Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Евробиримдик Украина боюнча жыйын өткөрөт


Лугансктагы орусиячыл күчтөр басып алган Коопсуздук кызматынын имараты.
Лугансктагы орусиячыл күчтөр басып алган Коопсуздук кызматынын имараты.

Европа Биримдиги келерки жумада өтчү жыйынга АКШ, украин жана орус тышкы иштер министрлери катышарын бышыктады.

Мунун алдында АКШнын башкы дипломаты Орусияны Чыгыш Украинада жикчилдик маанайды шыкактап жатат деп айыптаган эле.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон келерки жумада АКШнын баш катчысы менен жолукканда, ал жыйынга Орусия менен Украинанын да тышкы иштер министрлери катышаарын билдирди. Украинада кырдаал бычактын мизинде турган чакта өтө турган бул жыйындын кайда жана кайсы күнү болору так маалым эмес.

Бүгүн Европада ошондой эле Украинаны колдоо тобу түзүлүп жаткандыгы маалымдалды. Европа комиссиясы билдиргендей, бул топ Европа Биримдигине кирген өлкөлөр менен финансылык институттардын ортосундагы жардам аракеттерин координациялайт.

Комиссиянын президенти Жозе Мануэл Бароззунун айтымында, топтун башкы максаты: Украинанын бийликтерине экономиканы турукташтырып, реформаларды тереңдетүүгө көмөк көрсөтүү.

Маалыматтарга караганда, бул топ коңшулаш Грузия менен Молдовага да жардам бериши мүмкүн.

Кечээ АКШнын Мамкатчысы Жон Керри Сенаттын комитетинде Орусияны бир топ каарыды:

Акыркы 48 сааттагы орусиялык провокатор, тыңчылардын Чыгыш Европадагы кылыктарынан алар тополоң-тоз чыгаруу үчүн жиберилгендигин көрүп жатабыз. 21-кылымда АКШ жана биздин шериктер Орусиянын 19-кылымдагыдай жүрүм-туруму үчүн жооп талап кылуудан тайсалдабайт.

7-апрелдеги сөзүндө ал Москваны Украинада Крымдагы кылыгын кайталагысы келет деп күнөөлөдү.

Анын алдыңкы күнү Мамкатчы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп, келерки жумага пландалып жаткан жолугушуу боюнча макулдашкан эле.

Кэрри ошондой эле эгер Орусия «мыйзамсыз» аракеттерин токтотпосо, өлкөнүн энергетика, банк, кен тармактарына каршы жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн деди.

Бул күнү НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Рассмуссен Орусия Украинанын чыгышына басып кирсе, бул «тарыхый ката» болот деп айтты.

Өткөн аптанын соңунда Украинанын чыгышындагы Донецк аймагында жикчилдер «көз карандысыз элдик республика» жарыялашкан. Москвада Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таркатып, бул аймактагы орусиячыл демонстранттарга күч колдонулса, Украинада жарандык согуш башталат деп эскерткен.

Тышкы иштер министри Лавров Украинадагы орус тилдүүлөрдүн акыбалы эске алынгандан кийин гана бул өлкөдө кырдаал оңолорун айткан.

Ал арада АКШнын вице-президенти Жо Байден Вашингтондо Черногориянын өкмөт башчысы Мило Дюканович менен жолугуп, Украинадагы кырдаалды талкуулады. Байден Черногориянын НАТОго кирүү далалатындагы жылыштарга жогору баа берди.

Ал ошондой эле Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо менен телефондон сүйлөшүп, Украинанын орус газынан болгон көз карандылыгын азайтуу багытындагы аракеттери үчүн словак бийликтерине ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG