Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

Бизди узатып дүйнө калат бири кем...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев кыш күнүнүн бир кечинде Таш-Дөбө айылындагы үйдө отуруп, орус акыны Сергей Есениндин ырларын которгон экен. Окурмандардын сынына койдук.

* * *

Кар акырын тартып барат түндүгүн,

Көктөгү Ай үшүйт таппай өнөгүн.

Бурганактан тереземдин бүлбүлүн,

Курчап турган кашааларды көрөмүн.

Дебейм эми, болбогонду болтурам,

Маңдайыма жазылганды жашаймын.

Мен кайрадан өз төрүмдө олтурам,

Мен кайрадан жанындамын апамдын.

Тиктейт дагы көздөн жашы куюлат,

Үн да катпайт, чыкпайм такыр оюнан.

Алдындагы чайнектен чай куюлат—

Алаар менен түшөт чыны колунан.

Кагылайын, ак көңүлүм, жакшынам,

Кайдагыны ала бербе көңүлгө.

Качкан жокмун гармон менен бактыман,

Айтып берем азыр өзүм жөнүндө.

Көптү көрдүм, көп жерлерди кыдырдым,

Көптү сүйдүм, көптөн сынып, аксадым.

Хулиган болдум, чектим, ичтим, жыгылдым,

Бирок сендей мен эч кимди таппадым.

Тоңгон жерин меш жылытып денемин,

Чечип салып ботинкамды, күрмөмдү.

Кайра баштан мен тирилип келемин,

Кайра баштан таап балалык дүйнөмдү.

А айнектин арты бороон түрүлгөн,

Башы айланып алай менен дүлөйдүн.

Маа алманын гүлдөрү окшоп күбүлгөн,

Биздин бакты басат жалаң күрөндү.

* * *

Көгүш туман. Мейкин боорунан

Лимондой сары ай жарык.

Жүрөктү эзген жумшак оорудан

Эске түштү жылдар айланып.

Кардын жаашын айыл күтүнүп,

Кар тилеген ушул эменден.

Мыштумакты* ылдый түшүрүп,

Үйдөн чыгып кеткен элем мен.

Келдим кайра туулган жериме,

Кимдер эстеп, кимдер унутту?

Кууп чыгышкан беле мени же,

Же куучирен белем туруктуу?

Дымактуумун бүгүн ого эле,

Чыкчырылам кундуз тумакчан.

Эске келди Абам, Чоң Апам,

Эске келди мүрзө тыяктан.

Ошол жакка биз да барабыз,

Тынчый түштү курган жүрөгүм.

Ошон үчүн элге таянып,

Ошон үчүн элди сүйөмүн.

Ыйлай жаздап, сезип катамды,

Токтой калдым оңдоп тумакты.

Мындан кийин үйдү, апамды,

Көрбөй кала турган сыяктуу.

*Мыштумак—мышыктын терисинен тигилген тумак деген сөз

Орус акыны Сергей Есенин.
Орус акыны Сергей Есенин.

* * *

Биз дагы эми байланбайбыз акырга,

Бизди узатып дүйнө калат бири кем.

Балким мен да жолго чыгам жакында,

Көр-жеримди жыйнап алып чириген.

Катар тарткан кайыңдардын айлында,

Каамытталган демин сезем Мекендин.

Ал тарапка бараткандар алдында,

Арманымды айталбастан кетермин.

Бул жарыкта болгондордун баарысы

Жан дүйнөмдө мунарыктап калкыган.

Сүйүптүрмүн эскисин да, жаңысын,

Терегин да, розасын да аңкыган.

Көп ойлордун изи калды кылымда,

Кимдигимди ырларыман түшүнгөм.

Бактылуумун жер үстүндө чынында

Дем алганым, жашаганым үчүн мен.

Бактылуумун аялдарды көп өптүм,

Уйпаладым гүлдү, чөптү сайрандап.

Айбанаттар жыгылганда жөлөштүм,

Атты башка чапкан жокмун тайраңдап.

Кыйбасам да таштайм байкуш денеми,

Ак куулардын үнү да жок жолдогу.

Кетип бара жаткандарга мен эми,

Коркконумду билдирбесем болгону.

Көрбөйм эми, талаа-түзүң, тегизиң,

Жүрөк да жок сагынычты жеңгенге.

Элге рахмат! Тирек болгон мен үчүн,

Бактылуумун чогуу жашап келгенге.

* * *

Качан барба түнөргөн көк, дымыган,

Кусам, ызам көөдөнүмдү тиреген.

Ушуларды карап ичтен улугам,

Сүйгөм бирок, кайра каргап-шилегем.

Жол боюнда бактар куурап, көндүм кош,

Калдырттаган арабалар аралап.

Эми алардын бирин дагы көргүм жок,

Эстегенде жүрөгүмдөн кан агат.

Алачыгың алтын менен курсаң да,

Жаккан отуң мурдагыдай болбоду.

Алай-дүлөй алмаң гүлдөп турса да,

Айылдарың таз кейпинен оңбоду.

Бүгүн мына, көңүлдө жок талпынуу,

Арак кууган жашың менен карыңын.

Каңгыганын, кайрат-күчүм аркылуу,

Караганга көнүп бүттүм баарынын.

Жетет эми! Сен ишенген жалган ой,

Аңыздарды соко менен айдашың.

Жакыр, жүдөө, кейпиң Русь, кандай оор,

Кайың, талың, канталалуу там-ташың.

Мен өзүмдүн билбейм эмне болорун,

Антсе дагы жаңы доорго көнсөм дейм.

Өксүк, чыла, чочко сиңген корооңун,

Өскөн Русь болгондугун көрсөм дейм.

Моторлордун, көчөлөрдүн үргөнүн,

Бороон-чапкын, добул, селдин жүргөнүн

Кандай болгон күндө дагы каалабайм,

Ат бышкырган мас араба үндөрүн.

* * *

Тоодон дагы, сары өрөөндөн дагы ары,

Жол кыштакка кирип барып жоголгон.

Токой менен кечтин кызыл жанары,

Чалкандардын кол-бутуна оролгон.

Ал тарапта чиркөөлөргө сыйынган

Асман улам көгөргөндөн көгөрөт.

Жол жээгинде чөптөр жерге жыгылган,

Көл деминен чыккан желге жөлөнөт.

Талаада--жаз, жүрөктөгү, ырдагы,

Жолдордогу жашыл мейкин агылган.

Куса болом, сүйөм анын турналуу

Монастрын бийик тоого салынган.

Сүйрөйт туман күндүн кызгылт кечтерин,

Көпүрөгө түшкөн жарык күйүүдө.

Келет байкуш менин өткөн-кеткеним,

Жүгүнгөнү крест менен сүйүүгө.

Монастрда рух күчтүү, коопсунсаң,

Накылдарын жан-дилиңден угасың.

Жаратканды тике карап тооп кылсаң,

Небак өлгөн жан дүйнөңдү туясың.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG