Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

1924–1925: Ыраакы Чыгыш элдери да эгемендик үчүн күрөшкөн


Тунгус жумуриятынын ак, жашыл жана кара түстөгү желеги. 1924-ж.
Тунгус жумуриятынын ак, жашыл жана кара түстөгү желеги. 1924-ж.

Мурда падышалык Орусиянын отордук аймактарында байырлаган Ыраакы Чыгыштагы чакан элдер Кеңеш бийлигинин алгачкы он жылдыгында эгемендик үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Тарыхчынын блогу.

Кавказ, Борбордук Азия чөлкөмдөрүндө жана Украина сыяктуу өлкөлөрдө падышалык оторчулукка жана андан кийинки болшевиктик режимге каршы улуттук боштондук кыймылдар орун алгандыгы тарыхта дурус маалым.

Бирок алтай тил тобуна кирген калктардын Ыраакы Чыгыштагы тайга жана деңиз жээги тилкелеринде оор климаттык шарттарда жашаган айрым этностору 1924–1925-жж. эгемендик үчүн жүргүзгөн күрөш тууралуу Кыргызстанда көпчүлүк калайык кабарсыз бойдон келет.

Бул блогубузда ошол дээрлик белгисиз күрөш тууралуу учкай маалымат менен бөлүшмөкчүбүз.

Эвенктер, 1888-жыл.
Эвенктер, 1888-жыл.

Тарых жана анекдот

Адатта, XVII–XIX кылымдар ичинде Чыгыш Азиянын түндүк-чыгышында Орусиянын баскынчылыгына каршы жүргөн күрөш тууралуу үзүл-кесил маалыматтар кезигип, алар да кээде анекдот аралаштырып айтылчу.

Түштүк Сибирде (Шиберде) жана Ыраакы Чыгышта байырлаган элдердин ичинен шибердик кыргыздар жана чукчалар орус баскынчыларына каршы узак мезгилдер бою каармандык менен согушкандыгы тууралуу новосибирскилик археолог Сергей Григорьевич Скобелев 2016-жылы апрелде Кыргызстанга илимий жыйындарга келген маалында кыргызстандык кесиптештерине айтканы эсте.

С.Г.Скобелев өзү 1986-жылы “XVII кылымда Орто Энесай ойдуңунун жана ага чектеш аймактардын жергиликтүү калктарынын заттык маданиятына орустардын таасирлери (археология, этнография жана тарых маалыматтары боюнча)” [“Русские влияния на материальную культуру местного населения бассейна Среднего Енисея и прилегающих территорий в XVII веке (по данным археологии, этнографии и истории)”] деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон, ал эми 1998-жылы ал “XVII–XX кылымдардагы Сибирдин түпкү элдеринин демографиясы: калк санынын өйдө-төмөн өзгөрүшү жана алардын себептери” [“Демография коренных народов Сибири в XVII–XX вв.: колебания численности и их причины”] деген темадагы окуу куралын Новосибирск мамлекеттик университетинде жарыялаган.

Демек, Сергей Скобелев XVII–XIX кылымдардагы Сибирдин этностук тарыхы боюнча таанымал адис жана жогорудагы бүтүмүн ал бекер жеринен айткан эмес деп ойлойбуз.

Ал эми анекдотко келсек, ал XVIII кылымдын акырында каратылып алынган Аляска аймагын XIX кылымдын экинчи жарымында орус падышасы АКШга сатып жиберген окуяга байланыштуу.

1867-жылы падыша Александр Экинчинин өкмөтү АКШга кеңирсиген Аляска жергесин 7,2 миллион АКШ долларына баалап сатып жиберген. Бул дээрлик 1 518 800 чарчы чакырымга тете аймак.

Анекдотто совет доорунда чукчалардын орто мектебинде Орусиянын тарыхы тууралуу сабак маалында мугалим окуучуларга төмөнкү суроону узаткандыгы айтылат:

– Кана, балдар, кимиңер айтасыңар, Александр Экинчи өзү кандай падыша болгон?

– Өтө начар падыша болгон, – деп бир чукча окуучусу шарт жооп кайтарды.

– Эмне үчүн?

– Анткени ал алеут, эскимос туугандарыбыздын жерин гана АКШга сатып, бирок Чукотканы сатпай койгон!

Бул азилди, балким, орустардын шовинисттери өздөрү чыгарышкандыр (алардын, адатта, тундра элдерин шылдыңдоо же келекелөө үчүн чукчалар жөнүндө чыгарган арбын анекдоттору бар эмеспи), бирок мында да чукчалардын Орусиядан эгемен болуу кыялы камтылып жаткандай.

1920-жылдардын ортосундагы Ыраакы Чыгыш элдеринин эгемендик күрөшү

Советтер Биримдигинде жарандык согуш аяктап, болшевиктик реформалар кеңири жүргүзүлө баштаган 1920-жылдарда Ыраакы Чыгыштагы түпкү элдердин өкүлдөрү СССРден эгемендикке чыгуу үчүн күрөш жүргүзүшкөн.

Ыраакы Чыгыштын түпкү элдеринин теги жагынан саха (якут) болгон Михаил Артемьев менен теги тунгус болгон Павел Карамзиндин жетекчилиги астында жүргүзгөн куралдуу көтөрүлүшү тарыхка “тунгус көтөрүлүшү” деген шарттуу аталыш менен калды.

1924–1925-жылдарды кучагына алган бул улуттук боштондук үчүн көтөрүлүш Охот (эвенк тилинде “окат” сөзү “дарыя” түшүнүгүн туюнтат) деңизинин батыш жээктерин жана Якутиянын чыгыш жана түндүк райондорун камтыган.

Тунгустар (жана манчжурлар) тил илиминде корей, жапон, монгол тилдери сыяктуу эле түрк тилдерине тектеш келишет жана аларды шарттуу түрдө “алтай тилдеринин тобуна” кирген тилдер деп коюшат.

Демек, эвенктер (орусиялык этнографиялык илимдеги эски этностук аты – “тунгус”) жана аларга коңшу түрк тилдүү сахалар агглүтинатив тилдерде сүйлөшөт. (Агглүтинатив тилдерде сөз жаратууда уңгу сөз сакталат да, куранды жана уланды мүчөлөр уңгу сөздү бузбастан тизилип жалгашат; мисалы: кыргызча “көлдүктөрдүкүндөгүлөрдөйдүр” деген сөздө “көл” уңгу сөзү сакталып кала берет эмеспи).

Бул тилдик жагдай эвенктер менен сахалар өз тарыхый коңшулары болгон алтай тил тобунун башка тилдерин кыйла жеңил өздөштүрө алуусу үчүн өбөлгө болгон.

Ал эми дээрлик окшош тарыхый-маданий, социалдык, этнографиялык, климаттык, ж.б. шарттарда жашаган жана оторчулуктун зардабын дээрлик бирдей тарткан элдердин алдыңкы өкүлдөрү улуттук боштондук күрөшкө биргелешип чыгуу далалатын жасашканын түшүнүү кыйын эмес.

(1828–1859-жылдары Дагстанда жана жалпы Түндүк Кавказда ар кыл тилдерде сүйлөгөн мусулман калктары орусиялык баскынчыларга каршы авар лидери, колбашчы, арап, кумук жана түрк тилдерин да билген имам Шамилдин (1797–1871) жетегинде улуттук боштондук көтөрүлүшкө чыгышкан. 1859-жылы Шамил падышалык аскерлер тарабынан туткунга алынган соң да, Түндүк Кавказ чөлкөмүндөгү көтөрүлүш оту бир кыйла жылдар бою алоолонуп турган.

Бул окуяларга 1873–1876-жж. Полот хандын, б.а. теги кыргыз молдо Ыскак Асан уулунун жетекчилигиндеги Кокон хандыгынын аймагындагы ар кыл этностордун падышалык оторчуларга каршы кубаттуу көтөрүлүшүн, 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштү, 1917-жылдан тартып башталган Алаш Ордо, Түркстан автономиясы үчүн күрөштү да салыштырууга болот).

Ыраакы Чыгыштагы көтөрүлүшкө түрткөн өбөлгө-себептер

Советтик Орусияда жарандык согуш аяктаган соң башка чөлкөмдөрдөгүдөй эле Саха жергесинде (Якутияда) дагы эгеменчил идеяларды “жоошутуу” үчүн советтик автономия негизделген.

Советтик Орусиянын Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) 1922-жылдын 27-апрелиндеги декретине ылайык Ыраакы Чыгышта РСФСРдин курамындагы Якут АССРи негизделген.

1922-жылы Якут АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин (өкмөтүнүн) төрагасы болуп белгилүү агартуучу, айдың Платон Ойунский (саха тилинде: Былатыан Ойуунускай; 1893–1939) шайланган. Ал 1923-жылы Якут АССР БАКынын төрагасы (азыркыча айтканда, парламент спикери) болуп калган.

(Караңыз: Они основали Республику: 100-летию образования Якутской Автономной Республики: в 2-х частях: сборник / Составитель Т.О.Сидоров. – Якутск: Редакция журнала "Илин", 2022. – Ч. 1: Якутская Автономная Республика: действующие лица (1917–1922) / Олег Амгин. – 432 с., ил.; Ч. 2: Ретроспектива истории республики: по страницам журнала "Илин" (1991-2012) / гл. ред. О.Г.Сидоров; вступительные статьи: А.С.Борисова, А.В.Мигалкина. – 458, [2] с.)

Бирок РСФСРдин борбору Маскөө Якут АССРинин чек арасын аныктоодо Ыраакы Чыгыштагы түпкү калктардын көз карашын эске алган эмес. Охот деңизинин жээгинин аймагы Якут АССРинен ажыратылып, Приморье жана Камчатка облустарынын курамына бөлүп берилген.

Охот аймагында болсо СССРдин Эл Комиссарлар Кеңешине караштуу Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыктын (кыскача - ОГПУ) жергиликтүү өкүлдөрү 1922–1923-жылдары түпкү калктарга кыйла зомбулук көрсөткөн, аларга оор салык салган, ал түгүл мурдагы ак гвардиячылар талап кылган алмандарды да төлөөгө милдеттендиришкен.

Маселен, 1923-жылы болшевиктер баалуу терилерге жаңы салыкты жана бардык терилерди каттоо эрежесин киргизишкен. Бул талаптарга ылайык, ар бир аңчы аң уулап жүрүп кайтып келээри менен үч күндүн ичинде бардык баалуу терилерди расмий каттоодон өткөрүшү керек болчу. Бул үчүн орусча билбеген тунгус аңчылары жаңы атып алынган аңдын баалуу терилерин көтөрүнүп алып ири кыштакка келип, атайын тилмеч издеп, анан атайын анкета толтурушу керек эле. Анкетада ал аңчы өзү кимдиги, кайда туулгандыгы, качан жана кайсы жерде териси баалуу жаныбарды өлтүргөндүгү жөнүндө чып-чыргасы коротулбай каттатышы керек болчу. Анан ал көтөрүнүп келген аң терилерине номур жана мөөр койдурган жана тиешелүү маалыматты тиркеме дептерге жаздырган. Мындан соң аңчыдан ар бир аң териден белгиленген сатуу баасынан 5 %дай көлөмдө салык төлөтүп алышкан. Аңчы жада калса коёндун терилери үчүн да аң терилер менен бирдей каттоодон өтүүгө жана салыктар төлөөгө милдеттендирилген. Ал түгүл аңчы сатыкка чыгарбастан, жеке үй-бүлөлүк максатта колдонушу керек болгон аң терилерге да атайын тамга салдырышы зарыл болгон.

Бул сыяктуу салыктар – нагыз талап-тоноонун бир түрү болуп саналган.

Охот аймагындагы жергиликтүү кеңештерге саха жана эвенк тилдерин билбеген орус тектүүлөр жетекчилик кылышкан. Түпкү калктардын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик мекемелерине аралаштырылган эмес. Эвенк тилинде мектеп да уюштурулбаган.

Жалпысынан, аймакта мурдагы падышалык оторчулукка салыштырмалуу жылма оторчул өкүмзор тартип орнотулган. Демек, лениндик “согуштук коммунизм” доорун баштан кечирген РСФСРдеги ири улуттун чакан этносторго карата кысымынын мурдагы падышалык доордогудай эле улантыла бериши – улуттук боштондук көтөрүлүштүн дүрт жанышы үчүн башкы себептерден болгон.

Михаил Артемьев. Саха архивинен.
Михаил Артемьев. Саха архивинен.

1924-жылдагы көтөрүлүш аракеттеринин башталышы

Өз элинин оор кырдаалга кириптер болгондугуна нааразы жергиликтүү калайык көтөрүлүшкө чыгууга белсенди.

1924-жылы май айында саха тегиндеги Михаил Константинович Артемьев (сахача Куоста уола Мэхээл Артемьев; 1888–1928) жетектеген көтөрүлүшчүлөр тобу Нелкан (Нелькан) жергесинде чечкиндүү чабуулдарга өткөн.

Михаил Артемьев сабаттуу киши болгон. Жарандык согуш маалында оболу болшевиктер тарабында салгылашкан, кийинчерээк алардан көңүлү калган. 1922-жылы ал сахалардын антиболшевиктик партизандык кыймылына кошулуп кеткен.

М.Артемьев 1923-жылдын башында ак гвардиячы орус генералы Анатолий Пепелеяевдин аскерине кошулат. 1923-жылы март айында Пепеляевдин аскери кыйратылган соң, М.Артемьев бир канча убакытка тайгада жашырынып жүрөт.

Андан соң, 1923-жылдын жазында, Михаил Артемьев Ыраакы Чыгыштагы тунгус көтөрүлүшүнүн негизги жолбашчыларынын бири болуп чыга келген.

Артемьевдин тобу 1924-жылы 10-майда Нелканды каратып алды. (Бул топоним эвенк тилинде “нел” – “эки өзөндүн куймасы” жана “кан” – “ушул жердик” деген сөздөрдөн куралган).

Нелкан кыштагы азыркы тапта Орусиянын Хабаровск крайынын Аян-Майск районуна карайт жана бул райондун борбору болгон Аян кыштагынан түндүк-батышта, 180–190 чакырымдай аралыкта жайгашкан.

Айтмакчы, Нелкандагы советтик кызматкерлер аман-эсен кыштактан чыгып кетүүсү үчүн шарт түзүлгөн.

1924-жылы 6-июнга караган түнү болсо тунгус көтөрүлүшчүлөрү Охот деңизинин жээгиндеги Аян портун басып алышкан (“аян” сөзү эвенк тилинде “булуң” маанисин туюнтат). Алар мындагы каршылык көрсөткөн ОГПУнун башчысы Суворовду жана 3 жоокерди өлтүрүштү, бирок порт шаардагы гарнизондун калган бөлүгүнө Якутияга аман-эсен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришти.

Аян портун басып алууга тунгус колбашчысы Павел Карамзин жетекчилик кылган.

Павел Гаврилович Карамзин азыркы Орусиянын Хабаровск крайына караштуу Аян-Майск районунда байырлаган эвенктердин төбөлдөрүнүн уругунан чыккан деп жоромол кылынат. Карамзиндин эвенк төбөлдөрүнүн кадыр-барктуу бүлөсүнөн чыгышы ар кыл эвенк урууларында ага карата ишенимди ого бетер бекемдеген деп орусиялык тарыхчы Сергей Каплин баса белгилейт.

Эгемен Тунгус жумурияты (1924–1925)

Нелкан менен Аянды каратып алышкан эвенктердин ар кыл урууларынын жана сахалардын антиболшевиктик өкүлдөрү 1924-жылы 14-июлда Аян порт шаарында Бүткүл Тунгус курултайын өткөрүштү. Ага Охот деңизинин жээк боюндагы жана ага чектеш аймактардагы эвенк урууларынын, сахалардын жана башка этностордун өкүлдөрү да катышты.

Курултайдын катышуучулары Убактылуу Борбордук Тунгус улуттук башкармалыгы деген саясий уюмду негиздешти. Бул убактылуу өкмөт Советтик Орусиядан бөлүнүп чыгып, аймакта өз алдынча мамлекет куруу тууралуу чечим кабыл алды.

Ошентип, Бүткүл Тунгус курултайы тунгус (эвенк) элинин жана алардын тарыхый коңшуларынын аймагынын саясий көз каранды эместигин жарыялады.

Курултай бул аймактын токойлуу, тоолуу жерлеринин жана деңизинин байлыктары чет элдик баскынчылар үчүн кол тийбестигин да шардана кылды.

Эгеменчилер Тунгус жумуриятынын үч түстүү желегин кабыл алышты. Анда ак түс Шибердин аппак карын, жашыл түс тайганы жана токойду, кара түс жердин кара топурагын (кыртышын) туюнткан.

Мамлекеттик атрибут катары Тунгус жумуриятынын гимни да кабыл алынган.

Бул кадамдар эвенк эли жана аларды колдогон жергиликтүү сахалар эгемендик идеяларын жүзөгө ашыруу маселесине сабаттуу мамиле кылышкандыгын айгинелейт.

Тунгус жумуриятынын жетекчилери Якутия (Саха) менен мурдагы тыгыз экономикалык карым-катнашты калыбына келтирүүгө да чакырышкан.

Улуттар лигасына жана дүйнө коомчулугуна кайрылуу

Бүткүл Тунгус курултайына баш кошкон ар кыл этностордун саясий кыймылдарынын жетекчилери дүйнө коомчулугуна орток кайрылуу менен чыгышты.

Чет мамлекеттерге жана Улуттар лигасына (БУУга чейинки эл аралык ынтымакка) даректелген бул кайрылууну ар кыл этностордон турган он киши (М.К.Артемьев, П.Карамзин, С.Канин, И.Кошелев, Г.Я.Федоров ж.б.) даярдаган.

Кайрылууда орусиялык шовинисттик зомбулуктан азап чегип жаткан жана “илим менен техниканын дүйнөлүк өрүшүнөн бардык өңүттөрдө” артта кала берип жаткан тунгус элин “дүйнөлүк улутчулдуктун жалпы душманы – орус коммунизминен” куткаруу үчүн көмөк кылуу өтүнүчү камтылган.

Бул кайрылуу жана Тунгус жумуриятынын мамлекеттик органдары менен символдорунун кабыл алынышы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн лидерлеринин мыйзам чыгаруу, эл аралык укук, этностор укугу жаатында заманбап билимге жана кеңири демократиячыл идеяларга ээ болушкандыгынан кабар берет. Тунгус жумуриятын айрым жергиликтүү орустардын өкүлдөрү да колдошкон.

Тунгус жумуриятынын колбашчылары. Жогорку катарда солдон экинчи турган - Павел Карамзин. Саха архивинен.
Тунгус жумуриятынын колбашчылары. Жогорку катарда солдон экинчи турган - Павел Карамзин. Саха архивинен.

СССР менен куралдуу кагылыштар

Убактылуу Борбордук Тунгус улуттук башкармалыгы СССРдин БАКына кат жөнөтүп, тунгус элинин көйгөйлөрүн жана талаптарын саясий жолдор менен чечүүгө, ар кандай куралдуу жаңжалдарды болтурбоого чакырган. Эгерде СССР тараптан Тунгус жумуриятына кол салуу аракети жасалса, анда тунгус эли куралдуу каршылык кылууга бара тургандыгы, болжолдуу курмандыктар үчүн тарых алдындагы жана коомдук маанай алдындагы жоопкерчилик Совет бийлигинин жогорку органы болгон СССР БАКына таандык болуп калаары да өзгөчө белгиленген.

Тунгус жумуриятынын жетекчилигинин маселени тынч жол менен чечүү аракети Аян портундагы кызыл аскерлерди жана советтик кызматкерлерди аман-эсен көчүрүп жибергендиги менен да тастыкталат.

1924-жылы Охотск ОГПУсунун кошууну Улья кыштагынын жанында үч орус, эки тунгус (эвенк) жана бир саха курамында болгон топту атып өлтүргөн.

Бул окуя Тунгус жумуриятында ыктыярдуу коргонуу кошуундарын тездеп түзүүгө түрткү болду.

