Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Сирия: Эл эзилди


Оппозиция да өз ара тил табыша элек, 2-июль, Каир, 2012
Оппозиция да өз ара тил табыша элек, 2-июль, Каир, 2012

Сириянын оппозициясы эки күндөн бери Каирде жыйынга чогулуп, согуштун кучагында калган мекенинде бийлик алмашуусуна карата орток пикир таппай жатат. Ал арада жайкын эл кыйноолорго кабылып жатканын айткан баяндама жарыяланды.

Жыйындын уюштуруучулары – Араб лигасы, Түркия жана араб мамлекеттери – Сириянын оппозициясын президент Башар ал-Асаддын өкмөтүнө альтернативдүү күчтү сунуш кылууга чакырышты.

Каирдеги конференцияга Сириядагы оппозициянын 200гө жакын өкүлү келген. Бирок Асаддын күчтөрүнө каршы күрөшүп жаткан куралдуу Эркин Сирия армиясы бул жыйынга катышуудан баш тартты.

Анткени алар өз мекенинде бийликти өткөрүп берүү боюнча дүйнөлүк лидерлер өткөн дем алыш күндөрү сунуштаган планга каршы болуп жатышат. Ага ылайык, жаңы бийликке азыркы режимдин өкүлдөрүн да кошуу каралган эле. Анын үстүнө бүгүнкү талкууда Сириянын Революциялык башкы комиссиясы “саясий араздашууларды” себеп кылып талкуудан чыгып кетти.

Бул жыйын жүрүп жаткан чакта Human Rights Watch эл аралык уюму Сириянын өкмөттүк аскерлери жайкын тургундарды эзип, такай кыйноолорго алып жатканын майдалап көрсөткөн отчетун жарыялады.

"Кыйноо борборлору"

Адам укугун коргоочулар азыркы Сирия жетекчилигинин аракеттерин “адамгерчиликке каршы кылмыш” деп таанып, анын Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда жоопкерчиликке тартылышын жактай турганын билдиришти.

Уюмдун изилдөөчүсү Оле Солваң: “Сириянын бийликтеринде адамдарды кыйнай турган өлкө боюнча бир топ борборлору ачылган жана алардын кандай иштеп жатканы “бул чындап адамгерчиликке каршы кылмыш экенин” көрсөтөт”, - деди.

Укук коргоочулар бүтүн жумурият боюнча азыр адамдарды кыйнай турган кеминде эле 27 борбор иштеп жатканын такташкан.

Human Rights Watch уюмунун баяндамасынан алынган сүрөт
Human Rights Watch уюмунун баяндамасынан алынган сүрөт
Баяндамадагы фактылар ошол борборлордо азап-тозокту көргөн 200дөй адамдын көрсөтмөлөрүнө негизделген. Ошол курмандыктардын интервьюлары тартылган видеодо бети чүмбөттөлгөн адамдардын бири Мустафа: “Алар эки бутуңдун ортосуна төрт миздүү темирди коюп, анан табарсыгың жакка ура башташат. Энегиң эзилип, жаның көзүнө көрүнүп калганда кыйкыра берип, акыр аягында алар сенден эмнени каалашса, ошону айтып саласың”, - деп эскерди.

Сирияда өкмөттүк аскерлер жана куралчан оппозиция жайкын тургундарды кыйнаган фактыларга жооптуу экени тууралуу ойду дүйшөмбүдө Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Нэви Пиллай да айтып, Эл аралык кылмыш соту Сириядагы окуяларды иликтеши керек деген эле.

"Эки тарап тең күнөөлүү"

Пиллай өкмөттүк аскерлер аялдарды, эркектерди сексуалдык зордукка салып, ооруканаларга чабуул коюп жатышканын, ал эми куралчан оппозициянын өкүлдөрү “өкмөткө жардам берген саткындар” деп эсептегендерди өздөрү билгендей өлтүрүп жатышканын айткан.

Ал, мындан сырткары, өлкөгө сырттан куралдын токтобой келип жатканы абалдын андан бетер курчушуна гана алып келет деген.

Пиллай куралды ким каерден алып барып жатканын тактаган жок. Бирок буга чейин өкмөттүк аскерлерге курал-жарак негизинен Орусия менен Ирандан ташылып жатканы, ал эми оппозиция Катар менен Сауд Арапстандан келип жаткан куралга ээлик кылаары кабарланган. АКШ болсо Сириянын козголоңчуларына “курал эмес, аскерий жабдыктарды гана” жиберип жатканын билдирүүдө.

Ал арада Сириянын өзүндө атышуулар дале уланып жатат. Оппозицияга ыктаган адам укугун коргоочулардын уюму дүйшөмбүдө өлкө боюнча 30 адам окко учканын кабарлады. Жалпысынан, алардын айтымында, былтыр мартта Асаддын режимине каршы толкундоолор башталгандан бери өлкөдө 16 500 адам набыт болду.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG