Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Тажик милициясы намазды тескейт


Тажикстан -- Дүйшөмбүдөгү борбордук мечит.
Тажикстан -- Дүйшөмбүдөгү борбордук мечит.

Тажикстанда мындан ары жума намазы кандай окулары тескеле турган болду. Ички иштер министрлиги намаз аягына чыга электе эле туруп кеткендерге чара көрүлөрүн эскертти.

Өткөн аптада Дүйшөмбүнүн борбордук мечитине жума намазга чогулгандардын алдында тажик Ички иштер министрлигинин өкүлү, полковник Баротали Хамидзода сөз сүйлөп, намазды аягына чейин окубай, туруп кеткендерге чара көрүлөрүн эскертти:

- Намаз окулуп бүтө электе эле ордунан туруп, мечиттен чыгып кеткендер башка диний агымдын өкүлдөрү катары саналат жана аларга чара көрүлөт. Биздин өлкөдө хижаб же сатра кийүүгө, ошол эле учурда өтө ачык кийинүүгө да улуттук жана диний салттарыбыздын улам, ага кошо бөлөк маданият менен бөтөн диний агымдарды турмушубузга аралыштырбоо максатында айрым бир чектөөлөр бар экенин билебиз. Бул биздин жашообуз тынч жана бейпил болушу үчүн керек.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Хамидзода бирок бул билдирүүсү эмнеге байланышканын жана намаздан эрте кеткендерге кандай чара көрүлөрүн айткан жок. Бирок аны уккандар сөз ханафи мазхабын урматтоо жана мындан башка мазхабды кармангандар тууралуу жүрүп жатканын түшүндү. Не дегенде, исламдагы кээ бир башка агымды тутунгандар намаздагы төрт рекет сүннөттү эки рекетке чейин кыскартып, намаз бүтө электе эле туруп кете беришет.

Милициянын полковниги Хамидзода ошондой эле намаздын аягына чейин турбагандар ханафи мазхабынын жолдоочулары эмес экенин жана алардын бул аракети чара көрүүгө себеп болорун белгиледи. Ошондой эле Тажикстан калкынын көпчүлүгү ханафи мазхабынын жолдоочулары экенин жана намазды анын эрежелерине ылайык окуурун айтып, бул агымды сыйлоо керектигин жана башка түрдүү диний топтор менен агымдардын таасирине берилбөөнү да эске сала кетти.

Мындан сырткары тартип коргоо органдарынын кызматкерлери өлкөнүн бардык мечиттеринде намаз учурунда тартип сакталышына көз салып турарын да кошумчалады.

Бирок “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттери ушундай эскертүү жасалганына карабай, бул мечитке келген айрым жаштар эки рекет сүннөт намазын окуп коюп эле дыр койгонуна күбө болгон. Бирок алардын саны мурдагы намаздарга караганда кыйла аз болгону байкалган. А намаздан эрте кетип калгандар мечитке кечирээк келип калып, бийлик өкүлүнүн жогорудагыдай эскертүүсүн укпай калгандар болушу мүмкүн.

Буга чейин да жума намаздарда Тажикстандын Ислам борборунун уламалар кеңешинин төрагасы Саидмукаррам Абдулкодирзода да ушундай эле билдирүү, ушундай эле чакырык менен чыкканы бар. Ал муну мечиттен эрте чыккандар башкалардын намазына тоскоол болуп жатышы менен түшүндүргөн.

Тажикстандан айырмаланып Кыргызстандын мечиттеринде азырынча мындай чектөөлөр жок. Бирок өлкөнүн Коргоо кеңешинде бир канча жолу мамлекеттеги диний кырдаал талкууланып, салттуу саналган ханафи мазхабын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленген.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG