Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Баштык ичпейт, баш ичет


Ушундай макал бар экенин баарыбыз эле биле бербейбиз.

Мааниси - ичкиликке байланыштуу эмес, тамак-аш жасасаң анын аз-көбүнө эмес, чакырган коногуңдун санына карата өлчөп бак деген мааниде айтылган сөз. Макалды жалаң гана тамакка байланыштуу түшүнгөндүк да туура эмес болот. Мааниси андан да терең, кенен. Мындан улам «тамакты Жунус ичпейт, жумуш ичет» деген да макал пайда болгон.

* * *

Эми «баш» сөзүнө байланышкан сөздөргө токтололу. Адамдын башы, аттын башы, тоонун башы, суунун башы… ушинтип уланып кете берет.

* * *

«Баш-аягын жыюу» дейт. Жыйналуу, камынуу, кам көрүү, даярдануу. «Ансыз да коронавирус деп жатып ишибиз токтоп калды, эми алды-артыбызды жакшылап карап чыгып, баш-аягыбызды жыялы» дейт.

«Баш багуу» деген бар. Эшиктен башын кылтыйтуу, башын созуп кароо, көрүнүү. «Ашым үйгө баш багып эле кайра чыкты» дейт.

«Баш бербөө» дейт. Тил албоо, укпоо, өз билгенин кылуу. «Жазаланбагандан кийин кылмыш да баш бербей калат» дейт.

«Баш билги» деп коет. Билерман, башкаруучу, акыл-кеңешин айтып туруучу. «Биздин айылга жогорку бийликтен бир топ баш билги адамдар келишти» дейт.

Дагы бир мааниси үйрөтүлгөн, элпек деген маанини түшүндүрүп, көбүнчө үй жаныбарларына колдонулат. «Кара айгыр баш билги мал эмеспи, оңой менен бөрүгө алдырта койбостур» дейт.

«Башчы болуу» деп коет. «Жетекчилик кылуу, башкаруу, башчы болуу дегендик. «Ал сегиз депутаттын айласын таап туруп, районго башчы болуп алды» дейт.

«Баштап жүрүү» деген кеп бар. «Асан баягыдай аялдарды баштап алып айылдарды аралап кетти» дейт.

«Баш булгабоо» дейт. Айтканына макул болуу, тил алуу. «Чыкем сөзүн аяктары менен калган жазуучулар баш булгабай макул болушту» дейт.

«Баш ийүү» - моюн сунуу, багынуу. «Айша адегенде күйөөсүнө баш бербей, теңсинбей жүрчү эле, төрөгөндөн кийин баш ийип олтуруп калды» дейт.

«Башка баш кошулуу». Үй-бүлөгө жаңы мүчө кошулуу, мисалы келиндүү болуу.

«Арзыбектин баласы акыры үйлөнүп, башына баш кошулду» дейт.

«Баш канжыгада, кан көөкөрдө» деген сөз бар. Өлүмдү бет алган өтө кыйын, оор мезгилде, жоокерчилик заманда, кысталыш шартта айтылган сөз. «Эми жай жаткан жан жок, баарынын башы канжыгада, каны көөкөрдө болуп атпайбы» деп Кармыш ордунан турду» дейт.

«Баш катырма» деп коет. Оңой менен жөнү табыла койбогон, өтө татаал, абдан ойлонто турган нерсеге карата айтылат. «Иши аябагандай татаал, тим эле баш катырма экен, балаң чыдай албай бир күндөн кийин качып келбесе болду» дейт.

«Баш калкалоо». Кимдир-бирөөнү караан тутуп, анын жардамы менен убактылуу жан сактоо, күнүмдүк турмуш өткөрүү, тиричилик кылуу. «Баш калкалап келишкен памирлик кыргыз туугандарды бүлө кылып алсак экен» дейт.

«Башка чукак» деп коет. Баласыз, туяксыз, баласыз деген мааниде. «Биздин тукум билбейм, Кудайдын каргышына калганбы, башынан эле башка чукакпыз» дейт.

«Башка чыгуу» деген бар. Барган сайын күч алуу, бийлеп алуу, үстөмдүккө ээ болуу. «Намысыбыз кайда жоголгонун билбейм, душманыбыз башка чыга баштады» дейт.

«Баш-көз болуу» дейт. Кимдир-бирөөнүн жүрүш-турушуна, үй оокатына же кандайдыр бир иштин аткарылышына жана башка жактарына акыл-насаатын айтуу, көз салуу, каралашып туруу, жетектеп туруу. «Баш-көз боло турган эр-азаматтарыбыздын баары азыр акчага ак уруп калышты» дейт.

«Баш көтөрбөө». Бир нерсеге өтө берилип, эч нерсеге алагды болбой катуу киришүү, бардык мүмкүнчүлүгү менен үзгүлтүксүз аракет кылуу. «Баш көтөрбөй иштеди» дейт. «Баш көтөрбөй окуп жатат» дейт.

Экинчи мааниси - кандайдыр бир кылмышты, күнөөнү мойнуна алгандай жер кароо, тил кайырбаган, каршылык кыла албаган абалда болуу. «Ал баарын түшүнгөн соң баш көтөрбөй туруп берди» дейт.

«Баш териси бузук» деп коет. Көңүлү түз эмес, көңүлү бузук, ниети бузук, жаман ою бар деген мааниде. «Анын бизге башынан эле баш териси бузук болчу» дейт.

Тескерисинче бул сөздүн оң маанидеги «Баш териси тирүү», «Баш териси оң» дегендери да бар. «Баш териси тирүү экен» десе, тың экен, чыйрак экен, бышык экен дегени. «Баш териси оң» десе, ою жакшы, ою түзүк, ниети дурус дегени.

«Баш тоголотуу» деп коет. Үйрөтүү, жол көрсөтүү. «Башынан баш тоголоткон кишиси болбосо, баланын кылганы ошол эмеспи» дейт. «Аны түрмөдөн бекер чыгарышпадыбы, келери менен айылдын тентек балдарын жыйнап, баш тоголотуп жүрүп бузуп бүттү» дейт.

«Башы айлануу» дейт. Көңүлү караңгылоо, алсырап кетүү, чарчап-чаалыгуу, өзүн начар сезүү. «Эми анын башы айланып кетчү болду» дейт.

Экинчи бир мааниси-кандайдыр бир ишти аткарууда, маселени чечүүдө көпкө ойлонуп, кандай кыларын билбей ыргылжың боло берүү, бир чечимге келе албоо. «Ушул кабарды уккандан бери ишена албай башы маң болду» дейтт.

Бул сөздүн «Башы маң болуу» дегени да бар. «Коронавирус деген баарынын башын маң кылмай болду» дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG