Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:30

Ак үй Асаддын каршыларын куралдандырабы?


Сириялык козголоңчулардын исламчыл Жабхат ан - Нусра тобунун согушчандары туткунду машинеге салганы жатышат. Рагга провинциясы. 14-март 2013
Сириялык козголоңчулардын исламчыл Жабхат ан - Нусра тобунун согушчандары туткунду машинеге салганы жатышат. Рагга провинциясы. 14-март 2013

Кошмо Штаттар сириялык козголоңчуларды куралдандыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүдө.

Бирок президент Барак Обама Сирия оппозициясын куралдандыруу өлкөдө жаатташтык согушун ого бетер күчөтүшү мүмкүн экенин, ошондуктан маселе кылдат иликтөөнү талап кыларын эскертти. Улуттар Уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун да БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето укугу бар беш өлкөнүн өкүлдөрү менен Сириядагы согушту дипломаттык жол менен жөндөө мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Расмий Вашингтон сириялык козголоңчуларды куралдандыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын АКШнын коргоо министри Чак Хайгел 2-майда журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Бирок Хайгел өзү президент Башар Асаддын өкмөтүн кулатуу үчүн эки жылдан бери жан аябай согушуп жаткан эрегишчилерди курал менен камсыздоо боюнча бир пикирге келе элек экенин айтты:

- Сиз маселени карап, бардык көз караштарды талдап көрүңүз. Бул аларды сиз жасабайсыз же жасайсыз дегенди билдирбейт. Бул көз караштарды өнөктөштөр, эл аралык коомчулук менен чогуу талдоо керек. Эмне мүмкүн, бул максатка жетүүгө эмне жардам бериши ыктымал? Буга биз жооптуубуз.

Кошмо Штаттар азыр Сириянын антиөкмөттүк күчтөрүнө гуманитардык жана согуштук эмес аскерий техникадан көмөк берет. Бирок айрым америкалык командирлер эрегишчилерге берилген курал антиамерикачыл ислам согушчандарынын колуна тийиши мүмкүн деп чочулашып, аларды курал-жарак менен камсыздоого каршы. Бирок Сирияда химиялык курал колдонулду деген өткөн аптадагы расмий кеп-сөздөрдөн кийин сириялык адаватчыларга куралдан жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү кеңири талкуулана баштады. Асаддын өкмөтү жана оппозиция бири-бирин "химиялык курал колдонду" деп айыптап, бирок анын чын-төгүнү аныктала элек.

Маалыматтарга караганда, сириялык сунниттерге аскерий техникадан Катар жана Сауд Арабиясы жардам берсе, Асаддын өкмөтү союздашы эсептелген Иран жана Орусиядан чоң көлөмдө курал алып турат.

Президент Барак Обама Мексиканын улуттук сарайындагы маалымат жыйынында сүйлөп жатат. Мехико шаары. 2-май 2013
Президент Барак Обама Мексиканын улуттук сарайындагы маалымат жыйынында сүйлөп жатат. Мехико шаары. 2-май 2013
Президент Барак Обама 2-майда көтөрүлүшчүлөрдү куралдандыруу Сириядагы жаатташтык согушуна чок тамызарын айтып, маселе этияттыкты талап кыларын эскертти:

– Асаддын режими тыш өлкөлөрдөн согуштук техника алгандан башка да алардын жардамы менен аскерлерин машыктырат жана колдоо алат. Биз таразалап туруп, биз кабыл алчу ар бир кадам Асаддын кетүүсүн жана узак, кандуу жаатташтык согушунан көрө, өз абийир, намысын өйдө көргөн адамдардын Сириянын өзүндө пайда болушун жакындатканына ишенгидей болушубуз керек.

Барак Обама ошондой эле:

- Биз секиргенден мурда, биз кайда түшөрүбүздү карап алганды жана жасап жаткан кадамыбыз чындап пайдалуу болушун, өлүм-житимди көбөйтпөсүн же абалды ого бетер татаалдантпашын каалайбыз, -деди Мексиканын байтакты Мехикодогу расмий сапары учурунда сүйлөп.

Сирияда эки жылдан бери жүрүп жаткан кандуу булоонду дипломаттык жолдор менен токтотуу маселесин Улуттар уюмунун башкатчысы Коопсуздук кеңешиндеги элчилер менен талкуулады. 2-майдагы кездешүүгө АКШ, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын элчилери катышты. Бул беш өлкө Коопсуздук кеңешинде чечүүчү добушка ээ. Бул жыйын эл аралык коомчулукта Сириядагы чатакты басуу боюнча мунасага келе албай жатканына нааразы болгон Лахдар Брахиминин БУУ менен Араб лигасынын Сириядагы атайын чабармандыгынан кеткени жатат деген маалымат кызуу талкууланып жаткан тушта өттү. Брахимини мындай кадамга Сирия оппозициясынын аны менен сүйлөшүүдөн баш тартуусу да түртүшү ыктымал.

Сирия боюнча АКШ - Орусия ортосундагы келишпестиктен улам, эл аралык коомчулук 70 миңден ашуун адамдын башын жеген согушту жөндөө боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыга албай жатат.

Вашингтон "Асаддын өкмөтү бийликтен кетиши керек" деп эсептейт. Москва Сириядагы кырдаалга тыш өлкөлөр кийлигишүүсүнө каршы.

XS
SM
MD
LG