Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

СССР кулаар алдындагы азилдерден


М.Горбачев Минск шаарында. 1991-жылдын 26-февралы. "РИА Новости" агенттиги.
М.Горбачев Минск шаарында. 1991-жылдын 26-февралы. "РИА Новости" агенттиги.

"Кайра куруулар" доорундагы ар кыл анекдоттордон бир шиңгил.



* * * * *


Михаил Горбачевдон достору сурап калыптыр:

- Беш жылдан кийинки болочогубуз кандай болот, Миша?

- Кызыксыңар го! Беш жылдан кийин өтмүшүбүзгө эмне болоорун биле албай жатсам сурайсыңар да...


* * * * *

Социологиялык сурамжылоо маалында көчөдөн бир чоң энени кармап сурашат:

- Сиз кандай деп ойлойсуз, “кайра куруу” дегенди окумуштуулар ойлоп таптыбы, же Горбачевбу?

- Албетте, Горбачев!

- Эмне үчүн?

- Эгерде окумуштуулар ойлоп табышса, оболу аны жаныбарларга сынап көрүшмөк да!


* * * * *

Кайра куруулар доорунда борбордук кабарчы алыскы кыштакка келип, карапайым колхозчудан чегелеп сурайт:

- Колхозуңардын башкармасы өзүн кайра куруп үлгүрдүбү?

- Албетте!

- Жакшы. А берки... парторгчу:

- Ал дагы.

- М-да!.. Дурус! А агрономчу?

- Ал кайра куруп үлгүрө албай калды. Беркилерден жыгач-таш артпай калды.


* * * * *

Кызыл Аянттан бир чоң дарбыз көтөрүп өтүп бараткан борбордук азиялыктан бир СССР эл депутаты сурап калат:

- Дарбызыңды мага сатасыңбы?

- Жок, эй!

- Эми сатсаң байболгур!

Тигиниси жибип кетип:

- Болуптур, анда. Танда!

- Кантип тандайм? Колтугуңда бир эле дарбыз турат ко?

- А сени шайлаганда өзүң деле жалгыз талапкер болбодуң беле!


* * * * *

- Тууган, деги плюрализмдин туу чокусу деген эмне?

- Бул, эсеби маселен, качан гана СССРдин президентинин ою КПСС БК Баш катчысынын оюна караманча-каршы чыкса, дал ошондо болчу жагдай!


* * * * *

Михаил Горбачевдон достору сурап калыптыр:

- Беш жылдан кийинки болочогубуз кандай болот, Миша?

- Кызыксыңар го! Беш жылдан кийин өтмүшүбүзгө эмне болоорун биле албай жатсам кайра менден сурайсыңар да...


* * * * *

СССР эл депутаттары Лигачевдон сурап калышат:

- Егор Кузьмич, социализм деп эмнени түшүгөсүз?

- Бул – баары кедей жана баары унчукпай турган коом.

- А кишилерге сөз эркиндигин ыйгарып, аларды бай жашатып койсочу?

- Анда капиталисттик коом болуп калат. Биз болсок, өзүңөр билесиңер, мындай жолду четке кагабыз!


* * * * *


Балтика боюндагы жумурияттагы бир орто мектепте сабак өтүп жатат.

- Балдар, кана, ким айтат, желегибиздеги көк тилке эмнени туюнтат?

Янис: - Бул – советтик баскынчылар кирдетип жаткан биздин көк асман!

- Ал эми желегибиздеги кара тилкечи?

Петерс: - Бул каргыш тийгир совет баскынчылары тебелеп жаткан биздин жерибиз.

- А берки ак тилке эмнени туюнтат?

Вовка: - Бул – Янис менен Петерс тазалай турган Сибирдин ак кары.


* * * * *

- Коммунист менен антикоммунисттин айырмасы эмнеде?

- Коммунист – бул Маркс менен Лениндин эмгектерин окуган киши. Антикоммунист болсо – алардын оюн аңдай алган киши.

* * * * *

- КПССтен чыгайын дедим эле, анын мүчөлүгүнөн кантип чыгам?

- Оңой эле. Партияда жок эки кишинин мактаган сунуш катын алып келиңиз.

* * * * *

Айтылуу “Мезгил” ("Время") берүүсү - сыналгыда. Диктор Игорь Кириллов кара кийимчен чыгып, кайгылуу кабарды угузууда:

- Урматтуу жолдоштор! Албетте, кээ бириңер күлө башташыңар мүмкүндүр, бирок биз чын эле кайрадан орду толгус жоготууга дуушар болдук...


* * * * *

Черненко түбөлүк жайына узатылган соң, Кремлге кимдир-бирөө телефон чалат.

- Алло, бул – Кремилби?

- Ооба.

- Силерге КПСС БКнын Баш катчылыгына киши керекпи?

- Бул сиз кимсиз деги? Ооруп турасызбы?

- Ооба, ооруп да турам, өтө карып да калдым. Ошо кызматка жарап берем.


* * * * *

Брежнев менен Черненко аркы дүйнөдө жолугуп калат.

- Костя, биздин ордубузда ким башкарып калды, ал жакта?

- Баягы Миша Горбачев.

- Аны ким колдоп жатат?

- Аны колдоп эмне зарылчылык бар? Ал өзү эле аркы-терки басып жүрө алат.


* * * * *


Тиги дүйнөдөн Ленин Брежневге учурап калыптыр.

- Сен “жалган дүйнөдө” жүргөндө коммунизмди курдуң беле?

- Жок, үлгүрбөй калдым.

- Мен дагы куруп үлгүргөн эмес болчумун. Анда эмнеге тигиңер “кайра куруп атам” деп айтып жүрөт?

* * * * *

Ар кыл интернет булактарынан алынды.
XS
SM
MD
LG