Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Киев-Москва: чыгыш үчүн күрөш


Украинанын бүтүндүгүн жактагандар менен орусиячылардын мушташы. Полиция аларды ажыратууга аракет кылууда. Харьков, 8-апрель.
Украинанын бүтүндүгүн жактагандар менен орусиячылардын мушташы. Полиция аларды ажыратууга аракет кылууда. Харьков, 8-апрель.

АКШ Украинанын чыгышында Орусиянын агенттери аракеттенип жатат деп эсептейт. Мамлекеттик катчы Жон Керри бул тууралуу кечээ Сенатта сүйлөгөн учурунда айтып өттү.

Ал эми расмий Москва Украинадагы кырдаал өлкөдөгү орус тилдүүлөрдүн камтамачылыктары эске алынганда гана жөнгө салынарын белгилөөдө. Бул аралыкта Донецк жана Луганск шаарларында өкмөттүк эки имарат орусиячыл активисттердин колунда калып жатат. Кечээ кечинде Украинанын атайын кызматы “жикчилер” деп атагандар Луганск шаарында коопсуздук кызматынын имаратына бомба коюу менен алтымыштай кишини барымтада кармап турганын билдирип чыкса, активисттер бул маалыматты четке кагышты.

АКШ Сенаттын тышкы байланыштар боюнча комитетинде шейшембиде сүйлөп жатып, Жон Керри Орусиянын чыгыш Украинадагы азыркы аракеттеринин аягы Крымдагыдай эле аскерий интервенцияга алып баруусу мүмкүндүгүнө токтолду:

- Акыркы 48 саатта биз күбө болгондор Орусиянын чагымчылары менен агенттери Чыгыш Украинага хаос жаратуу үчүн жиберилгенинин көргөзүүдө. Бул толугу менен кабыл алынгыс. АКШ жана анын өнөктөштөрү Орусияны 19-кылымдагыдай жүрүм-туруму үчүн 21-кылымдын ыкмалары менен жазалоодон тайсалдабайт.
Донецк: орусиячыл күчтөр аянтта
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Бул билдирүүгө чейин НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Орусиянын Украинанын чыгышына аскер киргизүүсү тарыхый ката болорун айткан эле. Расмуссен кечээ Парижде француз президенти Франсуа Олланд менен жолуккандан кийин:

- Биздин позициябыз айдан ачык. Орусиянын Украинадагы аракеттери мыйзамсыз жана легитимсиз. Биз Орусиядан артка чегинүүсүн сурандык,- деп айтты.

Украинадагы кырдаал орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Кэтрин Эштондун телефон сүйлөшүүсүндө талкууланды.

Анда Лавров Орусия Украинада конституциялык реформа жүргүзүү үчүн саясий күчтөр менен аймактардын баары катышкан диалогду колдорун ырастаган.
Москванын ишениминде, Украинадагы кризис өлкөдөгү орус тилдүүлөрдүн камтамачылыктары эске алынганда гана жөнгө салынат.

Орус тышкы иштер министри кечээ Чыгыш Украинадагы тополоңдордон Москванын изин көргөн АКШнын сынына жооп кылып:

- Украинадагы окуяларды ким даярдаганы жана даярдап жатканы боюнча, биздин америкалык өнөктөштөр кырдаалды өз адаттарын башкалардан көрүү аркылуу анализдөөгө аракеттенишүүдө,- деди.

Украин коопсуздук күчтөрү Харьков шаарында облустук бийликтин имаратын орусиячыл демонстранттардан кайтарып алуу менен жетимиштей кишини камакка алууга жетишти жана аларды “сепаратисттер” деп аташууда.

Ички иштер министри Арсен Аваков Харьковдо кармалгандар тууралуу:

- Кармалган 64 адамдын баары Украинанын жарандары экенин билдиришүүдө. Бул факты абдан кылдаттык менен текшерилет. Бирок Харьковдо кармалгандар арасында абдан кызыктуу кишилер бар. Алар тууралуу мен азыр айтпайм,- деп билдирди.

Өнөр жайлуу Донецк шаарында облбийлик имаратына кирип алгандар өздөрүнчө “элдик республика” түзүшкөнүн жарыялап жиберишкен.

Бул аралыкта украин парламенти кечээ сепаратизм үчүн жазаны катаалдаткан мыйзам кабыл алды. Бирок добуш берүүгө Региондор жана Коммунисттер партияларынын депутаттары катышкан жок. Талкуу учурунда Коммунисттик жана улутчул “Эркиндик” партиясынын депутаттары мушташа да кетишти.
Луганск: Өкмөттүк мекемени орусиячылар басып алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG