Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Крымдан Сирияга "аскердик тапшырмага"


Сириядагы орусиялык жоокерлер. "ВКонтакте" социалдык желесинен алынган сүрөт.
Сириядагы орусиялык жоокерлер. "ВКонтакте" социалдык желесинен алынган сүрөт.

Сирияга орус аскерлери жөнөтүлгөнү жана бул өлкөдө Орусиянын жаңы аскер техникасы пайдаланылып жатканы тууралуу жаңы далилдер чыгууда. Москва муну четке какканы менен, орус аскерлери Сирияга “Ислам мамлекети” террордук тобу менен гана эмес, Сирия оппозициясына да каршы согуштук аракеттерге катышуу үчүн жөнөтүлүп жатканы болжолдонууда. Алар Севастополь менен Новороссийскиден жөнөтүлгөнү аныкталды.

Өткөн аптанын соңунда Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнст “АКШ орус аскерлери Сирияда Башар Асаддын колундагы күчтөр тарабында согуштук аракеттерге катышып жатканы тууралуу маалыматтарга тыкыр байкоо салып турушканын” билдирди. Бул жерде Стамбулда Босфор кысыгы аркылуу өтүп баратканда тартылган “Николай Фильченков” деп аталган орус аскер кемесинин фотосүрөттөрү тууралуу сөз болуп жатканын боолголосо болот. 20-август деп датасы көрсөтүлгөн сүрөттөрдө Сириянын Тартус портуна багыт алган орус кемесинин үстүндөгү аскер техникалары көрүнөт.

3-сентябрда ушул эле багыт менен Орусиянын "Королев" жана "Новочеркасск" деген эки десанттык кемеси өткөн. Күбөлөрдүн айтымында, алардын үстүндө да жүк болгон, бирок бул жолу ал камуфляж торчосу менен кылдат бекитилген. Мындан көп узабай Босфордон түштүктү көздөй "Смольный" деп аталган машыгуу жүргүзчү кеме да өткөн.

"Николай Фильченков" атуу кеме курал жүктөп Босфор кысыганда бара жатат
"Николай Фильченков" атуу кеме курал жүктөп Босфор кысыганда бара жатат

​Чет элдик бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде Британиянын The Times басылмасы Сириянын Латакия аймагында тартылып, Улуттук коргонуу күчтөрүнүн телеканалында көрсөтүлгөн видео тасма тууралуу жазып чыгышты. Анда Орусиянын БТР-82А бронетранспортерунун аткылап жатканы таасын көрсөтүлүп, орусча үндөр угулат. Орусия Асаддын режимине БТР-80 үлгүсүндөгү техниканы былтыр жазында берген. Бирок тасмадагы БТР андан заманбап модификациясы менен кескин айырмаланып, камуфляждын өңүндөй боелгон жана бортунда 111 деген номери да бар.

Чалгынчылык менен алектенген ыктыярчылар тасмадагы машинени БТР-82нин башка сүрөттөрү менен салыштырып көрүп, 111 номериндеги бул техника Сирияга Новороссийскидеги аскер бөлүгүнөн – мотоаткычтар бригадасынан жиберилген болушу мүмкүн деген тыянакка келишти.

Мындан тышкары иликтөөнүн алкагында “Аскердин апасы” форумунда Сирия “иш сапары” тууралуу талкуулар табылган. Анда аталган бөлүктө келишим менен кызмат өтөгөн аскерлердин энелери “Бригаданы аскерлерди Сирияга үч-төрт айга жөнөтүп жатканы тууралуу каңшаар кеп аралап жүргөнүн” айтышат.

Латакияда тартылган видеодон ''Давай!'' 2:03, ''Бросай!'' 2:06, "Еще раз! Еще давай!'' 2:10, "Павлин, павлин, мы выходим" 2:30 деген орусча сөздөрдү угууга болот.

Бул иликтөөнүн авторлорунун бири Руслан Левиев аскерлердин жакындарынын жазганына таянып, алар Сирияга биринчи жолу жөнөтүлбөгөнүн айтты:

- Фотосүрөттөрдөн улам биз аскерлер 20 жана 26-августта, анан 2-сентябрда жөнөтүлгөнүн аныктадык. Бирок алардын жакындары менен сүйлөшө келгенде аскерлер Сирияга эмне үчүн кетип жатканын албетте айтышкан жок. Алар бул жоокердик тапшырма экенин жана “аскердик сырды” ачыкка чыгара албасын гана айтып, алакан жайышты.

Руслан Левиев андан ары аскерлер кайсы бөлүктөн жиберилгени да такталганын кошумчалады:

- Биз ал аскерлер Севастополдогу 13140 деген аскер бөлүгүнөн жөнөтүлгөнүн тактадык. Алардын баары ушул бөлүктөн. Алар кемеге ушул жерден салынганын сүрөттөр далилдеп турат. Кемеге түшкөн аскерлер тартылган сүрөткө караганда жана Сирияга үч жолу кеме жөнөтүлгөнүн эске алганда жок эле дегенде 300-400 адам жиберилген деп айтсак болот.

​Орус расмийлери Сирияга аскер жөнөтүлгөнү тууралуу маалыматтарды четке кагууда, бирок жарым-жартылай гана. Өткөн жума күнү президент Владимир Путин Москва Дамаскка беш-жети жыл мурда түзүлгөн келишимдин алкагында гана аскерий жардам көрсөтүп жатканын тастыктады. “Орусиянын “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы операцияларга катышуу мүмкүндүгү тууралуу сөз кылуу али эрте”, -деди Путин. Анын алдында Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков да орус аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сөз жоктугун айткан. Орусиянын тышкы иштер жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрү да ушундай эле актанган билдирүүлөр менен чыккан.

Орусиялык жоокерлер Путин менен Башар Асаддны сүрөтүнүн жанында турат
Орусиялык жоокерлер Путин менен Башар Асаддны сүрөтүнүн жанында турат

Бирок мындай төгүндөөлөрдө сөз “Ислам мамлекети” тобуна каршы согушка байланыштуу гана жүрүп жаткандай. Сириялык жана Батыш маалымат каражаттары Башар Асаддын көзөмөлүндөгү Латакия провинциясындагы уруштарда орус аскерлери “көзгө чалдыкканын” жазып чыгышты. Бул аймакта Сирия армиясы ИМ тобу менен эмес, сириялык козголоңчулардын “Жейш ал-Фатх” деп аталган күчтүү бирикмеси менен согушууда.

Жогоруда сөз кылган иликтөөнүн авторлорунун бири Руслан Левиев Сирияга орус аскер авиациясы менен аны тейлеген топ ташталганы тууралуу имиштер такталган-такталбаганы тууралуу суроого мындайча жооп узатты:

- Кыйыр түрдөгү гана тастыктоолор бар. Биринчиден, деңиз аскерлеринин жакындары аларды аэропортту же авиабазаны кайтаруу үчүн гана жөнөткөнүн айтып жатышат. Принцибинде мындай учурда бул логикалуу. Орусиянын аскер-аба бөлүктөрүнөн аскер жөнөтүлгөнү тууралуу далилдерди биз азырынча таба элекпиз, -дейт Руслан Левиев.

Орус аскерлери Сирияга жиберилгени тууралуу маалыматтар ошентип ушул жайда гана чыкса, Башар Асад тарабында согушкан орусиялык ыктыярчылар тууралуу буга чейин эле белгилүү болчу. Ошол эле учурда “Ислам мамлекети” тобунун катарында да орусиялыктар жок эмес. Орусиянын Улуттук антитеррордук комитетинин маалыматына караганда, былтыркы декабрга карата бул радикал топтун курамында согушуп жүргөн орусиялыктардын саны сегиз жүздөн бир жарым миңге чейин жетет. Быйыл июнда болсо Түркия аркылуу Сирияга өтүп, аталган радикал топко кошулууну самаган Москва мамлекеттик университетинин студенти Варвара Караулованын окуясы Орусияда чоң талкуу жараткан. Чек арадан Сирияга өткөнү жаткан бул кыз Түркияда кармалып, мекенине кайтарылган эле.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG