Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

“КПСС” эми мокочо болбой калдыбы?


Азыр Советтер Биримдигинин Компартиясы (КПСС) тууралуу анекдотту “жалкоолор” гана айтпаса керек. Тагыраак айтсак, жалкоолор да тажабай айтышат. А мурдачы?..

КПСС деген киши беле?

Илгери-илгери совет заманында “КПССти” жерге-сууга тийгизбей макташып, ага каршы сүйлөгөндөрү болсо Сибирге чейин айдалчу.

Совет доорунда деле, бирок, ошол өлкөнүн бийликтеги жеке басар партиясы – КПССти шылдыңдаган, такмаза бутасына айландырган куудулдар көп болгон.

Ошол учурдагы орустун эски анекдотторунун биринде ыраакы түндүктөгү элдердин биринин Маскөөгө коммунисттик жогорку мектепке жиберилгени тууралуу айтылат.

Алиги киши чоң окуудан кайтып келген соң, жергиликтүү аткаминерлер элди “кызыл үйгө” – атайын үгүт жүргүзүлчү жайга чакырышат.

Бүт айыл-апа беркиден борбор шаардан эмнени үйрөнгөнүн сурамжылашат.

- Көп эле нерсени үйрөндүм.
- И-и, азамат, айтсаң четинен!
- Мисалы, Маркс-Энгелс дегениң эки башка киши экен!
- Ой тобоо-о, муну карасаң ай! И-и, дагы эмнени айтасың?
- Ал эми жанагы Ленин менен Илич дегендериң бир эле киши турбайбы!
- Ой шумдугуң кур! И, дагы айтсаң?
- А берки “Слава КПСС” (“КПССке даңк!”) дегенибиз болсо – таптакыр эле киши эмес экен!

* * * * * * * *

Эми Кимбайкенин азил сүрөтүнө назар салып койсоңуздар

“КПСС” дегенден илгеркилер коркушса, азыркылар анын маанисин азилдеп айтышат. “Азаттык үналгысы". TKy. 14.02.2011.
XS
SM
MD
LG