Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Атамбаев ашкере исламдашуу кесепеттерин эскертти


Коргоо кеңеши дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын кабыл алды.
Коргоо кеңеши дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын кабыл алды.

Коргоо кеңешинин 3-ноябрдагы отурумунда президент Алмазбек Атамбаев диний фанатизмди сынга алды.

Жыйында дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынды. 2014-2020-жылдарга белгиленген бул документте дин менен мамлекеттин алака-катышын так аныктоо, диний радикалдашуунун алдын алуу, экстремизм-терроризмге каршы күрөш чаралары камтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө ашкере исламдашуунун кесепеттерине токтолду. Анын артында улутту маңкуртташтыруу, касиетин жок кылуу, баалуулуктарына шек келтирүү саясаты жатканын кыйытты. Дин чөйрөсүндө улуттук кызыкчылык биринчи болушу керектигин эскертти:

- Адам сакал өстүрүп, дамбал кийип, намаз окуса эле мусулман болуп калбайт. Адам аны иштери, жүрөгүнүн тазалыгы, билими, адеп-ахлак, жүрүм-туруму менен далилдеши керек. Кыргыздар исламды өз менталитетине жараша, кулк-мүнөзүнө, жашоо-шартына, дүйнө таанымына ылайыктап, байыртан өткөн тарыхый оош-кыйыштардын оң-тетири жактарын эске алуу менен акыл калчап, он өлчөп, бир кесип боюбузга сиңирген калкпыз. Бул жагдайда биз эч бир элди туурабаган, диний фанатизми жок, Алла Тааланын амирине моюн сунган эл элек. Эми ал жолубуздан адаштыргысы келгендер күчөгөндөн күчөп баратат. Айрым молдолордун, саясатчылардын жан үрөп жүргүзгөн аракеттери өлкөбүздү ашкере исламдаштыруу экенин байкоо кыйын эмес.

Атамбаев ашкере исламдашууну айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00

​Атамбаев Орозо Айт менен Курман Айттан башка, мисалы мамлекеттик Нооруз, Жаңы жыл өңдүү майрамдарды жерип, исламга жат жоосундар деп атагандар жакшылыкка алып барбасын белгиледи. Кээ бир молдолор Манасты жаратканга каршы коюп жатканын белгилеп, “адал”, “арам” деген сөздөрдү “халал”, “харам” деп айтууга үгүттөгөндөрдүн иш-аракети акылга сыйбайт деп атады:

Президент Арашан айылындагы мечитте Айт намазын окууда. 9-август, 2013-жыл
Президент Арашан айылындагы мечитте Айт намазын окууда. 9-август, 2013-жыл

- Мен айрым молдокелерге, саясатчыларга айткым келет: кыргыз элине бирөөнүн кийимин, бирөөнүн тилин, үрп-адатын таңуулабагыла! Кыргыз эли, кыргыз жери жакпаса, ошо сизге жаккан элге, өлкөлөргө барып жашагыла. Эч ким каршы эмес. Биз мусулманбыз. Ислам дини дүйнөдө дайыма болооруна ишенебиз. Бирок ошол эле учурда биз кыргызбыз. Кыргыз эли, кыргыз тили да дүйнөдө дайыма болсун деп тилейбиз. Бул тилегибизди Алла Таала өзү колдоп, кыргызга эгемендик берди. Ошондуктан биз эл-жерибизди, тилибизди, дилибизди коргоп, сактап калуу үчүн чечкиндүү кадамдарга даярбыз. Муну эч ким унутпасын!

Бишкектин эски аянтында окулган Айт намаз. 4-октябрь, 2014-жыл
Бишкектин эски аянтында окулган Айт намаз. 4-октябрь, 2014-жыл

Коргоо кеңеши 3-ноябрдагы жыйынында дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын кабыл алды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев документтеги негизги приоритеттерди санап берди:

- Дин жана дин тутуу эркиндигин камсыздоо, башкарууга дин аралашпаган мамлекеттин кыргыз моделин түзүү жана түптөө, дин уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн чектерин калыптандыруу, дин чөйрөсүн жөнгө салуу үчүн мамлекеттин кийлигишүү жактарын аныктоо, жарандардын диний радикалдашуусун алдын алуу жана эскертүү, Кыргызстандагы диндин негизинде экстремисттик жана террорчулук ишмердүүлүктү болтурбоо, дин чөйрөсүнүн радикалдашып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн салттуу ислам катары белгилүү болгон ханафи мазхабынын матруди мектебинин колдоп жайылтуу саясаты, дин таануу жана диний билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү үчүн эксперттик жана талдоочулук потенциалды жогорулатуу чаралары каралган.

Арабча үйрөнүп жаткан бала.
Арабча үйрөнүп жаткан бала.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун пикиринде, өлкөдөгү салттуу диндердин коомдогу жоопкерчилигин эске алуу менен аларга өзгөчө шарт түзүү керек. Спикер жаңы диний уюмдарды каттоодогу талап, диний билим берүүнүн оош-кыйыштарын белгиледи:

- Салтуу агымдарды колдоп, жаңы диний уюмдарды расмий каттоодо аларга талаптарды күчөтүү керек. Бир дагы жеткинчек бала светтик билимден четте калбашы керек. Биздин Конституциябызда жалпы билим алуу милдеттүү деп, так жана даана жазылып турат. Ошондуктан диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик стандарттагы жалпы билим берүүгө кедерги болбошу керек. Болбосо мындай диний окуу жай Конституциянын нормаларын бузган болот. Мындай кылгандарды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл.

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев "Азаттыктагы" маегинде ханафи мазхабын жайылтуу иш-аракеттери жүрүп жатканын айтып берди.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

- Сырткы келбети менен динди жаманатты кылгандар бар. Ички дүйнө таптакыр башка. Сакал коюп, жакшынакай кийинип, мамлекет, туруктуулук, элдин ынтымагы үчүн кызмат кылып жаткан дин кызматкерлери, молдокелерибиз бар, жок эмес.

Өлкөдөгү диний кырдаал боюнча алгачкы жолу Коргоо кеңеш жыл башында чогулган эле. Анда Алмазбек Атамбаев жагдайды өтө опурталдуу деп баалаган. Анын алдында диний коопсуздукту камсыздоо, бул жаатта мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында президентке караштуу “Ыйман” фонду да түзүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG