Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Адам укугун коргоочу уюм ШКУну сындады


ШКУг мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуусу, Тажикстандын Согду облусу, 14-июнь, 2012.
ШКУг мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуусу, Тажикстандын Согду облусу, 14-июнь, 2012.

Адам укуктары боюнча эл аралык уюм учурда Кыргызстан төрагалык кылган ШКУну сындап чыкты.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация дүйшөмбүдө жарыялаган баяндамада Шанхай кызматташтык уюмун ага мүчө өлкөлөр “адам укуктарын бузуунун механизми” катары колдонуп жатканы айтылат.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын жаңы баяндамасында белгиленгендей, Шанхай конвенциясы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн баарын уюмдун башка мүчөсү терроризм боюнча койгон айыпка ишенүүгө жана айыпталган адамды күнөөсү далилдене электе эле мекенине өткөрүп берүүгө милдеттендирет. Баяндама авторлорунун пикиринде, мындай механизм эл аралык укуктун нормаларын бузгандык.


Мажбурлап өткөрүү

Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын баяндамасын даярдаган авторлордун бири, Британиядагы Гринвич университетинин укук боюнча профессору Ричард Вильд мындай дейт:

- Бир жагынан алар адам укуктары жөнүндө айтып, “адам укуктары” деген түшүнүктү уставында колдонуп, эл аралык оюн жүргүзүүдө. Ошол эле учурда экинчи жагынан өткөрүп берүүнүн далилге эмес, шек саноого негизделген аймактык формасын ишке ашырып жатат. Мында кандайдыр бир ачык-айкындуулук жана эл аралык көзөмөл жок.

Чынында эле Шанхай кызматташтык уюмунун уставында ага мүчө өлкөлөр адам укуктарын коргоо багытында чогуу-чаран иштери айтылган.

Бирок баяндама авторлору ал улуттук азчылык, оппозициячыл жана диний топторду бутага алган учурлар бар деп эсептешет.

Баяндамада көрсөтүлгөндөй, ШКУга мүчө өлкөлөр “коопсуздукту жана стабилдүүлүктү диний, саясий жана адам укугун коргоочу активисттерди репрессиялоо зарылчылыгы менен бирге карашат, кээде аларды экстремизм боюнча саясий жүйөдөн улам айыпташат.

ШКУнун “терроризм” боюнча аныктамасы, мамлекетке каршы кылмыштарды да камтыйт жана “терроризмди” сепаратизм жана экстремизм менен бирге карайт.

Мындай жол-жоболор баяндама авторлорунун пикиринде, өз кезегинде ШКУнун мүчөлөрүнө мүчө мамлекеттердин экинчи бирине качып өткөн саясий диссиденттерди эл аралык гуманитардык эрежелерди, качкындар боюнча эл аралык мыйзамдарды бузуу жолу менен өткөрүп алышына мүмкүндүк берүүдө.

Андай фактылардын эң соңкусу катары баяндамада Казакстандын 2011-жылы Кытайга уйгур журналисти, Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча комиссариаты качкын макамын ыйгарган Аршидин Исраилини өткөрүп берүүсү көргөзүлгөн.

Ага чейинки фактылар катары Орусиянын 2005-жылы Тажикстанга Махмадрузи Искандаров ысымдуу оппозициячыл саясатчыны, Кыргызстандын Өзбекстанга Анжиян окуяларынан кийин келген беш качкынды, Казакстандын 2011-жылы өзбекстандык 29 качкынды мекенине өткөрүп бериши мисалга тартылат.

Кыргызстандан баяндаманы даярдоого адам укугун коргоочу Төлөйкан Исмаилова катышкан.

Ал “Азаттык” менен маегинде Шанхай Кызматташтык уюмунун көбүнесе Кытайдын таасири үстөмдүк кылып кеткен келишимдери эл аралык нормаларга ылайыкташтырылып, кайра каралуусу керектигине токтолду:

- ШКУнун эрежеси боюнча анын алкагында кабыл алынган келишимдер башкалардан өйдө турат. Андай болбош керек. Анткени ар суверендүү өлкөнүн өз Конституциясы, мыйзамдары бар. Андыктан бул келишимдер кайра каралып, эл аралык нормаларга, адам укугун сактаганга аракеттер жасалуусу керек.


ШКУнун кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп алуу механизми өзгөчө Кытайдын пайдасына ойнойт, Бээжин муну ал террорчу же жикчи деп санаган уйгур активисттерине каршы колдонот деген сындар буга чейин деле болгон.

Сынга жооп керек

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттык” менен маегинде ШКУ мүчөлөрү арасында сан жагынан авторитардык бийлик өкүм сүргөн өлкөлөр басымдуулук кыларын эске алганда, уюмдун дарегине айтылган сын жалпысынан негиздүү экендигине, бирок кылмышка шектүү делгендер өткөрүлүп берилген учурлар боюнча талаштуу жагдайлар чыгышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Орозбек Молдалиевдин көз карашында, эгер жаңы айтылган сынды негизсиз деп эсептесе, ШКУнун катчылыгы ага жооп кайтаруусу абзел:

- Эгер аргументтүү жооп кайтара алышса, жагдайды коомчулуктун, анын ичинде Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жарандары да түшүнүүсүнө жакшы болот эле. Көбүнесе алар унчугушпай коюшат.

Шанхай Кызматташтык уюмуна учурда Кыргызстан төрагалык кылат. Уюмдун катчылыгы Бээжинде жайгашкан.

ШКУнун катчылыгы Адам укуктары боюнча Эл аралык федерациянын баяндамасында айтылган сындарды азырынча комментарийлей элек.

Уюмга Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан мүчө жана байкоочу макамында турган өлкөлөр да бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG