Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Киевде абал кайра курчуду (түз көрсөтүү)


Демонстранттар баррикадалардын ичинде турушат, 20-февраль, 2014-жыл
Демонстранттар баррикадалардын ичинде турушат, 20-февраль, 2014-жыл

Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышында набыт болгондордун саны 64кө жеткени тастыкталды. Украинанын Ички иштер министрлиги полиция мыйзамга ылайык курал колдонорун жарыялады.

Киевдеги кырдаал Европанын жана дүйнөнүн АКШ, Орусия өңдүү бакубат мамлекеттерин кыжаалатка салган чоң маселеге айланды. Украинадагы үч айдан бери жүрүп жаткан саясий тирешүүнү дагы тереңдетпей тынч, бийлик жана оппозициянын мунасасы аркылуу чечүү жагын 19-февралда Германия канцлери Ангела Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу талкуулашты. Парижде өткөн бул сүйлөшүүдөн соң Ангела Меркел Украинадагы кризисти токтотуу үчүн Евробиримдик Москва менен жакын кызматташып жатканын билдирди:

- Мен эми эле Орус президенти менен телефондон сүйлөштүм жана коогалаңды дагы күчөтпөс үчүн баарын жасайлы деп макулдаштык. Мен орус президентин Биримдиктин үч тышкы иштер министринин демилгеси менен тааныштырдым. Биз саясий диалогго жана саясий мунасага жетишүү үчүн колдон келгендин баарын жасаганды каалайбыз. Орусиянын жетекчилиги менен тыкыр байланышта болобуз.

Ал эми Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу украин полициясы кайра нааразыларды ур-токмокко алчу болсо, Евробиримдик катуу чара көрөөрү президент Януковичке эскертилгенин айтты:

Киев. 20-февраль.
Киев. 20-февраль.
- Мен ага Европа Украина менен мамилени өнүктүрүү идеясына ачык кала берет, өзгөчө зобун-зордук жасагандарга же ашыкча күч колдонгондорго чара көрүлөрүн айттым. Президент Янукович Евробиримдиктин бул өтө катуу эскертүүсүнө жооп бере алат деп үмүт кылам.

Оппозиция лидерлери жана президент Янукович ортосунда кечээ түндө макулдашылган элдешүүгө карабай 20-февралда Киевдин ортолугунда кагылышуулар кайра уланды. Абалды Киевде жүргөн Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикроский мындай сүрөттөдү:

- Биз Киевде үрөй учурган картиналарды көрдүк. Акыркы кезде мындай чоң күч качан пайдаланылганы Европанын эсинде жок. Бул абдан коркунучтуу нерсе, тезинен токтотулушу керек. Мындай нерсе кайра кайталанбас үчүн эмне кылуу керек экенин биз изилдеп көрөбүз.

Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн атынан Украинадагы абалды жөндөөгө арачылык кылганы Польшанын тышкы иштер министри Р. Сикорский, Германиянын тышкы иштер министри Ф. Вольтер-Штайнмайер жана Франциянын тышкы иштер министри Л. Фабиус кагылыштарды токтотуу боюнча Виктор Янукович менен сүйлөшүү өткөрдү. Киевдин өкмөт жайгашкан бөлүгүндөгү тополоңдорго байланыштуу алардын Янукович менен кездешүүсү мерчемделгенден бир топ убактан кийин болду.

Элдешүүнү полициянын атайын күчтөрү бузду деп билдирди оппозициянын үч лидеринин бири Виталий Кличко:

- Биздеги маалыматтарга ылайык, элдешүүнү полициянын атайын күчтөрү бузду. Биз кечээ жаңы жаңжалды болтурбоо үчүн адамсыз тилке түзүүнү жана аскерлерди алып кетүүнү сунуш эткенбиз. Өкүнүчтүүсү, сунушту четке кагышкан. Биз ошондон кийин жөн гана элдешүүгө макул болгонбуз.

Киевдин Төбөлсүздүк аянтынан түз көрсөтүү


Институтская көчөсүнөн түз көрсөтүү


Украинанын маалымат булактары шаарга аскер жана “Бүркүттүн” жаңы күчтөрү тартылып жатканы жөнүндө кабарлашууда. Буга караганда же президент Янукович бир күн мурда куралдуу күчтөрдүн министрин алмаштырганы менен армиянын жана полициянын жетекчилигин башкара албай калган болушу мүмкүн. Оппозиция лидерлери да жагдайды көзөмөлдөй албай калганын мойнуна алды.

- Абалды көзөмөлдөө аябай кыйын болууда. Биз азыр чыныгы салгылашуулар башталганын көрө алабыз. Биз муну каалабайбыз. Бул жөнүндө Евробиримдиктин тышкы иштер министрлерине айттык. Башкы максат кандуу булоонду токтотуу жана курмандыктардын санын минималдаштыруу,- деди Виталий Кличко.

Орусия болсо Киевдеги акыркы коогалаңды мамлекетти төңкөрүү аракети катары баалоодо жана Батышты Украинадагы жагдайга кийлигишпөөгө чакырган. 20-февралда Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Лукашевич Москвада атайын жыйын өткөрүп, чатакка тыш мамлекеттерди кийлигишпөөгө чакырды жана Конституция алкагында чечилиши керек экенин баса белгиледи:

- Кырдаалды Украинанын азыркы өкмөтү Конституциянын негизинде чече алат жана чечүүсү керек. Бирок азыркыдай тыштан кийлигишүүлөр, санкция менен коркутуу жана башка жолдор менен кырдаалга таасир этүү эч кандай оң нерсеге алып барбайт. Ал тирешүүнү дагы тереңдетиши гана мүмкүн.

АКШ президенти Барак Обама 19-февралда Мексикадагы сапары маалында Вашингтон украин элинин өз келечегин эркин тандоо аракетин колдоорун билдирген: "Биз украиндер абалды тынч чечүүсү жана украин элинин эл аралык коомчулукка толук интеграциялануусу үчүн күчтүү, бекем демократияга умтулуусун колдоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасай беребиз”.

Украинадагы саясий эрөөл кандай дегенде да кырдаалды каршылашкан тараптар же бийлик менен оппозиция мунасага келип, жөндөшү мүмкүн экенин Польшанын тышкы иштер министри Сикорский да айтты:

- Бирок биз реалист адамдарбыз. Украинанын проблемаларын тышкы дүйнө чечет деген иллюзия бизде жок. Анын бир позитивдүү жагы: бийликтер менен оппозициянын бири-бири менен тез-тез сүйлөшө баштаганы. Бул сүйлөшүүлөр реалдуулукка кайтуу үчүн зарыл.

Украинадагы саясий кризис, тагыраак айтканда, украиндердин азыркы улутчулдугу америкалык серепчи Жорж Виллдин “Вашингтон Пост” гезитине жазышынча, коммунизмдин башкы идеологу Карл Маркстын "коомдун өнүгүүсү менен улутчулдук жоголот" деген прогнозун бүтүндөй жокко чыгарды. Украинадагы коогалаңдар жаадай чыңалган улутчулдук жана украиндер Евробиримдик менен интеграцияланып, өлкөнүн Москвадан эгемендегин сактоого умтулганын айкын күбөлөйт. Ошол эле учурда, Вилл Украинадагы окуяларды Кансыз согуштун финалдык эпизоду болушу мүмкүн деп боолгойт.

Киевдин Төбөлсүздөр аянтында демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышууларда кеминде 35 адамдын өмүрү кыйылганы тастыкталды. Ички иштер министрлиги бир полиция кызматкери набыт болуп, жыйырма тогуз полициячы жарадар болгонун маалымдоодо.

​Кагылышуулар оппозиция менен президент Янукович “жарашуу” жөнүндө жарыялаган соң, бир нече сааттан кийин от алган. Кризисти жөндөө максатында Германиянын, Франциянын жана Польшанын тышкы иштер министрлери Киевде президент Янукович менен сүйлөшүүнү күтүп турганда, кагылыш башталды.

Украинанын коопсуздук кызматы шаршембиде демонстранттар коопсуздук кызматтарынан бир жарым миңден ашык куралды тартып алгандыгын бышыктады. Коопсуздук кызматы тартипти калыбына келтирүү үчүн өлкө боюнча «антитеррористтик» операция баштап жаткандыгын кошумчалады. Мындан мурда бийликтер Киевге өлкөнүн чыгышынан кошумча аскер күчтөрү тартылып жаткандыгын кабарлаган эле.


Украинанын батышындагы бир нече шаарда демонстранттар өкмөттүк имараттарды жана полиция бекеттерин басып алышты.

Украинанын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Виталий Захарченко полиция кызматкерлерине согуштук курал берилгенин, аны алар мыйзамга ылайык колдонорун жарыялады. Виталий Захарченко бейшемби күнкү билдирүүсүндө “экстремисттерди” куралдарын тапшырууга жана оппозицияны радикалдуу кадамдарды айыптоого үндөдү.

Улуттар Уюму Украинадагы кан төгүүнү көз карандысыз жана чукул иликтөөгө чакырды. Европа Биримдиги Украинага санкция киргизүүнү Брюсселде карайт.

XS
SM
MD
LG