Түпкү калктар жана аларды колдогон келгиндер Охот деңиз жээги менен чектелбестен, Якут АССРинин аймагында (Оймякон, Верхоянск, Абый ж.б. улустарында) да советтик жетекчиликке каршы куралдуу көтөрүлүшкө чыгышты.

1924-жылдын 31-декабрына карата эгемен көтөрүлүшчүлөр Арка кыштагын ээлешти. Мында тунгус (эвенк) Софрон Погодаевдин 60 кишиден турган тобу да өз салымын кошкон.

1925-жылы 20–23-январда Нелкан кыштагында Экинчи Бүткүл Тунгус курултайы өткөрүлдү. Ага конок катары келген Якут АССРинин БАКынын өкүлдөрү эвенктер менен сахаларды куралдуу көтөрүлүштү токтотууга чакырышты. Бирок курултай делегаттары “террорчу коммунисттерге ишеним жок” деп кескин жооп кайырышты.

Ошондон соң Кеңеш өкмөтү тажрыйбалуу кызыл командир Иван Строд жетектеген атайын атчандар кошуунун Тунгус жумуриятына каршы жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Строддун кошууну 7-февралда Петропавловскту ээлөөгө жетишкен. Бирок бул кошуун март айынын башында Тунгус жумуриятынын кошуундарынан жеңилген соң, Строд өзү калган каткан жоокерлери менен артка чегинип кеткен.

22-февралга караган түнү Карамзиндин кошууну Охотск шаарынан 7 чакырым алыстыктагы Новое Устье кыштагын каратып алды. Көтөрүлүшчүлөр мындагы болшевиктердин ок-дарысын өздөрү алып калып, колго түшкөн азык-түлүктү тайгадагы тукулжураган жергиликтүү калайыкка бөлүп беришти.

Орусиялык тарыхчы Алексей Марковдун пикиринче, Новое Устье салгылашуусу көтөрүлүшчүлөрдүн жогорку рухун айгинелеген. Карамзиндин кошуунунда бардаңкелүү 150 гана жоокер болгон, ал эми жеңилген кызыл гвардиячылардын 317 жоокери жана бир “Максим" окчачаары (пулемёту) жана башка мыкты куралдары бар эле.

31-мартта Артемьевдин эгеменчил кошууну Сулгачи кыштагын ээлеп алды.

Айрым көтөрүлүшчү аскер топторунун бирин Гиззатулла Рахматуллин (Боссоойко; 1883–1930) аттуу татар тегиндеги балбан жана баатыр да жетектеген. Аны сахалар “Боссоойко” деп аташкан. Анын атасы Гафиятулла XIX кылымдын экинчи жарымында Уфа (Өфө) губерниясынан Ыраакы Чыгышка сүргүнгө айдалгандардын бири эле.

Бул Гиззатулла Рахматуллин (Боссоойко) деген баатырдын теги башкыр болгон деп түкшүмөлдөгөн замандаштар да бар.

Сүргүндөгү далай татар-башкырлар кийин сахалар сыяктуу эле орус тегаттарын алып, өздөрүн “саха” деп жаздыртышкан учурлар белгилүү. Бул сүргүндө жүргөндөр менен алардын урпактарына карата орусиялык шовинисттердин кошумча кысымынан качуу аргаларынын бири болгон. Албетте, алардын Боссоойко сыяктуу бир катар өкүлдөрү Ыраакы Чыгыштагы 1920-жылдардагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө жандуу катышкан.

Саясий сүйлөшүүлөр жана алдануу

Советтик жетекчилик Ыраакы Чыгыштын бул көтөрүлүшчүл аймагында күч колдонуу аркылуу көтөрүлүштү басууга мүмкүн болбой жаткандыгын мойнуна алып, 1925-жылдын ортосуна карата саясий сүйлөшүүлөр ыкмасына өттү.

Бийликтеги жалгыз партия болгон РКП(б)нын Борбордук Комитети менен Орусиянын БАКынын атайын комиссиясы түзүлүп, аны латыш тегиндеги кызыл командир Карл Байкалов (Некунде, латышча Kārlis Nekunde; 1886–1950) жетектеди.

Колбашчы Байкалов 1921-жылы Монголиянын батышындагы Баян-Өлгөй аймагындагы Толбо-Нуур көлүнүн айланасындагы урушта өз кошууну ак гвардиячылардын камалоосуна 44 күн бою туруштук бергендиги үчүн “Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. Ак гвардиячы генерал Пепеляевдин кошуундарына каршы ийгиликтүү салгылашууларынан соң ага 1923-жылы экинчи ирет “Кызыл Туу” ордени ыйгарылган. 1936-жылы Сталиндик репрессияларга катышкан. 1937-жылы Байкалов өзү да “троцкист” деген жалаа боюнча репрессияланып, абак жазасына кириптер болгон. 1946-жылы анын сүргүн мөөнөтү бүткөн. Байкалов (Некунде) 1950-жылы августта каза болуп, Якутиянын Улахан Сайылык жергесинде көмүлгөн. 1956-жылы (өлгөндөн соң) акталган.

Байкалов менен Тунгус жумуриятынын жетекчилери кырдаалды тынч жөндөө тууралуу келишүүгө жетишкен.

Тунгус жумуриятынын жетекчилери СССРге үч талап коюшкан. Биринчиси – кызыл террорду жүзөгө ашырган коммунисттерди жергиликтүү бийликтен кетирүү. Экинчиси – тунгустарга бардык саясий, экономикалык жана маданий маселелерди өз алдынча чечүүгө укук берүү. Үчүнчүсү – Охот деңиз жээгинин боюн РСФСРга караштуу Ыраакы Чыгыш аймагынан бөлүп, РСФСРге караштуу Якут АССРине кошуу. Демек, алар таптакыр эгемен болуу идеясынан кайра кайтышкан.

1925-жылы 9-майда тынчтык макулдашуусуна кол коюлган соң, Артемьевдин 484 жоокерден турган кошууну курал-жарактарын кызыл аскерлерге тынч өткөрүп беришкен.

18-июлда Карамзиндин кошууну да кызылдарга тынч багынып берүүгө макул болду.

1925-жылы августта Тунгус жумуриятынын убактылуу өкмөтү (Убактылуу Борбордук Тунгус улуттук башкармалыгы) өз ишмердигин биротоло токтотту.

Якут АССРинин өкмөт мүчөлөрү мунапыс алган тунгус көтөрүлүшчү лидерлери менен. 1925-жыл. Саха архиви.
Якут АССРинин өкмөт мүчөлөрү мунапыс алган тунгус көтөрүлүшчү лидерлери менен. 1925-жыл. Саха архиви.

Тунгус көтөрүлүшчүлөрүнүн айрым талаптары аткарылган, кээ бир зөөкүр ОПГУчулар сот жазасына тартылышкан, 1925-жылдан кийин эвенк жана саха аңчыларына салыктан жеңилдиктер берилген. Жергиликтүү калктар үчүн мектептер ачуу талабы да канааттандырыла баштаган.

Бирок сталиндик өкмөт өз ара элдешүүнүн башкы саясий маселелеринин бирин акырындап жокко чыгарган: Тунгус жумуриятынын лидерлери жана негизги өкүлдөрү 1928–1938-жылдары четинен камалып, айрымдары атууга кеткен, калгандары советтик ГУЛагга узак мөөнөт менен айдалган.

Мурдагы Тунгус жумуриятынын Михаил Артемьев жана Павел Карамзин сыяктуу айрым жигердүү өкүлдөрү кайрадан СССРдеги сталиндик режимге каршы көтөрүлүш чыгаруу далалаты оңунан чыкпай калган.

Михаил Артемьев 1927-жылы теги саха Павел Васильевич Ксенофонтовдун (сахача Бааска уола Байбал Ксенофонтов; 1890–1928) көтөрүлүшчү аскерине кайра кошулуп кеткен. П.В.Ксенофонтов 1917-жылы Маскөө мамлекеттик университетин аяктаган укук адиси болгон. 1927-жылы 28-сентябрда ал Кудома кыштагында “орто дыйкан жана кедейлердин таламын жактаган жаш сахалардын улуттук советтик социалисттик партиясын” (“конфедералисттер партиясын”) түзгөнүн жарыялаган соң, болшевиктер ага “бандит” деп жарлык тагышкан. 1927-жылы декабрда Ксенофонтовдун көтөрүлүшчү кошуундары Якутиянын беш улусун көзөмөлдөп калышкан.

1928-жылы 1-январда Ксенофонтов тынчтык сүйлөшүүлөрү маалында болшевиктер тарабынан камакка алынган. Алдын ала убада кылынган мунапыска карабастан, Ксенофонтов ошол жылы 28-мартта атууга кеткен. Аны 1993-жылы гана (өлгөндөн кийин) Саха Жумуриятынын прокуратурасы кайра актаган.

Михаил Артемьев болсо 1925-жылдан кийин өзүнө дос болуп калган Иван Строддун “мунапыс берилет” деген сөзүнө ишенип, 1928-жылдын башында болшевиктердин колуна түшүп берген. Советтик бийликтер кечирим кылуу убадасынан кайтып, 1928-жылы 27-мартта Артемьевди атууга өкүм чыгарышкан. Ал 1999-жылы 11-октябрда гана (өлгөндөн кийин) Саха Жумуриятынын прокуратурасы тарабынан кайра акталган.

Павел Карамзин болсо алгач болшевиктер менен кызматташа баштаган жана ал түгүл Аян жергиликтүү райондук аткаруу комитетинин төрагасы кызматына чейин жеткен. Бирок сталиндик “тап күрөшүнө каршы күрөштүн” жаңы баскычы маалында, 1930-жылы декабрда Карамзин кайрадан баш көтөргөн.

Ал атайын чогулуш уюштуруп, Тунгус автоном жумуриятын түзүү жана аны Якут АССРинин курамынан чыгаруу демилгесин көтөргөн. Албетте, бул жаңы автономия СССРдин курамында кала бермек.

Бирок Карамзиндин “жикчил идеяларынан” чочулган сталиндик бийликтер 1931-жылы июлда аны камакка алып, үч жылдык мөөнөткө сүргүнгө кескен. Кейиштүүсү, ал сүргүндө канча убакыт болгондугу жана башка жекече тагдыры жөнүндө маалыматтар, анын ичинен качан жана кайсы жерде өлгөндүгү азырынча белгисиз кала берүүдө. 1989-жылы, “Кайра куруу” доорунда, Карамзин (өлгөндөн кийин) кайра акталган.

Тунгус жумурияты тарыхта кандайча чагылдырылмакчы?

Деги, калк саны аз болсо да, 1924–1925-жылдары ири аймакты ээлеген Тунгус жумурияты заманбап тарыхта кандайча чагылдырылмакчы?

Орусиялык калыс тарыхчылар Тунгус жумуриятынын негиздөөчүлөрүн совет доорундагыдай “ак гвардиячы бандит”, “буржуазиячыл улутчул” жана “авантюрачы” деп бир беткей чагылдырбастан, ар кыл түстө чагылдырууга умтулуп жатышат.

Ал эми саха жана эвенк элдери өз баатырларын жана алардын үзөңгүлөштөрүн урматтап эскерип келишет.

Мисалы, 2022-жылдын 23-июнунда Саха Республикасынын Мегин-Кангалас районундагы Мэлдэхси кыштагынын жанында улуттук баатыр Боссоойконун (Рахматуллиндин) элесине арналган эскерүү тактасы салтанаттуу түрдө ачылды.

Тунгус жумуриятын түптөөгө жигердүү салым кошкон Павел Карамзин, Михаил Артемьев жана башка тарыхый инсандар тууралуу мурда айтылбай келген маалыматтар азыркы тапта интернетте ачык жарыяланып, алар тууралуу көркөм жана публицисттик чыгармалар жазылып келет.

Ошого карабастан Орусиядан сырткаркы дүйнөдөгү тарыхчылар, алтай таануучулар жана чыгыш таануучулар тунгустардын (бул этноним кээде эвенк жана чыгыш сахалар үчүн жалпы колдонулган) эгеменчил каармандарынын бейнесин калыс чагылдырууда өз салымдарын кошуусу абзел.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG