кадам болушу мүмкүн экенин да айтты:

- Украина мүчө болууга арыз бере элек, алар мурдагы блокторго кошулбоо макамын жокко чыгарды. Бирок алар НАТОго мүчө болууга арыз берүү менен бүтчү жараянды башташканын өздөрү үчүн аныктап алышты.

Ошентип Столтенбергдин айтымында, эгер Украинанын НАТОго кирем деген ниети болсо, адегенде мүчөлүк үчүн негизги талапты аткарууга тийиш. Атап айтканда, демократиялуу ачык коом куруп, альянстын коопсуздугуна салым кошкондой абалда болууга тийиш.

Өз кезегинде канцлер Ангела Меркел Донбасстагы жаңжалды жөндөө боюнча Орусия, Украина, Франция жана Германиянын лидерлери катышкан төрт тараптуу сүйлөшүү болот деген үмүтү бар экенин билдирди.

Апта башында Берлинде жогорудагы төрт мамлекеттин тышкы иштер министрлери 15-январда Астанада төрт лидердин саммитин өткөрүү боюнча мунаса тапкан эмес.

Меркел айым лидерлердин жаңы жолугушуусун өткөрүү бардык тараптардын “эркине жараша болот” деп, Орусияны коопсуздук жаатында кызматташууга чакырды.

Ракета атылып, автобуста 12 киши мерт болгон
Ракета атылып, автобуста 12 киши мерт болгон

Ушул эле күнү Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин Киевде сүйлөп, өлкө чыгышында тынчтык орнотуу боюнча Орусия-Украина-Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму курамындагы байланыш тобунун эмки жыйыны келерки жумада болорун билдирди.

Премьер-министр Арсений Яценюк болсо эл аралык коомчулукту Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди “террордук уюм” деп атоого үндөдү. Андан бир күн мурда козголоңчулардын колундагы Донецк шаарынан бараткан автобуска ракета тийип, 12 жаран өлгөн.

Евробиримдик менен АКШ кандуу окуяны айыпташты. Расмий Киев жана АКШ Мамдепартаменти ракета чабуулу үчүн жикчилдерди күнөөлөдү.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Донбасста пассажирдик автобусту аткылоо боюнча түрдүү версиялар бар экенин айтып, аны кылдат жана калыс иликтөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG