Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп


Иллюстрация
Иллюстрация

"Сирияга барып келди" деп шектелип соттолгон жигиттин маеги.

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда. Алар эмне үчүн ошол тарапта жүрүшөт? Бийлик аларга жана алардын жолоюна түшкүсү келгендерге карата кандай чараларды көрүшү керек деген суроолор туулат.

Эмесе, башынан кыйла окуяларды кечирген кыргызстандык Мансур (аты өзгөртүлдү) аттуу жигиттин сөзүнө кулак түрөлү.

"Азаттык": Мансур, сени бул жолго кимдер азгырды эле. Атаң тааныбаган элге кантип барып калдың?

Мансур: Ишкердик менен алектенчүмүн. Англиядан бери буюм-терим алып келип сатчумун. Орусиядан вагондоп жыгач да ташыгам. Акчаны жакшы тапчумун. Айлана-чөйрөмдөгү адамдар, досторум көбүнесе өзүмө окшогон ишкерлер эле.

Динди катуу карманган, дин жолунда жүргөн адамдар менен мамилем деле жок болчу. Чынын айтканда, акыркы мезгилдерде мага сооданын, акча тапкандын кызыгы кетип калган. Сирияга баруу чечимиме "Мусулман боордоштор кыйналып жатат, аларга жардам берүү керек" деген кабар себеп болду. Бирок мен Сирияга кирген жокмун, курал көтөрбөдүм, жардырган жокмун.

"Азаттык": Сага согушка барууга үгүттөгөн видео, сүрөттөрдү ким көрсөттү эле?

Мансур: Интернеттен, YouTube'дан көрчүмүн. Бардык эле ЖМКда Сириядагы согушту ачык көрсөтүп жатышпадыбы. Ошол себептүү "мусулмандар өлүп, тебеленип жатат, аларга жардам берүү керек" деген ой пайда болду.

Бирок кийинчерээк Сирия жана Ирактагы согушка жардамга муктаж, бул жакта иши жок, колдоосу жок, жашоонун маңызын жоготуп койгондор барарын билдим. Жашоодо кыйналып, өз ордун таба албай кеткен адамдар менен сүйлөштүм. Көпчүлүгү бул жактан боштуктан, эмне менен алек болууну билбегендиктен чыгып кетишет экен.

"Азаттык": Сен өзүң кантип чыгып кеттиң? Эч ким кармаган жокпу?

Мансур: Мени эч ким токтоткон жок, себеби мен дайыма эле чет өлкөгө барып турчумун. Мен Сириядагы согушка катышкан жокмун да. Ошол себептүү сот мага шарттуу түрдө гана жаза өкүмүн чыгарды.

Түркияга жеткенден кийин Антеп деген шаарга бардык. Эки бөлмөлүү батирде бир нече күн жашадык. Шаар Сирия менен чектеш жерде экен. Согуштун үнү угулуп турду. Антептен Сирияга кирип чыккан төрт-беш бала менен тааныштым. Алар менен баарлашкандан кийин пикирим өзгөрдү.

Баткендик Аскарбек Андабаевге окшоштурулган жоочу жигит Сириядагы “Ислам мамлекети” террорчу уюмунун өкүлү катары Орусияны коркуткан сөзүн айтууда. 29.10.2015.
Баткендик Аскарбек Андабаевге окшоштурулган жоочу жигит Сириядагы “Ислам мамлекети” террорчу уюмунун өкүлү катары Орусияны коркуткан сөзүн айтууда. 29.10.2015.

Сирияга кирбестен, мекенге кайтууну чечтим. Себеби согушка катышкандар өкүнөрүн айтышып, "Сирияга кирбе" деп кеңеш беришти.

Ошол жерден он киши Сирияга барган болсо, алардын экөө же үчөө кайра качып чыгарын билдим.

Ал балдардын кээ бири Түркияда жүрөт деп ойлойм. Себеби андан кийин мамилебиз уланбай, байланыш үзүлүп калган.

Кошуна айылда турган бир бала бар эле, ал азыркыга чейин келе элек. Акыркы жолу жолукканда Түркияда касапчы болуп иштечү. Үй-бүлөсүн да чакыртып алган.

Алардын көпчүлүгү бул жакка келгенден коркот, 10-15 жылга соттолобуз деп ойлойт. Айласы түгөнгөндө баргандар да бар. Жумушу жок болсо, акча беребиз десе азгырылат да. Жүз баланын 20сы Сирияга кирип кеткен болсо, 80и Түркияда кала берүүдө.

"Азаттык": Келгенден кийин кандай көйгөйлөргө дуушар болдуң? Кыргызстандагы күч органдары эмне дешти? Азыр бала-чаканы кантип багып жатасың?

Мансур: Келгенден кийин иштеп эле жүрдүм. Бирок кийинчерээк күч органдары "сен Сирияга барып келипсиң" деп камап коюшту. Үч ай тергөө абагында отурдум. Анан сот болуп, эки жылга шарттуу кесилдим. Буюрса, келээрки жылдын башында мөөнөтүм бүтөт.

Азыр базарда соода кылып жатам. Азыраак дыйканчылык кылабыз. Кудайга шүгүр, оокатыбыз өтүп жатат.

Сирияга кирбей кайтып баса бергеним үчүн Кудайга миң мертебе шүгүр кылам. Үч балам бар, аялым иштебейт. Жашообуз жакшы деп айта албайм. Бирок жаман эмес, чыдаса болот.

"Азаттык": Башыңан далай кыйынчылык өткөнү көрүнүп турат. Эми Сирияга барууга камданып жүргөндөргө эмне деп айтаар элең?

Мансур: Ал жактагы балдарга, албетте, "Кыргызстанга кайтып келгиле" деп кайрылат элем. Келишсин, үй-бүлөсүнө, туугандарына каралашсын. Ал эми кетем деп жүргөндөргө айтаарым, бекер эле жашооңорду бузуп аласыңар. Кырчындай өмүрдөн айрылып, майып болуп калбагыла дегим келет. "Кетсемби" деп жүргөн үч-төрт балага да барбагыла деп кеңеш бердим.

Аларга бардык нерсени түшүндүрсө, болгонун болгондой кылып айтса түшүнүшөт деген ойдомун.

"Азаттык": Келгенден кийин тууган-урук, кошуна, айылдаштардын сага карата мамилеси кандай болду?

Мансур: Абактан чыккандан кийин көбүнүн сүйлөшкүсү келбей, качып, оолактап калганын байкадым. Алар менин согушка катышпаганымды билишпейт да. Акырындап мамилебиз оңолуп жатат.

Согушка кеткен адам баарын жоготорун түшүндүм. Кетсең бардык нерседен кол жуугудайсың. Ошол абалга түшкөндөн кийин гана ата-эненин, өлкөнүн, дос-тамырдын кадырын билет экенсиң да.

Ошондуктан мамлекет сыртка адашып кетип калган жарандарыбызды кечирип, келсе аларга иш тапканга жардам берсе жакшы болмок. Себеби, алардын көпчүлүгү жаштар. Жаштыктын айынан адашып кетишкен.

Керек болсо согуш тууралуу билбей азгырылгандар бар. Автоматты кантип кармашты билбегендер да бар. Анын үстүнө бул жакта алардын үй-бүлөсү, бала-чакасы калган. Алардын абалы оор жана жардамга муктаж. Ал жигиттер өз үй-бүлөсүн өздөрү карап, камсыз кылса жакшы болмок да.

"Азаттыктын" архиви: Жаштарды азгырган радикализм тузагы. 14-июль, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG