Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Тоолуу Бадахшандагы тополоң


Тажикстан -- Хорогдогу тополоң, 21-май, 2014.
Тажикстан -- Хорогдогу тополоң, 21-май, 2014.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында шаршемби күнкү атышуудан үч адам өлүп, дагы бир нечеси жарадар болду.

Хорог шаарында 20-майда башталган нааразылык акциясы тополоңго айланды.
Акцияга тартип коргоо органдарынын орой мамилесине нааразы 200-300дөй жергиликтүү тургундар чыккан.

Нааразылыкка укук коргоо органдарынын кылмыштуу топтун үч мүчөсүн кармаганы себеп болгон. Кармалгандар коомчулукта “бейформал жаштар лидерлери” катары таанымал, ушул тапта үчөө тең Хорог ооруканасынын реанимациялык бөлүмүндө жатышат. Топтошкон эл шаардык милициянын имаратын көздөй таш ыргытып, өрт коюшкан. Жалын имараттын жанындагы автоунааларды да каптап, милициянын эки машинасы дагы жарактан чыкты.

Ошондой эле жергиликтүү прокуратуранын жана соттун имаратына дагы кол салуулар болду. Наарызылыкка чыккандардын лидерлери менен сүйлөшүүгө Хорог шаарынын мэри чыкты. Айрым маалымат агенттиктери Бадахшандын мурдагы талаа командирлери дагы Хорогдогу тополоңго тиешеси бардыгын жазып чыгышты.

Облус жетекчисинин биринчи орун басары Амрихудо Дамдор “Азаттыктын” тажик кызматына бул тополоңдо 1 адам өлүп, 3 адам жаракат алганын телефон аркылуу айтты.

Облус жетекчисинин дагы бир орун басары Исмоил Орфшоев күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы маалында Собир аттуу бир адам жан берип, андан көп узабай алган жараатынан улам дагы бир адам үзүлгөнүн айтты. Үчүнчү Мунавар аттуу жарандын өлүмүн облус аткаминери караманча четке какты.

“Азаттыктын” тажик кызматынын өз булагы маалымдагандай, шаршембиде Хорог шаарына тик учак менен Тажикстандын Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук кызматынын башчылары учуп кетишти.

- Бүгүн эртең менен милиция бөлүмүнүн жанында атышуу болуп 2 адам өлдү, алтоо жаракат алды. Азыр так эмне болгону белгисиз бойдон калууда. Болгону ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери Душанбеден Хорогду көздөй учканы маалым болду, - деди Хорогдон атын атагысы келбеген журналист.

Кечки саат тогузда шаарда эки мекеменин башчылары менен шаар бийлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын жыйын өттү.
Хорогдогу тополоң, 21.05.2014

Ошол эле маалда Тоолуу Бадахшандын Ооганстанга караган тарабында талиптер чек ара бекетине кол салды. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Юмган уездин “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү басып алганын тастыкташты.

Уезддин башчысы Юмган Наврузмухаммад Хайдари куралдуу согушкерлердин катарында пакистандыктар, тажиктер, өзбектер, арабдар жана пакистандык медреселерде окуган жергиликтүү бадахшандык тажиктер да бар экенин “Азаттыкка” тастыктады. Согушкерлер Юмганга 20-майда кол салып, 21-май күнү толугу менен басып алышкан.

“Биз сегиз айдан бери блокададабыз. Аларга каршы ИИМден бөлүнгөн полиция кызматкерлери турушту. Бирок күч жетишпей, уездди алдырып жибердик”, - деди Навруз Мухаммад Хайдари.

Хайдари талиптер катуу сокку алганын, бирок ооган тараптан дагы аларга колго түшүп калгандар бардыгын айтты. Азыр дагы 45 аскер кызматкери талиптердин барымтасында экенин айткан Хайдари эгерде “аларды бошотуп алуу аракети көрүлбөсө, бардыгы өмүрүнөн ажырай тургандыгын” эскертет.

Талиптердин өкүлү Начибулло Мучохид согушкерлер Юмган уездин басып алышканын, кагылышууда үч талип согушкер өлүп, бирөө жарадар экенин айтты.

Соңку күндөрү эле Ооганстандын ар кайсы аймактарында согушкерлердин чабуулдарынан кеминде 23 полиция кызматкери набыт болуп, 12 киши жараат алды. Чабуулдарды талиптер жасаганын мойнуна алды. Ооганстанда талиптер 14-июнда өтчү президенттик шайлоонун экинчи айлампасын утурлай чабуулдарды күчөттү.

XS
SM
MD
LG