Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Журналист: Сирияда мен күбө болгон кордук


Сирияда кыйноого кабылгандар "Хьюман Райтс Уотч" уюмуна бул тууралуу кенен маалымат беришкен
Сирияда кыйноого кабылгандар "Хьюман Райтс Уотч" уюмуна бул тууралуу кенен маалымат беришкен

“Ислам мамлекети” тобунун түрмөлөрүндө кармалгандар физикалык жана психологиялык ырайымсыз кыйноолорго туш болушат. Бул тууралуу жарым жылдай согушкерлердин туткунунда отуруп чыккан сириялык журналист Луай Абул ал-Джуд Ирак редакциясынын кабарчысына айтып берди.

Ал-Джуд менен кошо "Ажанс Франс Пресс" агенттигинин операторун 2013-жылдын аягында Алеппо шаарынын “Ислам мамлекети” уюму көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн уурдап кетишкен. Дээрлик жарым жылдан кийин Сириянын "Эркин армиясы" менен согушкерлердин туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуусунун негизинде журналисттер бошотулган.

- 2013-жылдын 28-ноябрында Алеппонун “Ислам мамлекети” уюму көзөмөлдөгөн районуна жардыргыч зат толтурулган жабдык ташталган. АФПнин оператору менен бирге ошол жерге жөнөдүк. Сыягы, мени бирөө таанып калган. Башыбызга тапанча такап, колу-бутубуздан байлашып, балдар ооруканасына алып барышты.

Сириядагы согуш 2011-жылдан бери уланып келатат жана ага аралашкандардын катары калыңдоодо
Сириядагы согуш 2011-жылдан бери уланып келатат жана ага аралашкандардын катары калыңдоодо

Андан кийин журналисттер шаардын сыртындагы түрмөгө которулган. Ал-Джуд ал жакта бир топ кесиптешин көргөнүн айтат. 15 чактысы чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде согушкерлер өткөн августта мууздап салган америкалык журналист Жеймс Фолей да бар болчу.

Ал-Джуддун айтымында, абакты уюмдун катарында согушкан Франция, Тунис жана Марокконун жарандары башкарчу. Ал эми кыйноолор үчүн Халед аттуу орус киши жооп берчү.

- Туткундардын көбүн уруп-сабабай эле психологиялык кыйноолорго алышчу. Бычакты мойнуна такап туруп, "азыр мууздап салам" дешчү. Күн сайын ушинтип коркутуу токмоктогондон да катуу таасир этчү.

Согушкерлер журналистти "кудайга ишенбейт, Сириянын "Эркин армиясынын" мүчөсү болчу" деп айыпташкан.

Алеппо, Сирия
Алеппо, Сирия

Ал-Джудду башка түрмөгө которушканда, ал журналист эмес туткундарды үрөй учурган ыкмалар менен кыйнап, ыдык көргөзүшкөнүн өз көзү менен көргөн.

- Согушкерлер абак катары пайдаланган жай мурда картошка сакталган кампа болчу. Туткундарды караңгы камераларда кармашат. Бир күнү эле бирөө кирип келип, терезени ачып, "сени өлтүрөбүз, бирок кудай буюрса бүгүн эмес" деп айтат.

Журналист согушкерлердин судьясы тарабынан өлүм жазасына өкүм кылынгандан көп узабай Сириянын "Эркин армиясы" аны бошотууну талап кылышат.

“Ислам мамлекети” уюму Сирия жана Иракта чет өлкөлүк бир нече журналистти барымтага алышкан.

Сирияда террорчулар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн британиялык Алан Хеннинг
Сирияда террорчулар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн британиялык Алан Хеннинг

Жогоруда айтылган Фолейден тышкары америкалык дагы бир журналист Стивен Сотлоф жана гуманитардык эки кызматкер – британиялык жана америкалык жарандар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Британиялык журналист Жон Кантил болсо дагы эле экстремисттик топтун колунда кала берүүдө.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун маалыматына караганда, ушу тапта "Ислам мамлекети" тобунун туткунунда сириялык 22 журналист отурат.

Декабрдын башында Сирия менен Ирактын чек арасында эки күрт журналист барымтага алынган.

XS
SM
MD
LG