Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Аял менен эркек комуздун кылындай


Жубайлар.
Жубайлар.

Сүйүү тууралуу эки ооз сөз...

Күндөрдүн бир күнүндө аял сыртка чыгып, эшиктин алдында турган аппак сакал үч карыяны көрөт.

Басып келип:

-Ачка болсоңуздар керек, жүрүңүздөр, үйгө кирип, чай ичип чыгыңыздар?, - дейт.

- Биз кирсек, бирден гана киребиз, чогуу кире албайбыз,- дейт бири.

Аял таң калып: -Эмне үчүн?-дейт.

Карыялардын бири түшүндүрөт: - Мунун аты—Байлык, мунун аты—Ден соолук, ал эми мына мунун аты—Сүйүү. Адегенде үйүңүзгө барып, күйөөңүз менен акылдашыңыз, «кимисин чакыралы?» деп, анан кимибизди тандасаңар ошонубуз киребиз. Аял үйүнө кирип, карыянын айткандарын күйөөсүнө кеп кылат. Буга аябай кубанган күйөөсү: - Сонун болгон турбайбы! Кел анда Байлыкты чакыралы? Үйүбүз бапырап байлыкка толуп калсын,-дейт.

-Аял бир аз кыңырылып: -Байлыктан мурда Ден соолукту чакырсак кантет?, - дейт.

Жанатан бери атасы менен апасынын сөзүн угуп бурчта олтурган кызы чуркап келип: -Атаке, апаке, андан көрө Сүйүүнү чакыралычы? Үйүбүз Сүйүүгө толсунчу?-дейт.

-Кел, чын эле кызыбыздын айтканындай кылалы, бар дагы, чайга Сүйүүнү чакырып кел?, -дейт күйөөсү. Аял сыртка чыгып: -Биз кеңешип көрүп Сүйүүнү чакырмай болдук, кимиңер Сүйүү болсоңор, ошонуңар кириңиздер?, -дейт.

Сүйүү карыя үйдү көздөй бет алганда калган эки карыя да анын артынан ээрчип жөнөшөт. Таңыркаган аял: -Биз Сүйүүнү чакырсак, сиздер да келатасыздар да?-дейт. Эки карыя ошондо: -Эгер Байлык менен Ден соолукту чакырганда бирөөбүз эле барып, калганыбыз сыртта калмакпыз. Сиз антпей, Сүйүүнү чакырдыңыз, чынбы? Сүйүү кайда барса биз дагы ошол жакка барабыз. Сүйүү болгон жерде дайыма Байлык да, Ден соолук да болот, - деген экен.

* * *

Анда баяныбызды сүйүүдөн баштайлы. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин чиригенче байыган кишинин аялы бир күнү бир кезде институттан чогуу окуган курбусун үйүнө чакырып, өзүнүн кымбат буюмдарын, шакек, сөйкө, шуруларын көргөзүп мактанып: -Кана, окууну бүткөндөн бери эмне таптың? Күйөөң таксовайть этет экен, деги жыргатаар эмнеңер бар?, -дегенде курбусу, сумкасынан үй-бүлөсү, балдар-кыздары менен түшкөн сүрөтүн алып чыгып: -Менин окууну бүткөндөн берки тапкан эң кымбат жасалгам да, эч кимге бергис байлыктарым да ушулар, - деген экен.

* * *

Атактуу адамдардын көпчүлүгүнүн энелери мыкты болгондугу таң калаарлык далил: алар атасына караганда апасынан көп тарбия алышкан.

* * *

-Мен үчүн аялдын эки гана түрү маалым: биринчиси бизди азапка салса, экинчиси өмүр бою биздин азабыбызды тарткандар. Биздин азабыбызды тарткандардан мен бирөөнү гана билем, ал менин - апам!, - деген экен бирөө.

* * *

Аял менен Эркек комуздун үстүңкү жана астыңкы, ал эми бала—ортоңку кылындай. Үчөөнүн бирөө эле үзүлсө, аны менен кандай гана күү болсо дагы чертилбей калат.

* * *

Адамдар сүйүү учурунда акылдарын каякка жоготконун билбей калышат, билбеген бойдон үйлөнүшөт, баягы жоготкон акылдарын алар никелешип, жашай баштагандан кийин гана табышат.

* * *

Сүйүүдөн тапкан дарт өмүрүң өткүчөктү айыкпайт, бирок эч качан өлтүрбөйт.

* * *

Сүйүүдө эч качан качан көз болбойт, болгон да эмес, сүйүүнүн көзү жүрөк менен көрөт.

* * *

Баяныбызды атактуу акыныбыз Мидин Алыбаевдин сүйүү тууралуу мына бул ырлары менен аяктайлы да, ар бириңиздердин үйүңүздөрдө СҮЙҮҮ толуп-ташып турушун каалайлы!

Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,

Кылгырбачы, койчу, мени карабай.

Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,

Куса болдум сагынычым тарабай.

Үн жок, сөз жок, томсоросуң турасың,

Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.

* * *

Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың,

Кантип сенин кыялыңды табамын?

Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да,

Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың…

* * *

Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай,

Жүралбаймын күндө сени сагынбай.

Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,

Мемиреген Ысык-Көлдүн таңындай.

Көзүң укмуш—ак чыныда карагат,

Көп караба, жүрөгүмдү жаралап.

Көөнүң болсо, бир белгиңди түшүндүр,

Киши жалдап, сүйө албаймын паралап!

Эч пайдасыз ээрчип жүрөм эринбей,

Жооп берчи, же жок дечи керилбей.

Кээ бир түштө беттен сылап коесуң,

Июлдагы көк конуштун желиндей.

Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам,

Кечирип кой, мен сүйүүдөн жаңылсам!

Жалгыз сага жарашкансып көрүнөт,

Кайсыл күнү-кандай жоолук салынсаң…

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG