Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Орусия менен Украинанын араздашуусу күч алды


Украина -- Севастополдун жарандарды каттоо кызматынын өкүлү шаар тургундарына орус паспортун алууга арыз жазчу анкеталарды таратууда. 19-март, 2014.
Украина -- Севастополдун жарандарды каттоо кызматынын өкүлү шаар тургундарына орус паспортун алууга арыз жазчу анкеталарды таратууда. 19-март, 2014.

Крымдын эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган аннексиясынан кийин Орусия - Украина араздашуусу күч алып, шаршембиде Крымдын жашоочуларына орус пасопрттору бериле баштады.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Москвада орус президенти Владимир Путин менен Украинанын айланасындагы кризисти талкуулады. БУУнун баш катчысы анда Украинанын курамындагы Крым жарым аралын Орусиянын басып алуусу пайда кылган кризиске “терең тынчсызданганын” айтты. Пан Ги Мун кризисти жөндөөнүн саясий жолун табуу үчүн Орусияны жана Украинаны түз сүйлөшүүнү баштоого чакырды. Эртең, 21-мартта болсо баш катчы Киевге барып, утурумдук президент Олександр Турчинов жана премьер-министр Арсений Яценюк менен жолугушмакчы.

Крымдын эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган аннексиясынан кийин Орусия менен Украинанын араздашуусу күч алды. Шаршембиде Крымдын жашоочуларына орус паспорттору бериле баштады. Киев болсо орус жарандарына виза киргизүү чечимин жарыялады. Украина ошондой эле КМШдагы бир жылдык төрагалыктан баш тартып жатканын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Евгений Перебинистин айтымында, өлкө мурдагы советтик мамлекеттердин башын бириктирген уюмдан чыгууну көздөөдө.

Киевдин жаңы бийлиги БУУга кайрылып, Крымды курал-жарактан бош аймак катары жарыялоону да өтүнгөнү жатат:

- Министрлер кабинети Улуттар уюмуна кайрылып, Крым автономиялуу жумуриятынын аймагын демилитаризациялык тилке катары жарыялоону суранат, - деген Украинанын улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Андрей Парубий өкмөткө Орусия Федерациясынын аскерлеринин жумурияттан чыгып кетүүсү үчүн керектүү чара көрүү тапшырмасы берилгенин, ошондой эле Украинанын куралдуу күчтөрүн жана баскынчылар ээлеп алган жерде жашагысы келбеген карапайым элди оккупацияланган Крымдан башка аймактарга көчүрүү боюнча иштер уюштурулуп жатканын кошумчалады.

Жарым аралдын өзүндө болсо орус аскерлери Украинанын бери дегенде бир деңиз базасын басып алып, адмирал Сергей Хайдцукту туткундашты. Бүгүн түшкөн кабарларга караганда, адмирал жана аны менен кошо кармалган 7 киши коё берилди. Шаршембиде эртең менен Крымдын орусиячыл бийлиги украин аскерлерин Крымдын куралдуу күчтөрүнө кошулуу же куралдарын таштап, аймактан чыгып кетүү буйругун чыгарды. Украин армиясынын бөлүктөрү аскерий жайларын эвакуациялоону башташты.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Крымдын аннексиясын кансыз согуштан кийин Европага туулуп жаткан эң чоң коркунуч катары сыпаттады.
Вашингтондо жүргөн Расмуссен Москва мыйзамсыз референдумду аймакты өзүнө кайтарып алуу үчүн себеп катары пайдаланды деп сындады. Миңдеген орусиялык аскерлердин Крымга жайгашканын эске алганда добуш берүү мылтык кезеп өткөрүлгөнүн кошумчалады.

- Мындай жоруктар эми токтобойт деп чочулайм. Крым – бул бир гана мисал. Крым – чоң оюндун, Орусиянын же Путиндин стратегиясынын бир элементи гана деп ойлойм. Эми Крым менен тынчып калбай, Украинанын чыгыш облустарына басып киришпейби деп тынчсызданып жаткан кезибиз, - деди НАТОнун жетекчиси.

Батыш лидерлери Москвага көбүрөөк кысым көрсөтүү зарылдыгын айтышууда.
Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон Орусияны "Чоң сегиздин" катарынан чыгарып салуу керек деп билдирди:

- Өнөктөштөрүбүз менен бир добуштан сүйлөп, дагы бир кадамдар жасала турган болсо, Орусияны "Чоң сегизден" туруктуу түрдө чыгаруу маселесин талкуулоого тийишпиз.

XS
SM
MD
LG