Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:34

Түркиядагы шайлоонун экинчи айлампасы: Зумерлер баарын чечет


Стамбул шайлоо өткөн 14-майдын кечинде.
Стамбул шайлоо өткөн 14-майдын кечинде.

Ушул аптанын аягында Түркияда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. 14-майда добуш берүүдө жеңүүчү аныкталган эмес. Албетте, бул өнөктүк ондогон жылдар ичиндеги маанилүү шайлоо болуп калды. Азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган биринчи айлампада жеңишке жетүү үчүн зарыл делген добуштардын 50 пайызын ала албай, бул окуялар анын карьерасындагы эң оор саясий сыноо болду.

Эми ал 28-майга чейин шайлоочуларын мамлекет башчысы бойдон калууга көндүрүшү керек. Эгерде шайлоону анын башкы атаандашы - оппозиция лидери Кемал Кылычдароглу жеңсе, бул Түркиянын саясий түспөлүн түп-тамырынан бери өзгөртүшү мүмкүн. Эрдогандын жеңилиши Батышка оңдой берди деген кеп, ал эми Москвага кооптонуу жаратат.

14-майда Түркияда өткөн президенттик шайлоодо бир дагы талапкер биринчи турда жеңишке жетүү үчүн талап кылынган добуштардын 50 пайыз босогосун аттай алган жок. Өлкөдө парламенттик шайлоо да өттү. Шайлоо комиссиясынын башчысы Йенер добуш берүү жараяны жыйынтыктарга терс таасирин тийгизе турган жагдайларсыз өткөнүн билдирди.

Президенттик шайлоого катышкандардан үч талапкер өзгөчөлөнүп турат - Режеп Эрдоган, алты партиянын башын бириктирген бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу жана "Альянс АТА" саясий блогунун өкүлү Синан Оган (ал 5 пайыздан ашык добуш алды).

Эрдогандын сынчылары эгер ал кайра шайланса, өлкө биротоло автократиялык мамлекетке айланат деп кооптонушат. Шайлоого үч ай калганда Түркиянын түштүк-чыгышында 50 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөө катталып, бул саясий өнөктүккө өлкө бир топ көйгөйлөр менен келди. Жабыр тарткан аймактар калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү талап кылууда, ал эми экономика барган сайын оор кризиске батып баратат. Өткөн жылы Түркияда инфляция 80 пайыздан ашкан.

Режеп Тайып Эрдогандын жактоочулары. 2023-жылдын 14-майы.
Режеп Тайып Эрдогандын жактоочулары. 2023-жылдын 14-майы.

Кемал Кылычдароглу үгүт маалында эгер ал бийликке келсе өлкөнү жаңы нукка буруп, "бир нече жылдык мамлекеттик репрессиядан кийин демократияны жандандырып", Батыш менен байланышты калыбына келтирерин билдирген. Ошондой эле ал Орусия менен достук мамилени сактап кала турганын убада кылды, бирок шайлоого бир нече күн калганда Кылычдароглу шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкени үчүн Кремлди сынга алды.

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо тууралуу Чыгыш таануучу, аймакты беш колундай билген Михаил Шерешевский менен маектештик.

– Эмне себептен Түркиядагы шайлоонун жыйынтыгына дүйнө жүзү мынчалык катуу кызыгып жатат? Эмнеге ал өтө маанилүү?

- Түркиянын келечеги тууралуу маселе чечилип жатат. Эрдоган бул өлкөнү 20 жыл башкарып, аны абдан өзгөрттү, бул бүтүндөй доор. Ал доор эми бүтүшү мүмкүн. Түркия экономикалык жана аскердик-саясий жактан алганда күчтүү мамлекетке айланды. Ал экономикасы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы жыйырма мамлекеттин катарына кирди. Заманбап инфраструктураны, куралдуу күчтөрдү түздү. Түркиянын аскердик өнөр-жай комплекси күч алды, эң жаңы куралдар менен жабдылган түрк армиясы Сирия, Ливия жана Түндүк Иракта бар. Анкара бул өлкөлөрдө аскердик операция жүргүзүп жатат, ошондой эле ал барган сайын Түштүк Кавказда, Борбордук Азияда жана Түндүк Африкада маанилүү ролду ойной баштады – бул аймактарда аскердик-саясий блокторду түзүүдө. Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жана Украинадагы окуяларга да таасирин тийгизет. Эрдогандын атаандашы бийликке келсе эмне болот? Бул учурда Түркиянын ички жана тышкы саясаты канчалык өзгөрүшү мүмкүн? Ошол себептерден бул шайлоонун жыйынтыгына көптөгөн жараяндар көз каранды. Бүткүл дүйнөгө тиешелүү жараяндар...

- Шайлоо алдында кандай кырдаал түзүлдү? Башкы талапкерлер шайлоого эмне менен келишти?

- Түркияда бир эле учурда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат. 69 жаштагы Тайып Режеп Эрдоган кайрадан президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү. Ал "Элдик альянсты" жетектейт, анын курамына ал өзү башында турган “Адилет жана өнүгүү” консервативдүү исламчыл партия (АК партия) жана “Улуттук кыймыл” оңчул пантүркисттик партия (УКП) кирет.

Аларга курамына алты партия кирген “Улуттук альянс” оппозицияда. Бул биримдикке “Республикалык элдик партиянын” центристтери, “Жакшы партиянын” светтик улутчулдары жана бир катар консервативдик, либералдык мүнөздөгү чакан партиялар топтолгон. Оппозициянын лидери 74 жаштагы Кемал Кылычдароглу “Республикалык элдик партиянын” башчысы, ал азыр президенттин башкы атаандашы.


Парламенттик шайлоого келсек, оппозиция башкаруучу коалициядан көп деле артта калган жок. Ошол эле маалда оппозицияда маанилүү көзүр бар – ал күрттөрдүн Элдик демократиялык партиясы (ЭДП). Ал добуштардын болжол менен 12 пайызын ала алат (шайлоодо бул партия 8,8% алды - редакция). Эгерде бул партия шайлоодон кийин оппозицияны колдоого даяр болсо, анда коалиция иш жүзүндө (формалдуу эмес) жети партиядан туруп калышы мүмкүн. Президенттик шайлоодо да күрттөрдүн добушу маанилүү. Анын харизмалуу лидери Селахаттин Демирташ азыр абакта отурганы менен Кылычдароглуну ачык колдоду.

- Ал эми президенттик жарышка эмне болду?

- Эрдоган менен Кылычдароглу добуш берердин алдында ар бири 40 жана 45 пайыздан добуш алып, жанаша келишти. Айрым сурамжылоолор Кылычдароглунун кичине артыкчылыгын көрсөттү. Бирок, дагы бир таасирдүү талапкер Мухаррем Инже бар. Өткөн президенттик шайлоодо ал “Республиалык элдик партиядан” (РЭП) көрсөтүлүп, Эрдоганга утулуп калганына карабай чоң кадыр-баркка ээ болуп, көптөгөн колдоочуларды чогулткан. Кийинчерээк ал РЭПтен чыгып кетти. Бул жолу ал чакан "Ата Мекен"партиясынын башчысы катары өз алдынча чыгууну чечти. Инже өткөн жолу 3-5 пайызга ээ болгон. Бир караганда бул өтө эле көп эмес, бирок Түркияда 64 миллион шайлоочу бар экенин эске алсак чындыгында эле бул олуттуу добуш, анан алар негизинен Эрдоганга каршы добуштар.

Кемал Кылычдароглу шайлоо бекетинде. 2023-жылдын 14-майы.
Кемал Кылычдароглу шайлоо бекетинде. 2023-жылдын 14-майы.

Бирок шайлоого үч күн калганда Мухаррем Инже күтүүсүздөн талапкерлигин алып салды. Теориялык жактан алганда анын шайлоочуларынын добуштары, башкача айтканда, 2-3 миллион адам Кемал Кылычдароглунун жеңишин биринчи турда камсыз кылмак. Алардын 70 пайызга жакыны Кылычдароглуга, 20 пайызга жакыны гана Эрдоганга добуш берүүгө даяр экенин айткан. Бирок биринчи айлампа жеңүүчүнү аныктаган жок, эки жумадан кийин экинчи тур болот. Ал жолу да шайлоочулар активдүү катышып, балким урнага келгендер 80 пайыздан жогору болушу ыктымал.

– Бул талапкерлерди канчалык салыштырууга болот? Экөөнүн негизги айырмачылыктары эмнеде?

- Эрдоган - жаркын, харизмалуу саясатчы. Ал күчтүү чечен, ыр окуганга даяр. Жалын менен өзүнүн тууралыгына чоң ишеним артып сүйлөйт. Мындан тышкары, ал өлкөнү жыйырма жыл башкарды. Көптөр үчүн ал азыркы Түркияны элестетет. Анын атаандашынын мындай административдик жана башкаруучулук тажрыйбасы жок. Кылычдароглу азыркы президенттин фонунда көзгө көрүнө бербеген чиновникке окшош. Кыскасы, ал Эрдогандын карама-каршысы. Бул анын кемчилигине окшойт. Бирок, Түркияда көптөр бүгүнкү күндө дал ушундай жетекчиге муктаж деп эсептейт. Коомдун бир бөлүгү чечкиндүү, авторитардык башчы Эрдогандан чарчады. Мындай адамдар токтоо жана эстүү Кылычдароглуга ыраазы экенин айтышат. Алар "биз бороон-чапкындуу, кар аралаш катаалдыктарга тойдук, эми тынч жашайлы, биздин үйүбүзгө өз долбоор, пландарыңар менен кирбегиле" деп жатат.

Режеп Тайып Эрдогандын жактоочулары Стамбулда. 2023-жылдын 7-майы.
Режеп Тайып Эрдогандын жактоочулары Стамбулда. 2023-жылдын 7-майы.

Дагы эмне абдан маанилүү: Режеп Эрдогандын рейтинги февраль айындагы чоң жер титирөөдөн кийин болжол менен 2-3 пайызга түштү. Балким, бул көп эместей көрүнгөнү менен күрөш канчалык курч экенин эске алганда бул маанилүү сандар.

– Ал эми идеялык жактан алганда эки талапкердин ортосундагы карама-каршылык эмнеде? Кылычдароглу эмнени өзгөртүүнү сунуштап жатат?

– Айырмачылыктар чоң. Эрдоган жыйырма жылдык башкаруусу маалында өлкөнү абдан өзгөрттү. Жаңы инфраструктура курулду, көптөгөн мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, электр станциялар салынды, экономика алгалап, заманбап өнөр жай тармактары өсүүдө. Дал ушул нерсе Эрдогандын популярдуулугунун чыныгы негизи болгон. Калганынын баары – көшөкөрлөнгөн тышкы саясат, консервативдүү исламчыл риторика - анын популярдуулугун арттырганы менен, көптөгөн шайлоочуларды андан алыстатты.

Түркияны модернизациялаганы, аны заманбап өлкөгө айландырганы, миллиондогон адамдарды медицина, билим берүү менен камсыздаганы Эрдогандын популярдуулугунун негизги себептери болуп саналат. Бирок заман өзгөрүп жатат. Калкы көбөйгөн мегаполистерде жаңы муун өсүп жатат. Эрдогандын тушунда түрк коому тарабынан жаратылгандардын баары алар үчүн көнүмүш нерсе катары кабыл алынат. Бирок анын консерватизми менен исламчылдыгы аларды кыжырдантат. Бул муун - зумерлер мууну. Алар бардык өлкөлөрдө аздыр-көптүр бири бирине окшош глобалдашкан алгачкы муун. Интернетте пайда болгон муун. Бүгүнкү күндө Иранда 84 жаштагы аятолла Али Хаменеи кандай болсо, Түркияда көптөгөн жаштар үчүн Эрдоган деле таң калыштуу идеяларга берилген "динозавр" катары кабыл алынат.

Бирок чындыгында Түркиянын президентинин алсызданышына негизги ролду экономика ойноду. Эрдоган түрк экономикалык кереметинин архитекторлору болгон кесипкөй экономисттерден арыла баштады. Ал пайыздык чендер канчалык төмөн болсо инфляция ошончолук төмөн болот деген таң калыштуу теорияга алдырды. Бирок дээрлик баардык экономисттер муну тескерисинче деп эсептешет. Мындан тышкары, Эрдоган экономикалык көз карашын диндин таасири менен түшүндүрүп, "өнүгүүгө акча берүүгө болбойт" деген турумда. Сынчылардын пикиринде, экспортко иштеген компаниялар түрк лирасынын кулашынан пайда көрүп жатат, бул система "Анадолу буржуазиясынын" кызыкчылыгында дешет.

Эмнеси болсо да, акыркы жылдары анын саясатынын натыйжасында кымбатчылык аябай күчөдү. Март айында керектөө инфляциясы 50,5 пайызды түздү, өткөн октябрда ал 85,5 пайызга жеткен. 2022-жылы ички дүң продукт 2021-жылга салыштырганда 5,6%га өстү - бул эми андай деле суктана турган өсүш эмес. Ошол эле маалда реалдуу эмгек акы да, элдин жашоо сапаты дагы төмөндөп жатат. Байлар байып, кедейлер жакырланып жатат. Компаниялар жумушчуларга жана адистерге эмгек акыны аз төлөп, көбүрөөк акча табышууда. Инфляция көпчүлүк түрктөрдүн кыжырына тийди, алардын жарымы бүгүнкү күндө минималдуу гана эмгек акы алышат. "Аль-Монитор" басылмасы жүргүзгөн сурамжылоолорго ылайык респонденттердин 69,6 пайызга жакыны экономика, инфляция Түркиянын алдындагы эң чоң көйгөй экенин айтышкан.

Дал ушул талылуу жерге оппозиция сокку урду. Азык-түлүк 70 пайызга кымбаттады, жашылча-жемиштердин баасынын минтип асмандаганынан оппозиция кадимки пиязды Эрдогандын ийгиликсиз экономикалык саясатынын символу катары белгилеп алды.

Мындан тышкары, курамына алты партия кирген Кылычдароглу баштаган коалиция Эрдоганды бийликтен кулатуу үчүн улутчулдардан тартып либералдарга чейинки саясий топторду гана бириктирбестен, бирдиктүү саясий платформаны да сунуштады. Ансыз шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүн эмес, анткени оппозиция ар турдүү мүнөздөгү адамдардан турат, муну болсо шайлоочулардан жашырууга мүмкүн эмес.

Ошондуктан Кылычдароглу салттуу акча-кредит саясатына кайтууну убада кылууда. Оппозициянын катарында белгилүү экономисттер, анын ичинде Эрдогандын мурдагы өнөктөшү жана түрк экономикалык кереметинин архитектору Али Бабажан да бар. Бул электораттын гана эмес, бир катар таасирдүү ишкерлердин да көңүлүн ийитет.

Шайлоо бул ирет курч өттү.
Шайлоо бул ирет курч өттү.

Эрдогандын артында да өз электораты жана олуттуу бизнесмендер бар, анын ичинде жогоруда айтылган Анадолу буржуазиясы, ошондой эле, мамлекеттик буюртмалардан чоң акча иштеп таап жаткан бир катар таасирдүү подрядчылар турат. Бирок инфляция оппозицияга жакканы менен, Эрдоган үчүн өтө ыңгайсыз тема. Оппозиция инфляцияны басаңдатуу үчүн пайыздык чендердин көтөрүлүшүн колдойт. Бирок бул - ачуу дары. Насыялар кымбаттап аткан шартта экономика рецессияга түшпөш үчүн жаңы инвестиция талап кылынат.

Шайлоо алдында биржа базары оппозициянын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүнө карата өз оптимизмин билдирди. Мисалы, түрк банктарынын биржалык көрсөткүчтөрү тездик менен өсө баштады. Жалпы капиталы 1,5 триллион долларды түзгөн инвестициялык фонддун өкүлдөрү Түркияга келди. Алардын айрымдары Түркияны "өнүгүп келаткан рыноктордун балбылдаган жылдызына” айлантууга убада беришүүдө. Бул үчүн өлкөдө жетиштүү ресурстар бар - квалификациялуу арзан жумушчу күчү, жакшы инфраструктура. Бирок Эрдоган бийликте турганда чоң акчалар Түркиядан качышы мүмкүн. Рынок Эрдоганга экзотикалык идеялары, экономикага ашыкча кийлигишкени үчүн ишенбейт. Мындан тышкары, кээ бир ишкерлер Түркиянын сот системасы үчүн бул мамлекетте келбейт.

– Сиз ички туруксуздукту жана каршы чыккандарды камакка алууну айтып жатасызбы?

- Ооба, эми ал эле эмес. Режеп Эрдоган супер президенттик, негизинен авторитардык режим түздү. Ал эбегейсиз күчкө ээ. Ал өкмөттү гана башкарбай, мыйзам чыгаруу бийлигинин элементтерине да ээ, сот тутумун да көзөмөлдөйт. Эрдоган аны сындаган миңдеген журналисттерди жана коомдук активисттерди түрмөгө камады.

Эрдоган өз партиясынан өкүлдөрдү сотторго дайындап, маалымат каражаттарын дээрлик толугу менен баш ийдирди. Көптөгөн компаниялар анын АК партиясынын аткаминерлери бөлгөн мамлекеттик заказдарга байланган. Мунун баарын айтып, сындасаңыз абакка "отурушуңуз" толук мүмкүн. Коррупция (шайлоочулардын 7 пайыздан ашыгы өлкөнүн башкы көйгөйү деп коррупцияны эсептешет), нааразы болгондорго, өзгөчө журналисттерге каршы полициянын репрессиясы жана өлкөнүн автократияга карай багытынын күч алышы азыркы Түркиянын символу болуп калды. Бардык үч көрүнүш тең бир эле маселенин өңүтү. Полиция менен сот чиновниктердин жана аларга чырмалган бизнестин кызыкчылыгын коргойт. Ал эми башкаруунун эки тизгин, бир чылбыры барып келип эле аларды коргогон жогорку эшалондогу кабинеттерде биригет.

Кемал Кылычдароглунун Измирдеги жактоочуларынын жыйыны. 2023-жылдын 14-майы.
Кемал Кылычдароглунун Измирдеги жактоочуларынын жыйыны. 2023-жылдын 14-майы.

Оппозиция да муну колдонуп, мамлекетти өзгөртүүчү бириккен күч бар экенин далилдеди. Алар сотторго эркиндик берип, репрессияны токтотуп, суперпрезиденттик бийликти кулатып, ордуна парламенттик система киризүүнү убадалап жатышат. Алар бийликке келсе мунун баарын аткарабы? Булар канчалык чын ыклас менен айтылууда? Бул да чоң суроо.

- Талапкерлердин сөзүндө дагы эмнелер шайлоочуларды кызыктырды?

- Кемал Кылычдароглу да жаш адам эмес. Бирок ал эркиндикти, адам укуктарын жана ар түрдүүлүктү урматтоону убада кылып, жаштарды өз тарабына тартууга аракет жасады. Ал ошондой эле кайсы бир деңгээлде кодуланып келаткан күрт жана алевиттер (шийит исламынын бир агымы) азчылыктарына кайрылды. Кылычдароглу да алевит, муну менен ал миллиондогон ошол агымдагы шайлоочулардын колдоосун алат.

Режеп Эрдоган болсо шайлоодо консервативдүү суннилерди жана улуу муундагы жарандарды топтоого аракет кылды. Ал салттуу үй-бүлө, мекен, улут, дин сыяктуу баалуулуктарга кайрылып, оппозицияны мунун баарына көңүл бурбай жатат деп сынга алды. Курч, чечкиндүү сөз менен Эрдоган шайлоочуларын кандайдыр бир деңгээлде мобилизациялоого жетишти.

– Эгер бийлик жеңилип калса шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай коюуга аракет кылбайбы? Эрдоган 2019-жылы муниципалдык шайлоодо ушундай жолго барып, өзү чыгарган талапкердин Стамбулда жеңилгенин моюнга алуудан баш тарткан. Анан кайра шайлоо өткөн. Экинчи турда оппозиция жеңип, анын өкүлү Экрем Имамоглу мэр болбодубу?

- Дал ушул сиз айткан себеп менен ушундай окшош сценарийди толугу менен жокко чыгарууга болбойт. Түркия бүгүн абдан активдүү абалда, миллиондогон адамдар түздөн-түз алдыңкы технологиялар менен куралданып, шайлоонун жыйынтыгын күтүшөт. Эгер маселе тынч чечилбей, эл кагылышса – бул жөнүндө ойлонгуң да келбейт. Судан менен Пакистанда бүгүн эмне болуп жатканын караңыз.

Бул ирет шайлоочулардын активдүүлүгү адаттан тыш болду. 2023-жылдын 14-майы. Анкара шаары, Түркия.
Бул ирет шайлоочулардын активдүүлүгү адаттан тыш болду. 2023-жылдын 14-майы. Анкара шаары, Түркия.

Эрдогандын айланасына аткаминерлер, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана мамлекеттик буюртмалардан пайда көргөн миллиардерлер топтолгон. Алар сот жообуна тартылуудан качып бийликти жоготуудан абдан коркушат. Теориялык жактан алганда, алар 28-майдан кийин алар Эрдоганды ынандырып, кайсы бир ченемдүү күч менен шайлоого кийлигишкенге аракет кылышы мүмкүн. Бирок муну жасоо алар үчүн оңой болбойт, антишсе чоң каршылыкка учурайт. Эми иш жүзүндө андай болбойт деп үмүттөнөбүз.

– Шайлоонун биринчи айлампасында дагы бир фигура - Синан Оган чоң роль ойноду. Ал 5 пайыздан ашык добуш алды. Экинчи турда анын шайлоочулары кимге добуш берет?

- Оган улутчул, популист саясатчы, ал президенттик шайлоого "Ата коалициясынын" атынан катышты. Өнөктүк маалында ал минималдуу эмгек акынын өлчөмүн көбөйтөм, сөз эркиндигин орнотом, коррупция менен күрөшөм деген убадаларды берди. Экинчи турда анын көпчүлүк шайлоочулары оппозицияны колдошу ыктымал.

Айрым кыскартуулар менен которулду. Толугу менен бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG