Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22

"Төрөтканага соо барып, сөөгү чыкты"


"Төрөтканага соо барып, сөөгү чыкты"
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:08 0:00

Быйыл эки айда төрт аял төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Жыл башында 21 жаштагы келин төрөт үйүндө жыгылып, дарыгерлер курсактагы ымыркайды дагы, энени дагы сактап кала алган эмес. Көп өтпөй эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин көз жаргандан төрт күндөн кийин ооруканада каза болду.

Февралда төрөт үйүнө оор абалда келди делген келин операциядан кийин кансырап ажал тапса, Жайыл (Чүй) районунда 36 жаштагы аял тогузунча баласын көрбөй кетти. Маркумдардын жакындары өлүмгө дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болду деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG