Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Валюта кору Украинага жардам берет


Эл аралык валюта корунун жетекчиси Кристин Лагард "Украина талапты кандай аткарып жатканын текшерип турабыз" деди.
Эл аралык валюта корунун жетекчиси Кристин Лагард "Украина талапты кандай аткарып жатканын текшерип турабыз" деди.

Эл аралык валюта кору Украинага экономиканы жандантуу үчүн 17,1 млрд. доллар насыя бергенге макул болду.

Бул үчүн Украинага катаал талаптар коюлду. Киевдеги жаңы бийликтер кескин экономикалык реформага барышы, салыкты көбөйтүп, газга жана светке бааны көтөрүшү керек болот.

Эл аралык валюта корунан бериле турган акча Украинага бөлүк - бөлүк менен эки жыл ичинде которулат. Анын биринчи бөлүгүн, 3,2 млрд. долларды, өкмөт дароо эле алат. Мунун эки миллиарды бюджеттин дефицитин толтурганга жумшалат.

Уюмдун төрайымы Кристин Лагард Украина бул акчаны кантип максаттуу пайдаланып жатканын такай текшерип тураарын билдирди.

"Бул – ишке ашырылышы айрым тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн болгон программа, ошондуктан биз мүмкүн болушунча ага көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылабыз, - деди ал. - Буга чейинки аракеттерибиз канааттандырарлык ишке ашырылды. Алгачкы учурда биз Украинанын өз милдеттенмелерин кантип аткарып жатканын ар эки айда текшерип турушубуз керек болот".

Кристин Лагард азыркы украин жетекчилиги ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүн насыяларды пайдалануу ишинде буга чейинки мисалдардан оолак кармайт деп үмүттөнөрүн айтты.

Эл аралык валюта корунун кредитин ага мүчө 24 өлкө, анын ичинде Орусия да колдошу керек болот.

Бул насыя Украинага каржылык колдоо көрсөтүү мүдөөсүн билдирген Дүйнөлүк банк, Евробиримдик, Канада жана Жапония өңдүү донорлордун аракеттерине жол ачмакчы.

Былтыр декабрда Орусия Украинага 15 млрд. доллар насыя убада кылып, бирок президент Виктор Янукович өлкөдөн качып кеткенден кийин анысынан баш тарткан.

Шаршембиде Валюта кору азыр Украинадагы кризистин кесепетинин айынан Орусияда экономика өсүшү артка кете баштаганын эскертти.

Уюмдун эсебинде быйыл Орусиядан кеткен акчанын көлөмү 100 млрд. долларга жетет жана буга АКШ менен Евробиримдик башкы себеп болуп калмакчы.

Азыр Украинанын экономикасы, көптөгөн эксперттердин баамында, дефолт алдындагы абалда турат. Москва Киевден газ үчүн төлөнбөгөн миллиард долларлуу карызды төлөшүн талап кылып, болбосо, газды өчүрүп саларын эскертүүдө.

Ал тапта Украинанын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Олег Махницкий шейшембиде Рейтер агенттигине сүйлөп, азыр алар жалпысынан 100 млрд. доллар акчанын уурдалышына катышкандарды издеп жатышканын кабарлады жана алардын катарында бийликтен кулатылган президент Виктор Янукович да бар экенин айтты.

"Биздин оперативдүү маалыматтарга караганда, ошол 100 млрд. доллардын 30 миллиарды Орусияга чыгарылып кеткен", - деди Махницкий.

Баш прокурор “быйыл жыл башында демонстранттарды күч менен басууга, аларды өлтүрө тургандарды, снайперлерди жалдаганга жана полицияга коротулган” деп билерин кошумчалады. Мунун баарын бийликтин эң төмөнкү тепкичинен тарта парламентке, өкмөткө чейин мүчөлөрүн жайылткан мафиялык структура жасаганын айтып, Махницкий ошол мафиянын башында Янукович болгон деди.

"Виктор Янукович азыр оор кылмыштар үчүн айыпталууда: "кыйын кырдаалда эки же андан көп адамды атайылап өлтүрүү", тактап айтканда, 75 адамды өлтүрүүнү уюштурган деген күнөө тагылып жатат. Ал "бийликти ашкере пайдаланган жана башка да оор кылмыштар үчүн" күнөөлөнүүдө. Украинанын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, атайылап адам өлтүргөн деп табылгандарга эң жогорку жаза берилет – өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө отургузулат", - деди украин баш прокурорунун милдетин аткаруучу Олег Махницкий.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG