Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Кремлдин Асадга жардамына АКШ кабатыр


АКШдагы бейөкмөттүк Стратфор чалгындоо-аналитикалык компаниясынын заказы менен космостон тартып алынган Латакиядагы авиабазанын сүрөтү. 15-сентябрь 2015
АКШдагы бейөкмөттүк Стратфор чалгындоо-аналитикалык компаниясынын заказы менен космостон тартып алынган Латакиядагы авиабазанын сүрөтү. 15-сентябрь 2015

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын Сирия президенти Башар Асадга аскердик колдоо көрсөтүп жатканына тынчсыздануу билдирди.

Жон Керринин сөзүнө караганда, Москванын Асадды аскердик жактан колдоосу Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобу менен урушуп жаткан АКШ башындагы коалициялык күчтөр менен чатакташып кетүү ыктымалдыгын күчөтөт.

Москванын президент Башар Асаддын режимин аскердик жактан колдогону АКШны камтама кылганын мамкатчы Жон Керри Италиянын “Ла Стампа” (La Stampa) гезитине шаршемби күнү берген маегинде атайын белгиледи. Керри бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго да маалымдаган.

- Бул аракеттер чатакты дагы күчөтүп, бейкүнөө адамдарды өлүмгө түртүшү, качкындардын өсүшүнө жана Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы аракеттенген коалиция менен чатакташып кетүү тобокелдигин күчөтүүгө алып барышы ыктымал,- деп айтты Жон Керри гезитке берген маегинде.

Былтыр 22-сентябрда АКШ, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги, Иордания, Катар жана Сауд Арабиянын аба күчтөрү “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы жана коңшулаш Ирактагы өңүттөрүнө сокку ура баштаган.

Израил да Москванын төрт жылдан берки согушта Асад тарабында согушуусу орусиялык жана израилдик күчтөрдү капилет кагылыштырып коюшу мүмкүн экенин эскерткен.

Орусия, америкалык расмий булактардын ырасташынча, Сириянын Латакия шаарынын түндүк жагындагы авиабазасына кошумча деңиз аскерлерин, танктарды жана тикучарларды жайгаштырды.

Жер ортолук деңизинин Сирия тарабындагы жээгинде авиабазанын аймагы кеңейтилип, жаңы объекттер курулуп жатканын Лондондогу HIS Jane’s аналитикалык компаниясы да космостон тартып алынган сүрөттөрдүн негизинде тастыктаган.

Москванын Башар Асадды Тегеран менен чогуу туруктуу колдоп келатканы эбактан бери эле Вашингтонду тынчсыздандырып жүрөт. Ошентсе да Wall Street Journal гезити Ак үйдөгү мартабасы улук кызматкерлерге шилтеме жасап, Барак Обаманын командасы Орусия менен чогуу Асадды бийликтен кетирип, ордуна Асад сыяктуу эле шиит алавит саясатчыны отургузуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын кабарлады.

Жон Керри да 22-сентябрда Орусия жана Иранды Сириядагы согушту дипломаттык жол менен басууга көмөктөшүүгө чакырган. Москва Сирияга согуштук учактарды Латакиядагы авиабазасын коргоо үчүн жайгаштыруусу деле мүмкүн, бирок Орусиянын Сириядагы максаты түшүнүксүз деген пикирин билдирген.

- Ооба, орусиялыктар учактардын айрым түрлөрүн көбөйттү. Ал учактардын кээ бир түрлөрү Орусиянын болочок ниетине жараша айрым суроолорду жаратышы мүмкүн.

Америкалык расмий булактардын ырасташынча, Орусия Сирияга 28 согуштук учак жана 20 чакты согуштук жана аскердик-транспорттук тикучарды жайгаштырган. "Эгер орусиялыктар ал жакта Асадды колдоп жүрүшсө жана Асадды сактап, сүйлөшүүгө түртпөсө, бул Сирия үчүн да, канды булоонду токтотууну каалагандар үчүн да проблема, - деп айтты Жон Керри.

Орусиянын Ан-124 Кондор транспорттук учагы Латакиядагы авиабазада. Стратфор компаниясынын заказы менен космостон тартылган сүрөт. 15-сентябрь, 2015-жыл.
Орусиянын Ан-124 Кондор транспорттук учагы Латакиядагы авиабазада. Стратфор компаниясынын заказы менен космостон тартылган сүрөт. 15-сентябрь, 2015-жыл.

Wall Street Journal гезити жазганга караганда, непадам президент Путин аскердик кубатын Асадды коргоо максатында пайдаланчу болсо, Москва менен Вашингтон мамилеси Крымды Орусия каратып алгандагыдан да бетер начарлап кетиши мүмкүн.

Орусия “Ислам мамлекети” тобун талкаланышына кызыкдар экенин айтып, бирок АКШ жетектеген коалицияга кошулуудан баш тарткан. Москва Асаддын режимине террорчулар менен согушта аскердик-техникалык жардамын аябасын билдирген.

Германиялык талдоочу Инго Маннтойфель Москванын Латакиядагы аскер базасын бекемдөөсүн болочокто мерчемдеп жасалган стратегиялык кадам катары эсептейт. "Кокус Сирия ыдырап кетсе, Асаддын түпкү мекени Латакияда Алавит мамлекети түзүлүшү мүмкүн. Андай сценарий ишке ашса, Орусия өз базасы менен Жакынкы Чыгышта маанилүү оюнчуга айланат", - дейт Маннтойфель. Латакиядагы Алавит мамлекети Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Франциянын мандаты астында 1923-1936-жылдары өкүм сүргөн.

XS
SM
MD
LG